1917-жылдагы окуялар дүйнөлүк басылмаларда

Сүрөттүн булагы, La Nacion
- Author, Анастасия Успенская
- Role, Би-би-си
Дүйнөлүк медиа Орусияда болгон 1917-жылдын февраль айындагы жана андан кийинки окуяларга ар кандайча баа берген.
Кээ бир басылмалар окуяларды маанилүү деп эсептеп, баш сабына чыгарса, кээ бирлери «Эл аралык жаңылыктар» деген бөлүмгө кыска гана кабарларды жазуу менен чектелди.
Айрым басылмалар Февраль ыңкылабын Бириничи дүйнөлүк согушка байланыштырып карап, мындан ары эмне болорун болжоого аракет кылышты.
Басылмалардын ичинде падыша Николай II тактыдан куулганын 1917-жылдын күз айына чейин негизги дүйнөлүк маанилүү жаңылык катары карап келгендер болду. Кийин 1917-жылдын күз айында болгон окуялар Февраль окуяларын экинчи планга сүрүп салган.

Британдык Sphere 1917-жылдын 24-мартында өз окурмандарына февралдагы окуяларды ийне-жибине чейин айтып берген. Басылманын сүрөтчүсү Дуглас Макфирсон Петрограддын картасын тарткан. Бул басылмага эки макала жарыяланган, биринчиси "Петрограддагы революциянын төртүнчү күнү», экинчиси "Падыша Николай II тактан баш тартканы" деп аталган.

Сүрөттүн булагы, Illustrated London News Ltd./BRITISH LIBRARY BOARD
Sphere басылмасына ошол бойдон Орусия тууралуу маалыматтар апрелде, андан соң 7-июлда гана чыккан. Биз окурмандарды кабардар кылган Петрограддагы окуялардан бери үч ай өттү деп жазат басылма. «Бул мезгил аралыгында ыңкылаптын айрым жагдайлары бизге көбүрөөк ачык боло баштады».
Редакция өз окурмандарына жакында эле жарык көргөн Стинтон Жонс деп аталган автордун китебин окуу кеңешин берет. Ал өзүнүн бизнес өнөктөштөрү менен февралдагы окуялар курчуп турган учурда Петроградда болуп калып, "Орусия ыңкылап күндөрүндө" деген ат менен баяндамаларын китеп кылып чыгарган экен.
"Автор Орусияны абдан жакшы билет жана жубайы орус улутунан болгону биз ишенимдүү булакка таянып жатабыз дегенге негиз берет»,-деп жазган басылма.
Жонстун айтып бергендеринен улам чет элдик окурмандар болуп өткөн окуялардын чоо-жайы тууралуу мурда билбеген жагдайлар менен кабардар болот деп ишендирет басылма. Маселен, жакшы кийинген аристократтар көчөдө кеңири эле басып жүрүшкөн. Аларга эч ким тийишкен эмес. Ал эми жогорку наамдагы аскер кызматкерлерине кыйын болгон. Аларды көп учурда кайсыл жерден кезиктирес, ошол жерде атып кеткен учурлар көп болгон деп белгилейт басылма. Ушул эле июль айындагы санында басылма 6-20-марттагы окуялардын хронологиясына токтолот.

Сүрөттүн булагы, Illustrated London News Ltd./BRITISH LIBRARY BOARD
Петрограддагы алгачкы маалыматтар колумбиялык El Espectador басылмасына 1917-жылдын 17-мартында белгилүү болгон. «Орусиядагы ыңкылап» деген аталыш менен анчейин чоң эмес кабарлар чыккан.
Алардын биринде Орусияда «ырайымсыз ыңкылап" болгону тууралуу айтылып, өкмөт өкүлдөрү түрмөгө камалганы айтылат. Андан кийинки кабарларында окуяларды бир аз кеңири карап, негизинен Лондондон алынган маалыматтарга басым жасаган.

Сүрөттүн булагы, El Espectador
Ушул эле күнү чыккан санында дагы бир колумбиялык El Tiempo гезити учурда Европада эки Орусиянын тирешүүсү жүрүүдө деп жазган. Булардын бири жаңы - "Думадагы патриоттордун жетеги менен армия жана бүтүндөй элдин Орусиясы" болсо, экинчиси , "Дворяндардын жана бардык катмардагы ыңкылапчыл маанайдагылардын Орусиясы".

