"Такты оюндарынын" жылдыздары Кит менен Роуз баш кошту
"Такты оюндары" (Game of Thrones) сериалынын жылдыздары Кит Харингтон менен Роуз Лесли баш кошту. Бул кабар сериалды күтүп көргөн күйөрмандары үчүн өзгөчө кубаныч тартуулады.

Сүрөттүн булагы, HBO/SKY
Эки жаш "Такты оюндарына" тартылып жүргөн учурда таанышкан. Сериалда каармандар Жон Сноу менен Игриттин ролунда ойнойт. Экөө тең 31 жашта.
Сериал тартылып баштаган 2012-жылдан бери Харингтон сезими тууралуу бир да жолу агынан жарыла кеп салган эмес эле. Бирок бир жолу L'Uomo Vogue журналына берген интервьюсунда:
"Бирөөнү жактырып калсаң, аны менен тасмада сүйүшкөндөрдүн ролун жараткан болсоң, анда чыныгы жашоодо сүйүп калуу оңой эле",-деп айтканы бар.

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Лесли эки жылдан бери "Такты оюндарына" тартылбай калды. Анткени ал аткарган каарман каза тапкан. Харингтон "Такты оюндарындагы" эң белгилүү жана негизги каармандын ролун жаратып, жети сезондун баарына тартылды.
2012-жылы Исландияда тартылган экинчи сезондогу күндөрүн актер телесериалдагы эң эсте калган учур деп белгилеген. "Анткени абдан кооз өлкө, дал ушул жерде сүйүүгө кабылдым",-деген актер.
Жаштардын үлпөтү шотландиялык Уордхилл сарайы өттү. Бул тарыхый имарат XII кылымда курулуп, XVI кылымдан бери Лесли кланына таандык.

Сүрөттүн булагы, Wardhill Castle
Роуздун атасы Абердиншир графдыгындагы кландын башчысы Себастьян Арбатнот-Лесли. Бирок актриса Ликлихед сарайында чоңойгон. Азыр ал жерди ата-энеси анчейин чоң эмес мейманканага айланткан.
Кит менен Роуз аристократтардын тукумунан.

Сүрөттүн булагы, Sky Atlantic
Жорж Мартиндин «Муз жана от ыры» деген чыгармасынын негизинде тартылган "Такты оюндары" (Game of Thrones) сериалы 2011-жылдан бери НВО тарыхындагы эң популярдуу сериал болуп жатат.
Алтынчы сезондогу ар бир сериясын орточо алганда 25 миллиондон киши көргөн. Кино эпопеянын жаратуучулары сегизинчи сезону акыркы болорун билдиришкен.







