Трамптын чабарманы сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Москвага барат

Украина

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украина

АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф келерки аптада Кремлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул - АКШнын Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишимге жетишүү аракетинин уландысы болмокчу. Аталган сапарды шаршемби күнү Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков да тастыктады. Бул билдирүү Украина Ак үй менен ыктымал тынчтык келишиминин негизги жоболору боюнча "өз ара түшүнүшүүгө" жетишкенин айткандан кийин болду.

Шейшемби күнү Трамп Уиткоффко Орусия президенти менен жолугушууну тапшырганын, ал эми АКШ армиясынын министри Дэн Дрисколл Украинага жөнөтүлүп жатканын билдирген.

Бул окуялар өткөн аптада 28 пункттан турган долбоордун ачыкка чыгышынан кийин болууда. АКШ президенти ал план "эки тараптын кошумчалары менен такталганын" билдирген.

Кремль Уиткоффдун сапарын тастыктай электе журналисттерге сүйлөп жатып, Трамп мурунку дипломатиялык сүйлөшүүлөрдө Ак үйдүн кеңешчиси катары иштеген күйөө баласы Жаред Кушнер да Кремлдеги жолугушууга катышышы мүмкүн экенин айткан.

Жаңжалдарды токтотуу боюнча келишимге жетишүүнү негизги тышкы саясий максат кылган президент, эки тараптын бирине да келишимге жетишүү мөөнөтүн койбогонун айтып: "Мен үчүн мөөнөт – бул согуштун бүткөн убагы", – деди.

Кремль буга чейин жаңы келишим долбоору боюнча Орусия менен азырынча кеңешилбегенин айтып, өткөн аптадагы планга киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл албашы мүмкүн экенин эскерткен.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргендей, Москва баштапкы АКШнын негизги сунушун колдогону менен, эгерде ал олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болсо, анда кырдаал "түп-тамырынан бери башкача" болорун айткан.

Шейшемби күнү эртең мененкиге карата Кремль жаңы пландын көчүрмөсүн ала электигин билдирген Лавров, Европаны АКШнын тынчтык аракеттерине тоскоолдук кылууда деп айыптаган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Америкалык расмий адамдар Орусиянын кооптонууларын коомчулукка ачык айтышкан жок, бирок Дрисколл жана Орусиянын өкүлдөрү дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Абу-Дабиде жолугушууларды өткөрүшкөн.

Орусия менен Украина дагы эле катуу пикир келишпестикте болгон кээ бир маселелер, анын ичинде Киев үчүн коопсуздук кепилдиктери жана Украинанын чыгышындагы согуш жүрүп жаткан бир нече аймактарды көзөмөлдөө маселеси азырынча чечилбей калганы кабарланууда.

Украина президенти Володимир Зеленский шейшемби күнү, али чечиле элек "аялуу пункттарды" талкуулоо үчүн Трамп менен жолугушууга даяр экенин айтып, анын администрациясы айдын аягына чейин жолугушууну максат кылып жатканын билдирди.

"Мен Америка менен, президент (Дональд) Трамп менен мындан ары активдүү кызматташууга ишенем. Көп нерсе Америкага көз каранды, анткени Орусия эң чоң көңүлдү Американын күчүнө бурат," – деди ал.

Бир күн мурун Зеленский 28 пункттан турган пландын айрым жоболору алынып, кыскартылганын айткан.

Трамп социалдык тармакта Зеленский жана Путин менен "жакында, бирок бул согушту токтотуу боюнча келишим акыркы баскычында же толук аяктаганда гана" жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын жазды.

Ак үйдүн салыштырмалуу оптимизмине карабастан, европалык лидерлер төрт жылга жакын согуштан кийин тынчтыкка жетишүү мүмкүнчүлүгүнө шектенишет. Франциянын президенти Эммануэль Макрон "Орусиянын ок атышууну токтотууга эрки жок" экенин көргөнүн айтса, Британиянын өкмөтү "алдыда али узак жол, оор жол турат" деп эскертти.

Шейшемби күнү Франция президенти Эммануэль Макрон жана Улуу Британиянын премьер-министри сэр Кир Стармер "каалоочулардын коалициясы" деп аталган топтун жыйынын өткөрүштү. Бул — ок атышуу токтогон учурда да Украинага коргонуу жардамын үзгүлтүксүз көрсөтүүнү убада кылган Европа жана башка аймактардагы Украинанын союздаштарынын расмий эмес тобу. Жыйында потенциалдуу тынчтыкты сактоочу күчтөрдү түзүү боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр да жүрдү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да катышкан бул сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, лидерлер Украинага сунуштала турган коопсуздук кепилдиктери боюнча ишти "тездетүү" максатында АКШ менен биргеликте атайын топ түзүүнү макулдашты.

Украинадагы согуш картасы

Сүрөттүн булагы, ISW

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согуш картасы

Коопсуздук кепилдиктери маселеси — Москва менен Киев пикир келишпестикке келип жаткан бир гана багыт. Дүйшөмбү күнү Зеленский тынчтыкка тоскоол болуп жаткан "негизги көйгөй" катары Орусия басып алган аймактарды мыйзамдуу түрдө таанууну талап кылып жаткан Путиндин позициясын атады.

Москва Донецк жана Луганск облустарынан турган чыгыш Донбасстын бүт аймагынан Украинанын аскерлеринин толук чыгып кетишин талап кылып келет. Орусия күчтөрү ошондой эле 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралын жана Херсон менен Запорожьенин башка ири бөлүктөрүн көзөмөлдөп турат.

Дипломатия бир нече аптага токтоп калгандай көрүнгөндөн кийин, АКШ колдогон пландын ачыкка чыгышы менен саясий активдүүлүк кайрадан күчөдү.

Баштапкы долбоордо Украина дагы эле көзөмөлдөп турган аймактарды өткөрүп берүүгө макул болушу, НАТОго кирбей турганына убада бериши жана куралдуу күчтөрүнүн көлөмүн олуттуу кыскартышы керек болчу. Бул элементтер Кремлдин негизги талаптарын чагылдыргандай көрүнгөн.

Путин баштапкы долбоор келишимге "негиз" боло алат десе, Зеленский Украина АКШны өнөктөш катары сактап калуу менен "кадыр-баркын" сактап калуу ортосунда тандоо алдында турганын айтып жооп берген. Европа лидерлери да бир нече элементтерине каршы чыгышкан.

Жекшемби күнү Женевада америкалык, европалык жана украиналык расмий адамдардын ортосундагы план боюнча сүйлөшүүлөрдүн алдында, сенаторлор тобу Рубионун аларга бул долбоор Ак үйдүн позициясы эмес, Орусиянын долбоору экенин айткан деп билдиргенден кийин, Рубио планды "АКШ иштеп чыккан" деп коомчулукка ачык айтууга аргасыз болгон.

Ошондон бери АКШ да, Украина да долбоор боюнча прогресс болгонун жарыялап, Зеленский өзгөртүүлөрдү камсыз кылгандан кийин бул "туура мамиле" болгонун айткан.

Трамп башында Украинаны планды тез кабыл алууга үндөгөнү менен, шейшемби күнү журналисттерге баштапкы версия "жөн гана карта" болгонун айтып: "Бул план эмес, бул концепция болчу", – деп кошумчалаган.

Шейшемби күнү Bloomberg агенттиги 14-октябрда Трамптын дипломатиялык өкүлү Стив Уиткофф менен Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаковдун ортосундагы телефондук сүйлөшүүнүн стенограммасын жарыялады.

Бул стенограммада Уиткофф Кремль Трамп менен кантип сүйлөшүшү керектигин талкуулап, Украина тынчтык келишимине жетишүү үчүн жерден баш тартууга туура келерин айтканы кабарланат. Трамп журналисттерге бул "сүйлөшүүлөрдүн абдан стандарттуу формасы" экенин билдирди. BBC News агенттиги ачыкка чыккан бул сүйлөшүүнүн аныктыгын көз карандысыз булактар менен тастыктай элек.