Порнографияга байланган жаш кыздар

Abstract image composition - woman falling, computer screens, purple and bright pink background

Сүрөттүн булагы, BBC/ISTOCK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Порнография аялдарга кандай таасир этип жатканы тууралуу иликтөөлөр жокко эсе
    • Author, Александр Жоунз
    • Role, BBC Three

"Биринчи жолу топтошкон секс сценасын 12 жашымда көргөм",-дейт 24 жаштагы Нилам Тэйлор.

Ал жалгыз эмес - 2016-жылы жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, 11 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн 53 пайызы интернетте порнография көрүшкөн.

Сурамжылоолор жана илимий изилдөөлөр аз болгондуктан, порнография жаш кыздардын саламаттыгына кандай таасир этери белгисиз бойдон. Нилам жыныстык катнаш эмне экенин билүү үчүн порнография көрүп, кийин ага байланып калган экен.

Ниламдын окуясы

image composition - Neelam tailor, computer screens, purple and bright pink background

Сүрөттүн булагы, BBC THREE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нилам Тэйлор 11 жашында биринчи жолу порнография көргөн

"Башында жүрөгүм түшкөн. Бала кезиңде көркөм тасма көргөндө каармандар бири-бирин сүйүп, секс - сүйүүнүн бир бөлүгүндөй эле",-дейт ал.

11 жашынан 16 жашка чейин Нилам күн сайын порнография көргөн экен. Ал бөлмөсүнө кирип алып, он мүнөттөн бир саатка чейин интернетте порнография сайттарын карап чыкчу.

"Ата-энем бул тууралуу билген жок",-дейт Нилам.

Башында корконуна карабастан, Нилам жашы өткөн сайын порнографиянын оор түрлөрүн көрө баштаган.

"Эмнеге андай видеолорду көрүп баштаганымды деле түшүнбөйм. Бир учурда кыз зордукталып жаткандай же жаш кыз менен улгайган адамдын ортосундагы катнаш сыяктуу видеолорду көрө баштадым. 13 жашымда жыныстык катнаш деген эмне экенин деле билген эмесмин. Бул видеолор менин келечектеги тандоомо таасир этти деп айтат элем".

Саранын окуясы

Keyboard with a pink key that reads "porn"

Сүрөттүн булагы, BBC THREE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Интернет кеңири жайылгандыктан, порнографиялык видеолорду көрүү абдан оңой болуп калды

25 жаштагы Саранын окуясы Ниламдыкына окшош.

"13 же 14 жашымдан тарта бир жумада кеминде эки жолу порнография көрүп калдым. Алар мени толуктап жаткандай сезим берди",-дейт Сара.

"Өзүм жыныстык катнаш деген эмне экенин биле электе, он эркек бир аял менен болгон группалык сексти көргөм. Ал видеолордо аялдарды кемсинтүү кадыресе көрүнүш эле".

Порнография жана мээ (эркектин мээси)

image composition - XXX neon logo for men with erectile dysfunction

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Порнографияга байланып калгандар арбын

Окумуштуулар жана маалымат каражаттары эркектердин порнографияга байланып калганы жана анын психикалык саламаттыкка терс таасири тууралуу көп жазышат.

2016-жылы Британиянын алдыңкы психологдорунун бири Ангела Грегори, интернеттен порнографияны ачуу абдан оңой болгондуктан, эркектер арасында импотенцияга кабылгандар көбөйгөнүн айтат.

Британияда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, 2000-жылдары 2-5 пайыз эркектер порнографиядан улам импотенцияга чалдыкса, 2019-жылы бул көрсөткүч 30 пайызды түзгөн.

Бул жерде бир гана физикалык маселе эмес, порнографиянын психологиялык таасири да чоң экенин белгилей кетиш керек.

