Текебаевдин ишин кайра кароо чакырыктары

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февралда кармалган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февралда кармалган

Чуулгандуу соттук иштердин кайра карала баштаганы тууралуу маалымат жок. Ал боюнча айтууга азыр эрте дейт Башкы прокуратура. Ал тапта айрым басылмалар менен коомдук сайттар ким качан бошотуларын болжолдоп жатышат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кызматына бекитилип жатканда чуулгандуу сот иштери кайра каралып чыгарын айткан.

Башкы прокуратура бул жараян башталып башталбаганы тууралуу маалымат берүүгө эрте деди.

Бирок камактагы саясатчылардын алды жакынкы күндөрү бошотулат деген кептердин чети саясатчылар менен айрым басылмалардан чыгууда.

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова ишти кайра кароого жаңы жагдайлар жетиштүү дейт. Ал иш кайра териштирилгенге көп убакыт кетпей турганын айтууда:

“Тартибин түшүндүрө турган болсом, ачылган жаңы жагайдаларга ылайык ишти кайра карап чыгуу арызы менен Башкы прокуратурага кайрылыш керек. Ал жагдайларды негиздүү деп тапса Жогорку Сотко жөнөтөт. Жогорку Сот да анын көрсөтмөсүндөгү жагдайларды туура деп эсептесе мурда чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, иш башынан каралсын дейт. Бул өтө көп убакытты деле албайт, анткени пайда болгон жагдайлар боюнча негизги маселелер гана териштирилет”.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго 2017-жылы августта сот өкүмү чыккан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго 2017-жылы августта сот өкүмү чыккан

Эгер Текебаевдин иши кайра каралса, Дүйшөнкул Чотоновдун иши аны менен бирдей териштирилет.

Парламент өкүлдөрү соттолгон саясатчылардын соттук иштери боюнча комиссия түзүү сунушу менен чыкты.

Бир айча мурун саясатчылар, коомдук ишмерлер Текебаевдин саламаттыгы боюнча президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана башка тийиштүү тараптарга кайрылуу жолдошкон.

Анын ишин кайра караш керек дегендердин башында саясатчы Феликс Кулов, Темир Сариев, бир катар депутаттар жана башка коомдук ишмерлер бар.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев башкы прокурорду бекитүү учурунда фракция Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо маселесин койгонбуз деди.

“Азыр тийиштүү материалдар чогултулуп жатат, анткени иш кайра каралыш үчүн жаңы жагдайлар пайда болуш керек. Андан сырткары акыркы жолу Текебаев ооруканага көрүнгөндө коронарография өтүш үчүн анализ тапшырыш керек жана атайын дарыланыш керек деп дарыгерлер жазып берген. Бирок муну Жаза аткаруу кызматы ишке ашырбай жатат”, - деди Иманалиев Би-Би-Сиге.

Иманалиев ошондой эле БУУнун алдында адам укуктары боюнча комиссияга кайрылуу жөнөтүлгөнүн, бирок бул узакка созулчу процесс экенин кошумчалады.

Камактагы саясатчыларда коргоо боюнча өзүнчө комитет да түзүлгөн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камактагы саясатчыларда коргоо боюнча өзүнчө комитет да түзүлгөн

Текебаевдин иши жаңы жагдайдын негизинде кайра каралышына караманча каршы чыгып жаткандар да бар. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаттары Зарылбек Рысалиев менен Анвар Артыков алардын катарында.

Артыков саясатчыларга иш козголсо эле репрессия деп эсептелбейт, укуктук органдарга басым жасалбаш керек дейт. Ал ошондой эле Текебаевдин соттолушунда да саясат жок деп айтып келатат.

Юридика илимдеринин доктору, коомдук ишмер Бекбосун Бөрүбашев соттук иштердин баары укуктук маселе, демек, ага саясаттан тышкары мамиле жасалыш керек деген оюн билдирди:

“Тергөөнү укук коргоо органдары жүргүздү, сотту сот системасы териштирди, анан кантип биз бул укук маселе эмес деп айтабыз? Эгер иштин жаңы жагдайлары чыгып калса, жалгыз Текебаев эмес Кыргызстанда камалган болжолдуу он миң кишинин иши да кайра каралыш керек. Тилекке каршы бизде соттук ката кетирүү деген бар. Ошол нерсе чыкса, анда кайра карала берсин”.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов “кызматынан кыянат пайдалануу” жана “коррупция” беренелери боюнча айыпталып өткөн жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган. Алар “Мегаком” компаниясына байланыштуу орус жаранынан бир млн. доллар пара алды деп айыпталган.

Текебаев 47-түзөтүү мекемесинде, Чотонов 27-абакта жазасын өтөп жатат. Алар өздөрүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалашат.