Блог: "Ата-Бейиттин" сырын ачкандар сыйланды

Сүрөттүн булагы, Мамлекеттик архив
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкек четинде жарым кылымдан ашуун жашыруун, белгисиз болуп келген 30-жылдардагы репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жайдын ачылганына отуз жыл толду.
Бул окуя СССР ыдырап турган чоң тарыхый өзгөрүүнүн алдында болгон. Өткөн кылымдын 20-30-жылдарында кадимки кыш бышырылып турган жерге, кенедей чуңкурга Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов баштаган мамлекеттик чыгаан ишмерлер, тарыхый инсандардан тартып 137 кишинин (дагы бир маалыматтарда 138 киши) сөөгү туш келди ыргытылганы ачыкка чыкты. Маркумдардын сөөгүн түн жамына ташып, кийим-кечеси, керек болсо койнундагы наны, атууга деген өкүмү менен кошо көмүп салган эле. Бул көмүскөдө жасалган иш болгондуктан андан кабары жок далай киши жайкысын ошол дөбөгө барып эс алып, шапар тепсе, кышкысын жылгаяк тээп көңүл ачкан көп дөбөнүн бирине айланган.
Анда сөөгү сөпөттөлгөндөр мыкаачылык менен кыйноого алынып, кийин атылып, бир чуңкурга "шыкалып" салынганынан эч кабары жок жакындары аларды ондогон жыл зарыга күтүп, дарексиз каттарын улам жолдоп, кээси аргасыздан түңүлүп калганы кийин далай эскерүүлөрдө айтылды.
Балким, бул каргашалуу окуяны көрүп, билген башка адамдар да болгондур, коркуп айтпагандыр же маани да бербеген чыгаар? Балким, чындап эле Абыкандын бүлөсү гана билгендир, бул да табышмак. Айтоор, ошол кездеги тестиер кыз жарым кылымдан ашуун убакыттан соң 1990-жылы КГБнын ошол кездеги капитанына кезигип, атасы Абыкандын аманатын айтат. Жарым жылдай убакыт өткөн соң 1991-жылдын дал ушул апрель айында ал жерде болжол, күмөн саноо менен казуу иши башталат. Жөнөкөй айтканда бир, эки күрөктүн боюндай тереңдегенде (20-30 см) эле алгачкы баш сөөк табылат. Казуу уланып, кенедей аңдан эле 137-138 кишинин сөөгү чыгат. Атууга деген өкүм, документтер, тизме менен бул жерге кимдер көмүлгөнү тастыкталат.

Сүрөттүн булагы, Мамлекеттик архив
Кадимкидей зыйнатын өткөрүп, табылган сөөктөрдү түбөлүк жайына кайрадан узатуу, музей куруу деген сыяктуу бир топ иштер ал өзүнчө кеп. Маани берчү жагдай бул азыркы КМШ аймагында ошол оту өчпөгөн отузунчу жылдары ак жеринен атылып, кийин казганда да далилдер менен ырасталган эң алгачкы жана бирден бир көрүстөн. Тирүүсүндө үзөңгүлөш, санаалаш, партиялаш, катарлаш жүрүп, бир мамлекеттин кышын чогуу кынаган улуу инсандардын сөөгү бир кенедей чуңкурдан табылган. Сынган сөөктөр, ок көзөгөн баштарды көрүп ушундай мыкаачылык болобу деп, далай киши жакасын карманат. Кызыл террорду айыптайт. Бирок айласы кеткен дагы далай киши "болоору болду, менин да аталарым атылыптыр, жок дегенде сөөгү табылса арманым жок эле" деп бүгүн да издеп келет.
Ошол улуу сырды ачуунун башында турган үч каармандын бири көз жумуп, экөө азыр да арабызда. 95 жаштагы Бүбүйра Кыдыралиева жана атайын кызматтын ардагери Болот Абдрахманов. Маркум окумуштуу, дасыккан археолог М.И.Москалев болсо бир нече жыл мурун көзү өттү.

Бир учур келип, мамлекет бакубат өлкөгө айланып, тарыхына, илимине өзгөчө маани берип калса, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын, ага орошон салым кошкондорду терең изилдейбиз десе, бул инсандар ачкан сыр, тапкан тарыхий табылганын баасы, куну канчага турмак болду экен? Сыр бойдон калып, сөз эле жеткенде кандай болмок?
Ошондо кимдир бирөө айтыптыр, Бишкектин эле жака белинде дейт десе канча убара, канча эмгек, канча каражат коромок болду экен деп көп ойлоном. Ошондо эбегейсиз сумманы сыйлык кылып коюп, тапкан кишини улуттук баатыр кылабыз деп иш жүрсө, жылдап издесе, ушул үч инсандын эмгеги бааланат беле деп кетем. Ансыз көр турмуштун көз карашы менен карап, "айтса, көрсө, казса же тапса эмне экен" деген мамилеге өтүп алгандайбыз. Ал инсандардын эмгегин баалоо алар үчүн эмес, мамлекет, улуттук идеология, тарых үчүн керек го? Баса, ошол чуңкурдагы эң эле негизги далил буюмдардын бири болгон Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахмановдорду атуу боюнча чыккан сот өкүмүнүн кагаздары (алар өтө билимдүү болгондуктан соттун өкүмүн алып, кылдат бүктөп, чөнтөктөрүнө каткан деп айтылат) дагы канча чыдайт эле? Кагаз деген кагаз да, 53 жыл топуракка айланып калбай жатыптыр. Чирип кеткенде чоң күмөн калмактыр...
Аздап болсо дагы ал иш жүзөгө аша баштагандай. Жакында эле эгемендиктин отуз жылдыгына, Касым Тыныстанов менен Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата Бүбүйра Кыдыралиева менен Болот Абдрахмановго "Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Азыркы президент Садыр Жапаров 2020-жылдын ноябрында дал ошол "Ата-Бейитте" сөз сүйлөп, улуу сырды ачкан үч инсан мамлекттик эң жогорку сыйлыктарга татыктуу экендигин белгилеген эле.