Сүрөттүн булагы, El Tiempo
Эртеси күнү ушул эле El Tiempo Петроградда жүргөн Е. Семенов (оригиналында - E. Semenoff) дегендин авторлугу астында "Орус революциясынын сабагы" деген макаланы жарыялайт.

Сүрөттүн булагы, El Tiempo
Мексикалык El Democrata гезити 1917-жылдын 16- мартында "Орус элинин падышасы бийликтен баш тартып, империядагы бийликти Дума колуна алды» деп жазган.

Сүрөттүн булагы, El Democrata
Аргентиналык La Nacion алыскы Европадагы окуялар тууралуу бир нече баш сөздөрдөн турган кабарларды жазган. "Европадагы согуш", "Падышалык империядагы улуу саясый ыңкылап", "Падыша, ханзаада жана улуу князь Михаил өз укуктарынан баш тратты», "Дума уюштурган кабинеттин биринчи кадамы".

Сүрөттүн булагы, La Nacion
Дагы бир аргентиналык La Razon гезити 17-марттагы санында Орусиядагы окуяларды талдоого алган макалага бүтүндөй бир бетин арнаган.
Авторлордун пикиринде, сүрөттөрү түшүрүлгөн каармандардын жана макалада аты аталган кишилердин Орусиядагы ыңкылапка салым болгон.
Эмнеге ошол 1917-жылы аргентиналык басылманын редактору Романовдор династиясындагы биринчи орус падышасын Михаил ( макалада - Мигель) деп эсептегенин азыр айтуу кыйын. Басылмада анын энеси дагы (сүрөттө) династиянын талкаланышына тиешеси бар деп белгиленген.

Сүрөттүн булагы, La Razon
New York Times 15-мартта Петрограддагы окуялар күчөй баштаган учурда, күтүүсүз жерден эле келип жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт деп болжойт.
Редакция Стокгольмдан алынган телеграммага шилтеме берген. Анда Петроградды эми эле таштап чыккан шведдик инженердин айткандары келтирилген. Фамилиясы Эдстрём деген инженер Орусиядагы окуялар тууралуу шведдик басылмалардагы айтылган кабарлар көбүртүп-жабыртылып жатканын айткан.
Эдстрём Орусияда темир жолдор кадимки тартибинде иштеп жатканын, массалык иш таштоолор жок экенин, жайкын тургундардын полиция менен кагылышкан учурларын көрбөгөнүн билдирген.

Сүрөттүн булагы, New York Times
Кийинки санында New York Times улуу князь Михаил тактыны алууга дале мүмкүнчүлүгү бар экенин жазат. Ошондой эле басылма Венада ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу кабардар кылат.
Америкадагы таасирдүү басылмадагы баш сөздөрдү карасак, Петрограддагы окуялар менен Биринчи дүйнөлүк согушту байланышта караганын байкоого болот.

Сүрөттүн булагы, NYT
Бирок 17-мартта New York Times гезитинде бардык жерде жымырап чыккан темалар сыяктуу эле маалыматтар чыккан: "Орусияда Романовдордун династиясныын күнү бүттү", "Конституциялык ассамблея чакырылат».
Жалпысынан АКШдагы басылмалар Орусиядагы окуяларга кооптонуу менен байкоо салып турушкан дейт Калифорния штатындагы университеттин профессору Крис Караджов.

Сүрөттүн булагы, NYT
Европага кайтып келели. Шотландиялык Scotsman жаңы Орусия мурдагысына караганда Германия үчүн коркунучтуу деген жоромолун жазат.
Басылма негизинен германиялык ММКларга шилтеме берет. Германиялык Rheinisch Westfalische Zeitung Орусиядагы бийликтин алмашуусун эки өлкө ортосундагы "бычактар менен согуштун" башталышы катары мүнөздөп жазат.
Ушул эле жылы 1- сентябрда британдык Graphic өз кабарчысы Жон Владимирофф тарткан сүрөттөрдү жарыялаган. Автор Петрограддагы тирешүүнүн атмосфераны, армиядагы кырдаалды жана башка шаарлардагы маанайды берүүгө аракет кылган. (AbA)

Сүрөттүн булагы, Illustrated London News Ltd./BRITISH LIBRARY BOARD









