Си Цзиньпин бийликте "түбөлүк" калам десе, Кытайда башаламандык орун алабы?
Кытайда төрага Си Цзиньпиндин бийликтеги мөөнөтүн узартуу тууралуу компартиянын сунушун сынга алгандар чыгууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Би-би-сиге берген интервьюсунда белгилүү кытайлык журналист Ли Датун көпчүлүк эксперттер муну фарс сыяктуу баалап жатканын айтты.
Мамлекеттик гезиттин мурдагы редактору мындай карама-каршы көз караштарын коомчулукка сейрек учурда гана айтып чыгат. Ал компартиянын сунушун кескин сынга алып, ачык кат менен кайрылган. Кытайдын төрагасы жана орун басарынын мөөнөтүн чектеген мыйзамды алып салуу - өлкөдө башаламандыктарга алып келиши мүмкүн деп эсептейт Датун.
Коомдук сайттардан "Си Цзиньпин мөөнөтү бүткөндөн кийин да бийликте калуу аракет кылып жатат" деп жазылган пикирлерди өчүрүп салышкан.
Пекинде жашаган Ли Датун Би-би-си кытай кызматына телефон аркылуу интервью берип жатып, бийликтен корко турган куракта эмес экенин айтты.
"Кытайдын жараны катары делегаттарга пикиримди жеткирүүнү милдетим деп билем. Алардын эмне кылары мага маанилүү эмес. Жарандардын баары эле мунун менен макул эмес, бирок баары үн катпай жатышат",-деди Ли Датун.
"Эки кадам алдыга, бир кадам артка деген тарыхта көп эле жолу болгон. Бирок азыркы чечим цивилизациянын агымына каршы жана мезгилдин сыноосуна туруштук бере албайт".

Сүрөттүн булагы, Li Datong
Ли компартиянын сунушуна ачык каршы чыккан жалгыз киши эмес. Белгилүү кытайлык ишкер айым Ван Ин демилгени "ачык эле саткындык" деп баалаган пикирин WeChat аркылуу билдирди.
Ли Датун деген ким?
Ли Датун - Кытайда таанымал жана урмат-сыйга арзыган журналист. Интервью берип жаткан учурда өзүн эркинмин деп айтты. Бирок көп жылдан бери телефону тыңшоодо экенин да жашырган жок.
Кытайдагы көптөгөн юристтер жана интеллигенция өкүлдөрү бул маселе боюнча пикир айтуудан жаа бою качып жатышат. Өзгөчө кандайдыр бир чет элдик медиага чыгып кетүүдөн өтө сактанышууда. Мына ушундай абалда Линин кадамын эр жүрөктүк деп бааласа да болот.
Анын компартияга жазган ачык катын көп өтпөй эле өчүрүп салышты. Бирок аны скриншот кылып таратуу уланууда.
Компартиянын сунушу
Кытайдагы башкаруучу компартия өлкөнүн Баш мыйзамындагы мамлекет башчынын мөөнөтүн чектеген эрежени алып салууну сунушу жекшембиде мамлекеттик медиа аркылуу айтылды.
Учурдагы мыйзам боюнча мамлекет башчысы беш жылдык мөөнөт менен эки ирет шайлана алат. Мыйзамга ылайык Си Цзиньпин 2023-жылы кызматын тапшырышы керек.
Компартиянын соңку сунушу марттын башындагы жыйында Эл өкүлдөр жыйынында каралышы мүмкүн. Бул органдын өкүлдөрү түз шайлоо менен келбейт. Ошондуктан бийликти куурчагы сыяктуу карагандар бар.
Бул сунуш эмне үчүн маанилүү
Төраганын мөөнөтүн он жылга чектөө боюнча мыйзам Конституцияга 1990-жылдары Дэн Сяопиндин учурунда киргизилген. Мунун менен ошол учурдагы Маонун керт башына сыйынуучулук саясатын жокко чыгарууга далалат кылышкан.
Төраганын мөөнөтүн он жылга чектөө боюнча мыйзам Конституцияга 1990-жылдары Дэн Сяопиндин учурунда киргизилген. Мунун менен ошол учурдагы Маонун керт башына сыйынуучулук саясатын жокко чыгарууга далалат кылышкан.
Си Цзиньпинге чейинки эки лидер бул эрежени бекем карманды. Бирок Си бийликке келгенден тарта эле өз эрежелери менен башкарууга даяр экенин көрсөтүп баштаган.
Партиянын өткөн жылдын октябрь айында өткөн соңку курултайында Си өзүнүн бийлигин мындан да катуу бекемдеген эле. Кытайдын Коммунисттик партиясы Си Цзиньпиндин макамын төрага Мао Цзэдундун деңгээлине көтөргөн. Курултайдын жабылышында партиянын лидерлери конституцияны өзгөртүп - "Си Цзинпиндин Кытай мүнөздүү жаңы доордогу социализм тууралуу ойлору" деген ураанды кошкон. Бул деген Си Цзиньпин менен талашып тартышуу партиянын уставы менен талашканга тете дегенди туюндурат.
Айрым талдоочулар өзгөртүү өлкөгө стабилдүүлүк үчүн керек болушу мүмкүн экенин айтууда.
Си Цзиньпиндин бийликке келиши менен өлкөдө экономикалык реформалар жүргүзүлүп, коррупцияга каршы катаал өнөктүк жүрдү. Бирок ал антикоррупциялык чоң өнөктүк жүргүзүп, өз жолунан саясий атаандаштарын алып салды деген дагы пикирлер бар. (AbA)








