Коррупция чырмаган, бүжүрөгөн кол балага айланган сот

Коррупциялашкан сот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өз арызы менен кызматынан кетти. Бул Бишкекте он бир журналистке сот өкүмү чыгып, алды алты жылга түрмөгө кесилип, эл аралык уюмдар катуу сын айткан учурга туш келди. Сот бийлиги өлкөдө көп жылдар бою коррупциянын чырмоогунан чыга албай келатса, соңку жылдары суперпрезиденттик башкаруунун бүжүрөгөн кол баласына айланганы айтылууда.

Өз киши

Базарбеков

Сүрөттүн булагы, Sot.kg

Кыргызстанда Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоп кетти. Бул элге күтүлгөн да, күтүүсүз да окуя болду. Анын эмнеге бошоп кеткенинин себебин эч ким түшүндүргөн да жок. Өз каалоосу менен арыз жазды деп Жогорку Кеңеште, Соттор Кеңешинде ыкчам карап, отставкасын кабыл алып, президент да дароо эле жарлыгын чыгарды.

Замирбек Базарбеков президенттин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары бул кызматка коюлган. Садыр Жапаров саясий куугунтук жеп соттошуп жүргөндө, Замирбек Базарбеков анын адвокаты болуп коргоого алган.

Жапаров президент болуп келгенде Базарбеков дароо эле президенттин администрациясынын укук коргоо жана сот органдарынын караган башкармалыктын башчысы болуп, андан Жогорку Соттун судьясы кызматына секирип, андан бат эле өлкөдөгү бийликтин бир бутагы болгон сот тармагынын башына отурду.

"Соттордун машинеси 100 миң доллар..."

Замирбек Базарбеков Жогорку Сотто эки жарым жылча отурду. Бул убакыт ичинде сот тармагы бир жагынан коррупция тыйылбаган, экинчи жагынан күн карама бийлик бутагы болуп катуу сынга алынып келди.

Эң оболу сот бийлиги корруцияга каршы аесуз согуш жарыялаган УКМКнын дүрбүсүнүн катуу көзөмөлүндө болду. Ошол себептүү колу туткак судьялар кармалып, кызматынан ыргып, камалган учурлар көп болду.

УКМК төрагасы кымбат баалуу машина минген судьяларды көзөмөлгө алып, арам жол менен байлык топтогон соттордун акесин таанытарын байма-бай айтып келди.

“Соттордун машинеси 100 миң доллар, бир кийген шубасы 5 миң доллар, турат. Кечээ бир судья үй-бүлөсүн алып Дубайга учуп кетиптир. Ал боюнча териштирүү башталды. Алар 15-20 миң доллар акча коротот экен, каражатты кайдан алышат? Жакында эле кармалган судьянын бир нече батири бар экен. Мындан ары соттор хрущевкасында жашай турган болушат” — деген Ташиев 2020-жылы эле.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Президент Садыр Жапаров кынтыксыз жүрүү талаптарын бузуп, жаманатты болгон бир катар судьяларды кызматтан алды.

2022-жылы Соттор кеңешине түшкөн кайрылуу, даттануулардын негизинде 17 судья тартип жоопкерчилигине тартылып, мыйзам бузгандыгы үчүн эки судья кызматтан алынды. Эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурага макулдук берилген.

2023-жылы 35 судья тартиптик жазага тартылып, сегиз судья кызматтан кеттин. Башкы прокуратура 11 судьяга кылмыш ишин козгоду.

Бишкекте Октябрь райондук сотунун судьясы Сарыбаев Бакыт, Ысык-Көл облусунда Аксуу райондук сотунун судьясы Мойдунов Абдисалам, Ош облусунда Ноокат райондук сотунун судьясы Байзаков Нурлан, Чүй областында Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов кызматынан алынды.

Ал эми Баткен областтык сотунан бир эле учурда үч судья - Замир Алыбаев, Жамангулов Жыргалбек, Алгожоев Замирбек кызматынан кол жууду. Свердлов райондук сотунун судьясы Адимов Акылбекти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилди.

Алардын ичинен Кыялбек Токтомаматов мурдагы аялынын мурду менен кулагын кескен зөөкүрдү пробация менен бошотуп жибергени үчүн кызматынан кетти. Ал эми Адимов Акылбек 20-октябрда баңгизат менен соода кылган бир эргулду пробация менен жеңил жаза берип, 1200 доллар пара менен кармалган.

2024-жылы 3-июлда Судьялар кеңеши эки судьяны кызматынан алып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

"Биз паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатабыз. Ушул жылы беш эле сотту колго түшүрдүк. А биздин өлкөдө 500 судья бар. Алар күн сайын, ай сайын миңдеген чечимдерди кабыл алат. Алардын көбү пара менен чыгат. Биз муну түшүнүп, билип, чара көрүшүбүз керек. Пара алгандардын баарын кармап жоопко тартканга мүмкүн болбой жатат", - деген бир жыл мурда Камчыбек Ташиев.

Соттор корпусунда тазалоо иштери ушуну менен басаңдабайт шекилдүү, анткени Соттор кеңешине кеминде 28-30 судьяны кызматтан алуу сунушу каралып атканын З. Базарбеков өзү айткан эле.

З.Базарбеков жыйын сайын сотторду таза иштегиле, пара албагыла, мыйзам бузбагыла деп барган жеринин баарында айтып келди. Берген интервьюларында соттордун эмгек акысы көбөйгөн менен алкымы тыйылбай жатканын моюнга алды.

