Владимир Зеленский: “Орус аскери кетмейинче эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт”

Владимир Зеленский

Украинанын июнда баштаган контр чабуулунун натыйжасын байкоочулар сабырдуу баалап жатканда, президент Владимир Зеленский анын темпи азыркы этапта анчалык катуу болуш керек эмес деп эсептейт.

Зеленский НАТОдон Украинаны өзүнүн курамында жакынкы келечекте көрөбү же жокпу деген тикелей суроого жооп талап кылууда. Бул маселе июлда Вильнюста боло турган саммитте каралат, Украина согуштан кийин кандай багыт менен кетери да ушул чечимге жараша болот.

Ал эми ага чейин Зеленский мурдагы позициясында бекем турат: Россия украин аймагынан аскерин толук алып чыгып кетмейинче аны менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт, ал эми Путиндин өзөктүк курал колдонуу коркунучу анчалык эмес. Украинанын президенти Владимир Зеленский Би-Би-Си кабарчысы Ялда Хакимге 20-июнда берген маегинде ушул маселелерге токтолду.

«Эгер биз алга жылып атсак, анда иш жайында»

Би-Би-Сидеги маегинде Владимир Зеленский Украинанын армиясынын контр чабуулуна так кесе баа бергиси келген жок.

«Азыр айтуу абдан кыйын. Кичине-кичинеден болуп жатат. Эгер биз алга жылып атсак, анда демек иш жайында».

Контр чабуулдун темпи жай болуп жатканынын башкы себеби катары Зеленский Украинанын дээрлик 200 миң чарчы километр жерине Россия мина коюп салганын белгиледи.

«Биз чегинген жокпу, биз алга баратабыз. Чабытыбыз кеңирээк болсо болмок, азыр бир аз кууш – бирок аракет кылсаң берекет дейт эмеспи. Ошондуктан контр чабуул аракетинин ийгиликтүү болоруна биз ишенебиз»,-дейт президент.

Владимир Зеленский өткөн жылы дагы украин армиясынын контр чабуулунун темпи башында бир топ эле жай болуп келгенин эске салды. «Бирок бир убакта бул жакта биздин катуу жиреп баштаганыбызды баары көрүштү. Бул жакта деле ушундай болот».

Владимир Зеленский контр чабуулга өзүнүн баасын берип жаткан учурда батыштын бир катар ЖМКларында украин аскери оккупацияланган аймактар Запорожье менен Донецкинин түштүгүндө Россия даярдаган коргонуу тилкелерин өтүүдө кыйынчылыктарга кабылып жатканын жазууда.

«Бул Голливуд киносу эмес»

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Владимир Зеленский Украинанын контр чабуулунун ийгилиги Киевке Батыштан берилип жаткан аскердик жардамдын көлөмүнө жана тездигине таасир эте турган маанилүү факторлордун бири экенин ырастады.

Ошол эле убакта ал батыш өнөктөштөр Киевке айрым бир деңгээлде басым жасап, чабуулдан ыкчам натыйжа болушун күтүп жатканын жашырган жок.

«Кимдир-бирөө Голливуд киносундагыдай болушун каалап жатат, бирок бул башкача болот… бизге таасир көрсөтүү аракетинин куну абдан кымбат болот. Кептин баары адам өмүрүндө. Ким эмнени каалабасын, кайсы бир өлкөнүн бизге басым кылганынан эчтеке чыкпайт. Биз согуш талаасында кандай туура деп тапсак, ошондой алга жылабыз»,-деп корутундулады Зеленский..

Батыш Украинага берип жаткан каржылык жардам, курал-жарактан жардам болбосо, аны Россия басып алмак дегенге макул болгон Зеленский ошол эле убакта Украинага F-16 истребителдерин ылдам бергиле деп батыштагы өнөктөштөргө кысым кылып жатканын, кээде аша чаап кетип жатканын билдирди.

Батыштын заманбап истребителдери Киев батыштагы өнөктөрүнөн сурап жаткан курал-жарактын акыркы позициясы болуп саналат. Украинага согуштук учактарды берүү жөнүндө формалдуу чечим кабыл алына элек, бирок өткөн аптада союздаштардын коалициясы украин учкучтарын бул учактарда учууга үйрөтө баштоону чечти. Байкоочулардын баамында мындан кийин F-16 учактарын берүү формалдуу чечиле турган маселе.

