Чек арадагы «Достук» өткөрмө бекетиндеги чектөөлөр алынды

- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арадагы "Достук" өткөрмө бекетиндеги бир тараптуу киргизилген чектөөлөр алынды.
Бул иш чара эки тараптын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң салтанат менен өтүп, өткөрмө бекетке эки тараптан тең жүздөгөн кишилер жыйылып келди.

Чогулган элге кайрылып сүйлөгөн сөзүндө Ѳзбекстандын Анжиян облусунун жетекчиси Шухрат Абдрахманов, көп жылдардан бери биринчи ирет Бишкекке учуп барып, андан Ошко келгенин айтып, тургундар үчүн дагы карым-катнаш мындан ары жакшырат деп айтты. Буга чейинки талаптар, айталы телеграмма аркылуу гана кириш-чыгыш кылган талап алынат деди Абдурахманов.
Бул сөздү чогулуп тургандар узакка созулган кол чабуулар менен коштоп, бул маселенин канчалык оор болуп келгенин ачыктагандай болду окшойт.

2012-жылы Ала-Бука аймагында болгон чек арадагы жаңжалдан кийин Ѳзбекстан «Достук» өткөрмө бекетин бир тараптуу жаап салган эле.
2004-жылкы өкмөттөр аралык келишим боюнча өзбек-кыргыз чекарасында он беш өткөрмө бекетти көрсөтүлгөн. Алардын сегизи эл аралык, бешөө эки тараптуу жана экөө жеңилдетилген өткөрмө бекеттер. Кийин сегиз өткөрмө бекет гана иштеп калды. Жетөө эл аралык, бирөө эки тараптуу.

Калгандары 2010-жылдан кийин Өзбекстан тарабынан жабылып калган. Карым-катнаш кылгандар Ѳзбекстандагы туугандарынын же чакырган тараптын атайын телеграммасы аркылуу гана кирип калышканын айтып келишкен эле.

Мурдатан алака кылып, карым-катнаш, туугандык байланышы бар чөлкөм үчүн чек аранын жабылганы чоң түйшүк жаратты. Бир жагынан экономикалык дагы жоготуулар болду. Маселен, Борбор Азиядагы эң чоң базар Кара-Сууда соода сатык 80 пайызга чейин төмөндөгөну айтылган эле. Чек аранын ачылганы соода жанданат деген үмүттү жаратты.

2013-жылы январь башында Сохтун жанынындагы Кыргызстандын Чарбак айылында болгон окуядан кийин Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына карым-катнашты мурдагыдай Сох-Риштан жолу аркылуу эмес, Кадамжай шаарчасы аркылуу айланып өтүп, Өзбекстандын Вадил аймагынан гана Өзбекстанга кирүүгө уруксат берген эле.
Өзбекстан болсо, Кыргызстандын Барак экславына бара турган Ак-Таш өтмөгүн жаап койгон. Кийин "Кызыл-Кыя" чек ара өтмөгү аркылуу карым-катнашка уруксат берип, ага караганда алда-канча жакын «Достук» өткөрмө бекети менен өткөнгө уруксат бербей койгон.

Мурдагы кирип-чыгып жүргөн өтмөк аркылуу айыл өкмөт борборуна сегиз чакырым жол жүрүшсө, бул жол менен бир тарабы 300 чакырым, барыш-келиши 600 чакырымдай айланып өтүп калышкан. Бул болсо эксклавдан ондогон тургундарды көчүп чыгууга аргасыз кылган эле. Эми «Достук» өткөрмө бекетинин ачылганын эки тарап таң шаң-салтанат менен жар салды.










