Блог: Мамлекеттик тилге - маанилүү камкордук

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Байболот Абытов,
- Role, тарых илимдеринин доктору, профессор
Мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгилеринин бири анын тили. Мамлекеттик тил ар бир бул улуттун, мамлекеттин иденттүүлүгүн аныктоочу фактор экендиги талашсыз. Дал ошол мамлекеттик тил күнүн утурлай, ага болгон камкордук тууралуу кеп козгоону туура таптык.
Анткенибиз биздин мамлекеттик тилибиз өзүнө тиешелүү, мүнөздүү баардык милдеттерди - мамлекетте расмий иш кагаздарын жүргүзүүчү, билим берүүчү окуу жайларда окутууну өз тилибизде алып баруучу, укуктук ченемдерди жана мыйзамдарды жаратуучу, сот иштерин алып баруучу, ич ара колдонуучу жана тышкы саясий, соода-экономикалык мамилелерге байланышкан расмий иш аракеттерди алып баруучу, административдик жана саясий, дипломатиялык вазыйпаларын аткаруучу расмий тил катары өз вазыйпасын аткарып келе жатат. 31 жыл ичинде мамлекеттик тил тууралуу мыйзам бир нече жолу өзгөртүлүп, толукталып бир катар редакцияланганы да белгилүү. Ошондуктан биз мамлекеттик тилге өз мамлекетибиздин камкордугу тууралуу кененирээк баяндоону туура таптык.
Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн жана көз карандысыздыгынын башатында зор тарыхый-саясий окуя катары 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган "Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды" айтууга болот. Анткенибиз баардык эле элдердин мамлекеттүүлүгүнүн эң башкы белгилеринин бири анын тили, маданияты, көөнөрбөс тарыхы экени талашсыз факт. Мамлекеттик тил ар бир бул улуттун, анын мамлекетинин иденттүүлүгүн аныктоочу фактор. Дал ошол мамлекеттик тил коомдук жана мамлекеттик турмуштун баардык катамарында адамдар ортосундагы мамилелердин каражаты. Укуктук таризде караганда мамлекеттик тил мамлекеттин аймагындагы саясий, административдик, дипломатиялык, социалдык-экономикалык, маданий турмуштун баардык багытында милдетүү түрдө колдонулуучу тил. Ошондуктан ошол кездеги саясий, тарыхый жана укуктук кырдаалда кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары кайрадан расмий макамга ээ болушу чоң ийгилик болгон. Бул - кыргыз элинин зор жеңиши болгон десек жаңылыштык болбойт. Себеби, Кеңеш доорунда баары борборду - Москваны карап, саясий, идеологиялык жактан көз каранды болуп, өз тилинде сүйлөөдөн айбыгып, керек болсо орусча ойлонуп кылчактаган заман болгон. Улуттук тил тууралуу маселе көтөргөндөрдү дароо улутчул деп жарыялап, саясий кине коюшкан. Ушундан улам баардык иш аракеттер, саясий документтер, ички мыйзамдар борборлоштурулуп, жогору жактын макулдугу менен негизинен алгач орусча анан кыргызча котормосу чыкчу. Алгачкы демократиялык эркиндиктин айдыңында, улуттук аң сезимдин ойгонуусунун натыйжасындагы ири тарыхый, саясий окуя катары кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болуусун айтууга болот. Дал ошол 1989-жылдан баштап кыргыз тили мамлекеттик тилге мүнөздүү баардык базалык - тарбиялоо, окутуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, билим берүү, саясий, идеологиялык милдеттерин аткарып келе жатат.
Бирок бир маселе, ошол мамлекеттик тилдин саясий, укуктук негизин түзүү, тиешелүү мыйзам актыларын камсыздоо. Экинчи бир маселе ошол мамлекеттик тил мыйзамынын кынтыксыз аткарылышы, көйгөйлүү маселелердин баары ушул жерде жатат.
Аталган мыйзамга толук 31 жыл толду. Ошол жылы төрөлгөндөр 31 жашка чыгып, алды бул турмуштан ордун таап, инсан катары калыптанып калган кези. Ошол 31 жашка ал адам ата-эненин, мамлекеттин, коомдун ар тараптуу камкордугунун натыйжасында жетишээри да талашсыз көрүнүш.