Украинанын жана Батыш өлкөлөрүнүн дагы расмий өкүлдөрү Киев бул истребителдерди качан аларын так айта алышпай турат, бирок бул процесске бир нече айга созулушу мүмкүн дешет. Бул маселеге Зеленский бир аз айкындык киргизди, анын айтымында учактарды жиберүү планы ушул жайда даяр болот, ал эми машыгуулар июль-августта башталат.

«Машыгуулар башталгандан алты-жети айдан кийин биздин колубузда биринчи учактар болот деп ишенебиз», - деди Украинанын президенти.

«Эгер сен Россиянын коңшусу болсоң, анда коркунучтасың»

Би-Би-Сиге маегинде Владимир Зеленский анын өлкөсү НАТОго кирүү максатынан кайтпай турганын дагы бир жолу билдирди.

Азыр ар кандай жыйындарда сунуш кылынып жаткан коопсуздуктун ар кандай кепилдиктери НАТОго мүчө болууга атаандаш боло албайт, алар Киевке альянска киргенге чейин керек болуучу каражат.

Зеленский Украинанын НАТОго кирүүгө умтулушу Киевдин Росссияга кол салуу планынан эмес, жаңы ыктымал агрессиядан коргонуу үчүн болуп жатканын баса белгиледи.

«Эгер сен Россиянын кошунасы болсоң, анда сен коркунучтасың. Эгер сен Россиянын кошунасы болсоң, анда НАТОго киргениң жакшы», - деди ал.

«Биз конфликтти бул бойдон калтырбайбыз»

Украина контр чабуул баштаардын алдында Батыштын бир катар ЖМКлары анын башкы максаты Украина үчүн Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүдө эң ыңгайлуу шарттарды алууга жетишүү деп атап жатышкан.

Бул тезис Киевдин расмий позициясына таптакыр каршы келет, муну Владимир Зеленский Би-Би-Сидеги маегинде дагы ырастады.

«Россия биздин аймакта турганда, анын президенти ким болбосун, биз отуруп сүйлөшпөйбүз», - деп, бул позицияга Россия 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралы да кире турганын тактай кетти.

Зеленскийдин айтымында, орус аскери украин аймагынан толук чыгып кете электе сүйлөшүүлөр башталса, ал конфликтти тоңдурулган статуска которуп, ал түгүл келечекте боло турган чоң согушка айлантып жибериши мүмкүн. Донбасстагы конфликт боюнча түзүлгөн Минск келишими азыр Россиянын Украинага толук масштабдуу агрессиясын токтото албады да.

«Биз контр чабуулда каякка чейин барбайлы, конфликтти тоңдуруп коюуга макул болбойбуз … Мен украин элинин оюн билем. Украиндер экинчи жолу конфликтти тоңдуруп койгонго барбайт. Бул капкан" – деди Зеленский. – Мен алар бул согушту баштаганы кандуу каталык экенин түшүнгөн өкүлдөрү бар деп ойлойм. Алар бул согушта биротоло жеңилерин түшүнөт. Ошондуктан чыгып кетишсе, анда курмандык аз болот. Алар чыгып кетмейинче, эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт».

«Путин өзүнүн өмүрү үчүн коркот»

АКШ президенти Жо Байдендин Владимир Путин бул согушта өзөктүк курал колдонууга барышы мүмкүн деген сөзүнөн улам, Владимир Зеленский бул коркунучту «саясий, медиялык, маалыматтык» деңгээлде гана деп баалады.

«Ал өзүнүн өмүрү үчүн коркуп жатат … Мен аны азыркы күндө муну жасаганга даяр деп эсептебейм, анткени ал өзүнүн өмүрүн гана ойлоп жатат. Ага ал абдан кымбат»,-деди Зеленский.

«Бирок 21-кылымда өзүнүн коңшусуна толук масштабдуу согуш баштаган адекваттуу эмес адамга эч качан кепил болгум келбейт»,-деп кошумчалады.