Кара-Сууда соода жанданды, эми келечеги кандай болот?

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрүү бекетинен күн сайын 10 миңден ашуун киши өтүүдө деп билдирди өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү. Соңку айда "Достуктан" ары-бери өткөндөр жана жүк ташыгандар саны кескин көбөйүп, тыгындар жаралууда.

"Достук" өткөрмө бекетиндеги бир тараптуу киргизилген чектөөлөр алынды.

Кыргыз өкмөтү чек ара бекетин кеңейтүү максатында айланасындагы жеке менчик турак-үйлөрдү сатып алууга каражат бөлдү. Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов Би-Би-Сиге берген маегинде өкмөт тарабынан 35 турак-жай сатып алынарын айтты. Алардын 33ү акчаларын алып, үйлөрүн бузуп жатышат деп билдирди.

Өткөн жылдын сентябрь айында беш жыл бою бир тараптуу жабык турган кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрүү бекети ачылган. Кыска убакыттын ичинде эле чек ара бекетинен өткөндөр саны кескин көбөйгөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары байма-бай жазып жатышат. Бул жагдай чөлкөмдөгү соода-сатыкка таасирин тийгизе алдыбы?

Бул суроо менен Ош мамлекеттик университетинин окумуштуусу, экономка тармагы боюнча адис Эрлан Камаловго кайрылдык.

Эрлан Камалов: Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы мамилелердин активдешип, жаңы баскычка өтүшү - соода жүгүртүүнүн көлөмүн өстүрдү. Азыр эки эсеге өстү деп маалымат берип жатышат. 2016-жылы 150 млн доллардын тегерегинде соода жүгүртүү болгон болсо, 2017-жылы 300 млн ашуун долларды түзгөн. Ал эми өкмөт быйылкы жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 500 млн долларга жетет деп болжоодо.

Би-Би-Си: Кыргыз-өзбек чек арасы бир тараптуу жабылып калгандан кийин Борбор Азиядагы эң ири дүң соода базары - Кара-Сууда сооданын көлөмү 70-80 пайызга чейин түшүп кеткени айтылган. Азыр эми соода жүгүртүү жанданды деп бир катар сандарды келтирип жатабыз. Иш жүзүндө ушул эле Кара-Сууну алалы, соода-саттык жанданганы байкалдыбы?

Кара-Сууда турмуш-тиричилик товарлары, кийим-кече рыногу бир кыйла жанданып калган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кара-Сууда турмуш-тиричилик товарлары, кийим-кече рыногу бир кыйла жанданып калган.

Эрлан Камалов: Ырас, кечээги дем алыш күнү Кара-Суу базарында болдум. Менин байкоомдо соода жанданыптыр. Киши абдан көп, авто унаа койгонго жай жетишпей калыптыр. Мурда Өзбекстан 10 долларга чейинки товарларды гана чек арадан атайын бажы төлөмү жок алып кирүүгө уруксат берсе, азыр жарандар миң долларга чейин товар алып кирүүгө мүмкүнчүлүк алыптыр. Өзбекстандын жакынкы аймактары Анжиян, Наманган, Ферганадан келгендер көп экен. Кара-Сууда турмуш-тиричилик товарлары, кийим-кече рыногу бир кыйла жанданып калган.

Би-Би-Си: Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин реэкспорттун жагдайы солкулдай түштү. Кыргызстан өзү өндүргөн эмне товарларды Өзбекстанга өткөрө алат?

Эрлан Камалов: Кыргызстан көмүрдү, цементти, Оштон чыгып жаткан баалуу сары ташты, балды, эт-сүт азыктарын, минералдык сууларды, картошка, сабиз сыяктуу азыктарды экспорттоп жатат. Өзбекстандан айыл-чарба азыктары, жер семирткичтер, пахтадан жасалган кездемелер, мөмө-жемиштер кирүүдө. Биздин ЕЭАБге киргенибиз жана ВСП+ макамына ээ болгонубуз дагы маанилүү. Өзбекстан Кыргызстандын аймагында биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча өкмөт менен келишимдерге кол койду. Мунун кандай өнүгөрүн келечек көрсөтөт.

Ош мамлекеттик университетинин окумуштуусу, экономка тармагы боюнча адис Эрлан Камалов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош мамлекеттик университетинин окумуштуусу, экономка тармагы боюнча адис Эрлан Камалов.

Би-Би-Си: Жогоруда бажы төлөмү боюнча айтып өттүңүз. Кыргызстан ЕЭАБге киргенден кийин сырткы сооданы жалгыз чечпейт эмеспи. Ушундай шартта кыргыз-өзбек соода мамилесинин келечеги кандай өнүгүшү мүмкүн?

Эрлан Камалов: Мурда даяр продукция экспорттолуп келе турган болсо, азыр чийки түрүндө ташууга багытталат. Биргелешкен ишканалардын түзүлүшү мына ушундан кабар берет. Кандай интеграция болбосун, зыянына караганда пайдасы көп болот. Биздин өлкө бир гана ЕЭАБге багытталбай, көп тараптуу багытта иштесе экономикалык пайдасы көп болот. Өзбекстандын рыногу дагы чоң рынок. Биздин ишкерлерге, кызмат көрсөткөн ишканаларга жаңы мүмкүнчүлүк берип жатат. Ошол эле учурда атаандаштык күрөш жаралып, биздин ишкерлерди чыйралтат. Андан сырткары транспорттук багыттар жанданганы жатат. Айталы, темир жол каттамын жандантуу аракети жүрүүдө. Учурда Ошко келген жүктөр авто унаа жолу менен ташылат. Өзбекстан темир жол менен транзиттик каттамга 30 пайыз жеңилдик бермек болууда. Ишке ашып кетсе, бул дагы чоң мүмкүнчүлүк. Мына, 27-февралда окуу жайлар аралык кызматташуу менен Анжиянда болуп келдик. Байкаганым, өзбекстандык тургундар Кыргызстандан келген көп продукцияларды сапаты жогору деп баалашат экен. (AbA)