Ошол 31 жылдык баскан жолунда, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын абалы кантти, мамлекеттик тилибиздин абалы өзгөрдүбү, мамлекеттик тилге расмий бийликтер, мамлекетибиз тарабынан кандай камкордук көрсүтүлдү, канчалык деңгээлде мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар так, анык аткарылууда ж.б. маселелер бар. Эмне үчүн дагы эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси абдан курч бойдон калууда. Эгемендик жылдары мамлекеттик тилди колдоо боюнча жигердүү күч-аракеттер жумшалганына карабастан, азыркы мезгилде кыргыз тилин колдонуунун чөйрөсүн кеңейтүүдө, биринчи кезекте мамлекеттик башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү жана кесиптик коммуникация чөйрөсүндө дагы эле кескин өзгөрүүлөрдүн болгондугу байкалбай жатканы да талашсыз.
Мен жогорудагы көйгөйлөрдүн алкагында негизги эки маселеге токтолгум келип турат. 31 жылда кээ бир биздин мекендештер мамлекет тарабынан мамлекеттик тилге болгон камкордук жетишсиз болуп жатат деген ойлорду, пикирлерди айтып жатышат. Мен айтаар элем Кыргыз Республикасы мурдагы СССРдин союздук республикаларынын ичинен мамлекеттик тилге абдан дыкат көңүл буруп, расмий түрдө кам көрүп, айрыкча анын укуктук-нормативдик негизин түзүүгө зор аракеттерди жасаган республика экенин баамдадык. Дал ошол 30 жыл ичинде, биздин баамда, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам, анын укуктук негиздери бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болду. Аталган мыйзам кабыл алын¬гандан баштап бир нече жолу өзгөрүүлөргө, толуктоолорго дуушар болду. Деги эле мамлекеттик тил жаатында, аны ар тараптан колдогон бир катар расмий мыйзамдар, мыйзамдык актылар кабыл алынган. Алар [1]:
- Закон "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө". 1989-жыл 23-сентябрь, № 2219-XI (оригиналда ушул аталышта берилген - авт.)
- "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз ССРинин Законун ишке киргизүү тартиби тууралу" Кыргыз ССР Жогорку Советинин токтому. 1989-жыл 23-сентябрь, №2220- X
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" Жарлыгы. 1998-жыл 20-январь, № 21.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия түзүлгөн. 1998-жыл.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору катары кайра түзүү тууралуу" Жарлыгы. 1999-жыл 12-февраль, № 42.
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин "2000-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы тууралуу" Жарлыгы. 2000-жыл 20-сентябрь, № 268.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы. Кыргыз Республикасынын мам¬лекеттик тили жөнүндө. 2004-жыл 2-апрель, №54.
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын чечими менен "Кыргыз тили" төш белгиси негизделген. 2006-жыл 10-март.
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому. 2009-жыл 25-декабрь, №»1592-1 V
- Президенттин "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө жобо" тууралуу Жарлыгы. 2010-жыл 21-декабрь, № 365.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгы. 2010-жыл 21-декабрь, № 365.
- "Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому. 2011-жыл 30-июнь, №908- V.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы. 2-13-жыл 21-январь, УП №11.
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамле¬кет¬тик тилге өткөрүү чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому. 2013-жыл 5-март, №114.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы. 2013-жыл 1-июль, № 155.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикаынын мамлекеттик тил тууралуу мыйзамынын 25 жылдыгы жөнүндө" токтому. 2014-жыл 13-август.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлык. 2014-жыл 4-июнь, №119.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты. 2013-жыл 3-октябрь, №3473-V токтому.
- Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы. 2014-жыл.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу. 2015-жыл 23-июнь, №135.
Булардан башка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил тууралуу мыйзамы бир нече жолу редакцияланган. Мисалы, 2009-жыл¬дын 8-декабрында, № 307; 2010-жылдын 19-январында №8, 2011-жылдын 6-октябрында, № 165; 2013-жылдын 25-февралындагы №33.
