Facebook ишенимдүү маалымат булактарын сурамжылоо аркылуу аныктайт

Офис Facebook

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Facebook колдонуучулар арасындагы сурамжылоо фейк жаңылыктар менен күрөшүүдө жардам берет деп эсептейт.

Facebook коомдук сайты колдонуучулары арасында сурамжылоо жүргүзүп, кандай маалымат каражаттары ишенимдүү экенин аныктамак болду.

Коомдук сайттар жалган, фейк маалыматтарды таратуучу катары сынга алынып келүүдө. Кеңири тараган интернет желесинде коомдук сайттар эч кандай чындыкка коошпогон маалыматтарды таратып жиберүүдө чоң роль ойноп жатканына сын-пикирлер көп айтылып жатат.

Келечегинде колдонуучулардын жаңылыктар тизмесинде ишенимдүү маалымат булактарынын кабарлары көбүрөөк чыгат деп айтылат Facebook Inc компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг тараткан билдирүүдө.

"Азыркы биз жашап жаткан доордо сенсация жана дезинформация, поляризация [көз караш] артынан түшүү күч алды", -деп жазды Цукерберг. Forbes журналынын белгилөөсүндө Марк Цукербергдин каржылык абалы 73 млрд доллардан жогору.

Кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу үчүн өткөрүлө турган Facebook сурамжылоосуна коомдук сайтта катталган колдонуучулар катышып, кайсыл маалымат булагына ишенерин айтып беришет.

Биринчи сурамжылоо кийинки аптанын 22-январында башталат.

Цукерберг тарабынан айтылган ишенимдүүлүк ченемин аныктоо ыкмасы идеалдан алыс. Айталы, көпчүлүк кишилер ишенген айрым ММКлар журналистикалык стандарттарды сактай бербейт деп жазды америкалык Slate интернет басылмасы.

Азыркы учурда Facebook тармагындагы билдирүүлөрдүн 5 пайызын жаңылыктар түзөт. Келечегинде бул үлүш 4 пайызга чейин кыскарат. Анткени колдонуучулардын баракчаларында алардын жакындарынан келген билдирүүлөр көбүрөөк көрүнүп турат. (AbA)