Порнографиянын аялдарга болгон таасири

image composition - male and female symbols, pixelated pink and blue brains, purple and bright pink background

Сүрөттүн булагы, BBC THREE / ISTOCK

18-25 жаш курактагы миң киши катышкан соңку сурамжылоодо аялдардын 47 пайызы бир айдын ичинде бир жолу порнография көрөрүн айткан. Алардын 14 пайызы бир учурда порнографияга байланып калганын мойнуна алышкан.

Ага кабарастан эксперттердин көбү аялдар порнография көрбөйт деген пикиринен кайтпайт.

Нилам 16 жашында порнография көрбөй калган. Себеби анын психологиялык таасирин сезген.

"Порнографиясыз бир да күн өтпөй калган. Эчтеке кызыктырбай калды",-дейт ал.

Woman watching porn on a smartphone

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Порнографияга байланып калгандар арбын

Психолог Лейла Фродшам порнографиянын аялдарга болгон таасирин аныктоо оор экенин айтат.

"Жыйырма жыл бою психолог катары иштеп, бир да жолу аялдардын порнография боюнча арызданганын уккан жокмун. Порнографиянын аялдарга болгон таасири боюнча бир нече изилдөөлөр болгон, бирок анда аз сандагы аялдар катышып, эркектерге салыштырганда көп деле чоң айырма байкалган эмес",-дейт ал.

Фродшам айым порнография аялдардын келечектеги жашоосунун чечимдерине, тандоосуна таасир этерине ишенет.

"Жетиштүү изилдөөлөр болбогондуктан, аялдар порнография тууралуу эч маселе жаралбагандыктан айткысы келбей жатабы же уялгандыктан сөз кылбай жатабы белгисиз калууда".

image composition - pixelated woman with head bowed low, purple and bright pink background

Сүрөттүн булагы, BBC THREE / ISTOCK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көптөр порнография тууралуу сөз кылуудан уялат

Нилам бойго жеткенден кийин порнография анын чечимдерине таасир эткенин байкаган.

"Жыл өткөн сайын порнографияда аялдардын кемсинтүүсүн көрө берип, чынында ошондой мамилеге татыктуу экенмин деген ой жаралган. Видеолордо эркектер үстөмдүк кылып же улгайган эркектер жаш кыздар менен жыныстык катнашга барганын көрүп, өзүм дагы жашы өйдөлөп калган эркектерге жакын болдум. Чынында өзүмө ошондой жагабы же бул тандоом порнографиянын таасиринен улам болгонбу билбейм",-дейт Нилам.

Мындай суроону көптөгөн порнографияга байланган аялдар өзүнө берет.

2010-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө 300 порнографиялык видео каралып, алардын 88 пайызында аялдарга агрессивдүү мамиле жасалганы аныкталган. Видеодо эркектер канчалык үстөмдүк кылганда, аялдар багынып берген.

"Кандай болгон күнү дагы жаштар порнографияны көрүп, жыныстык катнаш тууралуу маалымат албашы керек. Мектептерде секс жана порнография табу темалардын бири. Бирок мектепте бул тууралуу маалымат берилбесе, жаштар порнографияга кайрылышат. Дал ошол себептен мектептерде маалымат берилиши керек деген пикирде",-дейт Нилам.

Британ өкмөтү бир нече жыл мурун мектеп окуучуларын жыныстык байланыштын негиздерин окутууга кеңеш берген көрсөтмө чыгарган. Ага ылайык 11 жаштан кийинки окуучуларга "жыныстык катнашка качан макул болуу керек" дегендей темалар окутулат. Мындай кадам жыныстык катнаш жана ич ара мамилелер боюнча сабак бардык мектеп курактагыларына милдеттүү түрдө өтүлүшү керек деген сунуш парламенттик билдирүүдө жарыялангандан кийин жасалган.

Кыргызстанда дагы мектеп окуучуларына жыныстык байланыш жөнүндө маалымат берген "Сергек жашоо" аттуу китеп нааразылыктарды пайда кылган. Айрыкча, диний өкүлдөр мындай сабактар балдардын адеп-ахлагын бузат деп каршылык билдирген эле.

line

*Маек кургандардын ысымдары өзгөртүлгөн.