Шавкат Мирзиёев: чек ара достуктун чек арасы болушун каалайм

Шавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаев

Сүрөттүн булагы, official

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары учурунда эки өлкөнүн чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлду.

Келишимде эки өлкө ортосундагы 1378 чакырым чек ара сызыгынын 1170 чакырымы бекитилген. Расмийлер чек аранын дээрлик 85 пайызы чечилди деп билдирүүдө. Буга чейин чек аранын 320 чакырым талаштуу деп саналып келген.

"Биздин чек араларыбыз эл эркин катташкыдай максималдуу ачык болушу керек. Чек араларыбыз араздашуунун чек арасы болбостон, жакшы коңшулаштыктын, достуктун дарбазасына айланууга тийиш", -деди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев.

"Шавкат Мирзиёев иштегенине бир жылга жетпеген мезгилде Өзбекстандын экономикасында жана саясатта радикалдуу өзгөрүүлөр, прогрессивдүү реформалар болду. Шавкат Мирзиёев бардык коңшулаш мамлекеттер менен мамилени жакшыртты. Мындай ыргак менен Борбордук Азиянын географиялык борбору болуп саналган Өзбекстан соода, экономикалык, саясый борборуна айланаарын көрүп турам", -деди президент Алмазбек Атамбаев. -Бүгүн мен биздин ортобузда чечилбей турган эч бир маселе жок экендигине дагы бир ирет ынандым. Каалоо болсо, Өзбекстанда дагы, Кыргызстанда дагы көп жыл күткөн Шавкат Миромонович сыяктуу прогрессивдүү лидер болсо, бардыгы чечилет экен."

Соңку он жылдан ашуун убакыттан бери, бири-бирине сыртын салып, айрыкча чек ара маселесинде орток пикир таба албай келеген коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы мамиленин жанданганы чөлкөмдүн экономикасына дагы оң таасирин берет деген үмүт жаралууда. Ѳзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул күндү тарыхый деп мүнөздөдү.

"Алмазбек Шаршенович экөөбүз бул күндү мүмкүн болушунча жакындаттык,- деди ал. - Биз Самарканда жолукканда ортобузда абдан ачык жана адил сөз болду. Биз ага чейин да жолукканбыз жана бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз. Премьер-министр болуп иштеп турганда да биз көп сүйлөшчүбүз, бирок, ал кезде көп маселелердин чечилиши бизге байланыштуу эмес эле. Биздин колубуздан көп нерсе келип турган бүгүнкү күнгө бизди кудай жеткирди".

«Алмазбек Шаршенович жолугушуу учурунда тийиштүү ведомстволорго экөөбүздүн Ташкенттеги жолугушуубузга чейин чек аранын калган бөлүгүн баяндап жазууну тапшырды. Чынында аз эле калды, биз бир жылдын ичинде чек аранын 80 пайыздан көбүн баяндап жазып бүтүп койдук. Аракет кылсак, калганын да бүтөбүз деп ойлойм. Айрым кууш, аяр маселелер боюнча адегенде Алмазбек Шаршенович экөөбүз талкуулап, бир бүтүмгө келдик. 20 жылдан бери чечилбей келаткан маселелерди биз чечебиз. Биздин элдерибиз үчүн бул маселени чечишибиз керек. Биздин мамилелерге биз өтө чоң маани беребиз жана келечекти чоң ишеним менен баалайбыз».

Ѳз сөзүндө Шавкат Мирзиёев «эгерде ортобузда достук болбосо, бизге да, силерге да эч убакта жакшы болбойт. Биз бүгүн айтып жаткандар - бул коопсуздук маселеси. Мен бул чек ара достуктун чек арасы болушун каалайм» деп белгилеген.

Эки өлкө ортосундагы бир тараптуу жабылып калган өткөрмө бекеттер боюнча, суу пайдалануу маселесинде да президенттер орток пикириге келе алышканы айтылды.

Ѳзбекстандын президенти журналисттер алдында сүйлөгөн сөзүндө Анжиян-Ош-Кашкар автожолунун курулушу боюнча да, ошондой эле Кыргызстандагы гидроэлектрстанциялардын курулушу боюнча да олуттуу макулдашууларга жетишилгенин айтып өттү.

"Биз бул иштерге, анын ичинде финансылык жактан да, эң активдүү катышууга даярбыз. Биз баарын ар тараптан салмактап, эки тарапка тең пайдалуу болгондой кылышыбыз керек. Ал эми Камбар-Атаны куруу бизге керек, бул станция керек», - деди Шавкат Мирзиёев.

Чек аранын калган 209 чакырымын тактоо иштеринде да биргелешкен аракеттер уланаарына тараптар бекем ишеничтерин билдирүүдө. Серепчилер эки өлкө чек арасындагы көп жылдар боюу тараптар бир пикир таба албай келген негизги тилкелер боюнча орток пикир табылса, чек ара маселеси чечилмек деп баалашууда. Айталы, Өзбекстандын Сох анклавынын тегереги, Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы талаштуу тилкелер, Ала-Бука аймагында тактала элек тилкелер боюнча эки тарап тең катуу позицияда туруп келгени бар. Расмийлердин айтымында талаштуу делген 36 участок боюнча алдыда тактоо иштери жанаданат.

Кабыл алынган эки тараптуу документтер

Сүрөттүн булагы, official

Кабыл алынган эки тараптуу документтер

  • Кыргызстан менен Өзбекстан ртосундагы мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өзбекстан
  • Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык жана салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлчүлүктөрүнүн ишмердиги жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенцияны ратификациялоо жөнүндө грамоталар менен алмашуу тууралуу Протокол;
  • Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Мэриясы жана Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарынын Хокимияты ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр-жай палатасынын жана Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр-жай палатасы ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жана Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык жана региондор аралык изилдөөлөр институту ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Макулдашуу;
  • Бишкек шаарынын Мэриясы жана Ташкент шаарынын Хокимияты ортосундагы Макулдашуу;
  • 2017-2019-жылдары чек ара боюндагы региондор ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн Биргелешкен иш-чаралар планы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы региондор аралык кызматташтык жөнүндө Макулдашуу. (AbA)