Экинчи бир маселе, дал ошол мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, анын мыйзамдарын так, кынтыксыз аткарууга жооптуу болгон мекеме Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчилиги жана анын ишмердүүлүгү.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюшулгандан бери ар түрдүү аталышка которулуп, жоюлуп же калыбына келтирилген. Мисалы, 1998-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия деп аталган, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия (2004-жыл 4-май № 335); 2009-жылы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаменти" деп өзгөртүлүп түзүлгөн (2009-жыл 19-январь, № 715); 2010-жылы Президенттин атайын Жарлыгына ылайык "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия" деп түзүлгөн (2010-жыл 21-декабрь, № 365).
Мамлекеттик тилдин жетекчилик вазыйпасын башынан баштап эле аны мамлекеттик тил боюнча атайын адистер эмес, көп убакта саясий кызмат катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчылары жетектеп келишкен. Мамлекеттик тил макамын алган кыргыз тилинин өнүгүүсү үчүн эң маанилүү болгон алгачкы 17 жылда Мамлекетик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчилери ошол кездердеги мамлекеттик катчылар болушкан. 30 жыл аралыгында аталган мекемени жетектегендер: [2]
- Абдразаков Ишенбай Абдразакович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы - 1998-ж.;
- Касиев Накен Касиевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы - 1999 - 2000-жж.;
- Акматов Казат - Кыргыз Республикасынын Президентине карашуу орун басары, Мамлекеттик тил фондунун директору - 1999-2003-жж.;
- Ибраимов Осмонакун Ибраимович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы - 2001-2005-жж.;
- Сарыгулов Дастан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы - 2005-2006-жж.;
- Мадумаров Адахам Кимсанбаевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданиятты жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы - 2006-2007-жж.;
- Жумагулов Ташбоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментинин башчысы - 2007-2010-жж.;
- Ибраимов Азимжан - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы - 2010-2011-жж.;
- Момбеков Рыскелди - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы - 2011 - 2012-жж.;
- Эрматов Эгемберди - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы - 2013-16-жыл.
- Ишекеев Назаркул - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы - 2017-жылдын 5-январынан - азыркы убакка чейин.
Албетте, алардын ар бири аз болсо да өз салымдарын кошууга аракет кылышканы талашсыз, бирок ал аракеттери кыргыз тилинин беделин көтөрүп, чыныгы мамлекеттик тилег айландыра алышпаганы да талашсыз чындык.
Жогорудагылардын баары кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк жана көз карандысыздык жылдары улуттук, мамлекеттик тилге болгон камкордугун далилдейт. Бирок бир маселе, мамлекеттик тилдин укуктук негиздерин камсыз кылуу, экинчи маселе алардын күндөлүк турмушта так, кынтыксыз аткарылышы. Кептин баары так ушул экинчи маселеде болуп жатат.
Дагы бир маселе, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил тууралуу алгачкы мыйзам менен акыркы оңдолуп, түзөлгөн мыйзамын салыштырып көрсөк, аталган мыйзамдын алгачкы нускасынан бери кыйла өзгөрүү болгонун баамдоого болот.
Дагы бир жолу баса белгилей кетчү жагдай, жогорудагылардын баары Кыргыз Республикасынын расмий бийликтеринин мамлекеттик тилге болгон мамлекеттик камкордугун чагылдырат. Мамлекет тарабынан улуттук тилибиздин өсүп-өнүгүүсү үчүн баардык камкордуктар көрүлүп, айрыкча анын укуктук, социалдык негиздери бекемделип, ар тараптуу шарттар түзүлүүдө. Эми мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары, муниципалдык мекеме-ишканалар, укук коргоо органдары, билим берүү жааты алардын милдеттүү түрдө толугу менен ишке ашырылышын, мыйзамдык, укуктук талаптардын кынтыксыз аткарылышын камсыз кылуусу калды. Бул экинчи бир татаал маселе бойдон калууда.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.