“Соттор көз каранды болбосун деп биринчи этапта президенттин колдоосу менен эмгек акыларын көбөйтүлдү. Пара алганга кызыкпасын деп. Ошол эле учурда соттор арасында майда тыйын-тыпырга азгырылып пара алып жаткандар бар. Аны моюнга алышыбыз керек",-деди Замирбек Базарбеков Биринчи радиодо түз байланыш убагында.

"Маянасын канчалык көбөйтсөн дагы ачкөз адам баары бир болбойт экен да. Демек, биз алардан тез арада арылышыбыз керек".

Базарбеков сот реформасынын эң маанилүү болгон үчүнчү этабы - сот чечимдеринин сапатын көтөрүү деп айткан.

"Бул оңой-олтоң маселе эмес, бир-эки жылда боло турган иш эмес. Бул үчүн талыкпай күрөшүп иштешибиз керек".

Эмгек акы көбөйүп, сот залына камералар коюлуп, соттордо ротация болуп, паракор судьялар кармалып жатканы менен паракорлук басаңдаган жок.

“АКШда пара менен кармалган сот пенсиядан өмүр бою ажырайт. Ошондуктан алар коркуп мыйзамдын тамгасы менен гана чечим чыгарат. Демек, жазалоо чарасын күчөтүш керек. Аракет ишке ашпай жатат. Ташиев айтты го. Соттолгон соттор кармалып бат эле эркиндикке чыгып кетип жатат деп. Карга-карганын көзүн чукбайт дегендей, бири-бирин калкалоо күчтүү экен”,-дейт аналитик Мирлан Дүйшөнбаев.

Замирбек Базарбеков ошол эле учурда сот тармагын өзүнчө бийликтин бутагы экенин эскертип, УКМКнын камчысына айбат кылганга аракет көргөнсүдү. Өзү дагы УКМКнын чалмасына илинип калбаш үчүн сак болуп, кымыр иштерге аралашпай алыс болууга аракет кылды.

Анткен менен каада күтүп, сый-урматтын үстүндө, той-торопонун төрүндө жүрдү. Акыры тойдон башы чыкпайт, сот тармагына оңдоюн деген аракети жок деген дооматтар анын кетишинин негизги себеби болуп калды.

Сентябрь айында эле сот тармагынын түптөлгөнүнүн жүз жылдык мааракеси болуп, президент Садыр Жапаров өзү барып куттуктап, төрага күлүп-жайнап элге көрүнгөн. Бирок ушул маараке өткөндөн кийин Жогорку Сотто жетекчилик алмашат деген күдүң сөздөр жүрө баштаган болчу.

Базарбеков отставкага кетер алдында президент жана УКМК төрагасы менен жолугуп чыкканы ишенимдүү булактардан белгилүү. Бул тууралуу расмий маалымат берилген жок, бирок ошол соңку жолугушууда анын отставкасы жөнүндө маселе кырынан коюлуп, ошондон кийин арызын жазды го деген божомолдор болууда.

Көз каранды сот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Чыбык менен айдап алдыңар"

Замирбек Базарбеков кызматынан кеткен учур Бишкекте он бир журналистке сот өкүмү угузулган учурга туш келди. Соттун чечими сөз эркиндигине кысым, куугунтук катары эл аралык коомчулукта катуу сынга алынып жаткан чакта, соңку окуялар сот тармагы репрессиялык саясий курал болуп калды деген нааразы сөздөрдүн күчөшүнө жем таштады.

Замирбек Базарбеков бийликке сын айткан журналисттерге сыйыртмак салуу саясатын колдобой турганын чоң кызматка дайындалып жатканда эле айткан, ошол себептүү суперпрезиденттик башкаруунун тизгинин кармагандар менен иштешүү оңой болгон жок.

Мындан эки жыл мурда эле Элдик курултайда сот бийлигинин президенттик башкаруунун алдында бүжүрөп калганы тууралуу сындар айтылган.

"Чыбык менен айдап алдыңар сот органдарын да. Мыйзам тетири жолго кетип баратат. Азыр камакта жаткан активисттердин көбү сиз түрмөдө жатканда чырылдап атып сизди чыгарткан. Азыркы күндө мыйзамды сыйлабай камап койдуңар. Күлүп отурат сиздин жан-жөкөрлөрүңүз. Алар үч президентти каякка жибергенин жакшы билесиз. Сизди да жарга такады", - деген делегаттардын бири Батырбек Исмаилов.

Азыр бийликтин бир колго топтолгон кырдаалында сотторго нааразылык күчөп жатканы алардын күң карама абалынын кейиштүү натыйжасы

Кыргызстанда Садыр Жапаров президент болуп келгенден кийин бийликтин баары бир колго концентрация болуп, суперпрезиденттик башкаруу орногон. Сот бийлигинин азыркы мажүрөө абалынын себебин ушул контексттен караш керек дейт укук боюнча адис Таттыбүбү Эргешбаева.

"Буларга биринчи буйрук берип, чечим кабыл алдыртышат. Чечимдери жакпай калса, соттор күнөөлүү деп жумуштан кетирип жиберет. Авторитаризм өнүккөн өлкөда соттордун тенденциясы ушундай болот. Сот бийлигине көз каранды эместик бергиле деп жүз жолу айттык, бирок андай болбой атпайбы. Өлкөнү президент башкарып жатат, соттор үчүн да чечимди президент кабыл алып жатат. Анан, албетте, ушундай болот".

Жогорку Сот төрагасы ким болуп шайланып келсе да, анын азыркы арабөк абалына көп деле таасири болбойт дешет. (КС)