Өзбекстандын президенти иш сапары менен Бишкекке келди

Сүрөттүн булагы, official
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келди. Аны Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунан президент Алмазбек Атамбаев тосуп алды.
Мирзиёевдин иш сапары учурунда эки өлкөнүн чек арасы боюнча өткөөл келишим түзүлөөрү кабарланган эле. Ошондой эле кызматташтык боюнча бир катар келишимдерге кол коюлат деп күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, official
Жергиликтүү басылмалар коңшулаш өлкөнүн мамлекет башчысы акыркы жолу Кыргызстанга мындан 17 жыл мурун келгенин эске салып, начарлап кеткен мамилелердин жандана баштаганына көңүл бурушууда.
Алмазбек Атамбаев жолугушуунун башында сапарды кыргыз-өзбек эли 25 жылдан бери күтүп жүргөнүн айтса, өзбек президенти тарыхый деп мүнөздөдү.
"Сырткы саясатыбызда биз эртең тарых алдында жооп бере тургандай аракеттерди кылабыз. Биз чек араларыбыздын достук чек арасына айлантуубуз керек",-деди өзбек президенти.
Шавкат Мирзиёевдин сапарынын алдында Бишкекке Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов расмий иш сапары менен келип кеткен эле. Өзбек премьеринин Бишкекке сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырымын бекитүү боюнча өткөөл келишим кабыл алынган. Кыргыз расмийлери чек аранын дээрлик 85 пайызы чечилди деп билдирген эле. Кыргызстан менен Өзбекстан 1378 чакырым чектешет. Буга чейин чек аранын 320 чакырым талаштуу деп саналып келген. Эми президенттер ушул өткөөл келишимге кол койот.

Сүрөттүн булагы, official
Эки өлкө ортосундагы бир тараптуу жабылып калган өткөрмө бекеттер боюнча, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга өтүп кеткен темир жолдун курулушу боюнча дагы тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, маселени чечүү жолдору каралат деп күтүлүп жатат.
Серепчилер эки өлкө чек арасындагы көп жылдар боюу тараптар бир пикир таба албай келген негизги тилкелер боюнча орток пикир табылса, чек ара маселеси чечилмек деп баалашууда. Айталы, Өзбекстандын Сох анклавынын тегереги, Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы талаштуу тилкелер, Ала-Бука аймагында тактала элек тилкелер боюнча.
Кыргыз өкмөтү чек аранын калган 209 чакырымын тактоо иштеринде да биргелешкен аракеттер уланаарына ишеним артууда.
Мурда коңшуларына сыртын салып, чек ара маселелеринде катаал позицияны карманып келген Өзбекстандын саясаты Шавкат Мирзиёевдин бийликке келиши менен жумшаргансыды. Кыргызстан сыяктуу эле чек ара жана суу маселесинде орток пикир таба албай келген Тажикстан менен дагы өзбек бийлиги кошуналык мамилесин жакшыртууга умутулуп жатат.(AbA)












