Ирандын кийинки кадамы кандай болушу мүмкүн?

Чабуул

Сүрөттүн булагы, Reuters

    • Author, Фрэнк Гарднер
    • Role, Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы

22-июнга караган түнү АКШнын аскер-аба күчтөрү Ирандагы өзөктүк объектилерге чабуул жасады. Президент Дональд Трамп жана АКШнын жогорку даражалуу аскер кызматкерлери чабуул ийгиликтүү болду деп эсептешүүдө. Ирандын Тышкы иштер министрлиги келтирилген зыяндын олуттуу эмес экенин айтып, АКШга жооп берерин убада кылды. Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы Фрэнк Гарднер бул жооп кандай болушу мүмкүн экенин талдайт.

Гарднердин баамында, Иранда чалгын кызматы, аскер жетекчилери жана бийлик өкүлдөрү жооп иретиндеги сокку кандай болушу мүмкүн жана ал кандай кесепеттерге алып келери тууралуу талкуу жүргүзүүдө.

Иран тандоо жасашы керек болот: ал жаңы чабуулдарга даярбы; АКШ жана Батыш менен мамилесин ырбатуунун мааниси барбы; Америка тарап менен кайрадан сүйлөшүүлөргө келүү мүмкүнбү, бул иш жүзүндө, уранды байытуу иштеринен толук баш тартуу дегенди билдирет.

Фрэнк Гарднер Иран колдоно ала турган үч вариант жөнүндө айтат (Гарднердин текстин англис тилинде толугу менен бул жерден окуй аласыз).

Катуу жана тез жооп

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи АКШ өзөктүк объектилерге түн ичинде жасалган чабуул үчүн жооп алаарын убада кылды

Сүрөттүн булагы, AFP/ Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи АКШ өзөктүк объектилерге түн ичинде жасалган чабуул үчүн жооп алаарын убада кылды

Гарднер бул вариантты алгач Израилдин, эми АКШнын ийгиликтүү чабуулдарынан эң көп кордук көргөндөр колдойт деп эсептейт.

Иранда АКШнын Жакынкы Чыгыштагы болжол менен 20дай базасынын тизмеси бар.

Ошондой эле Тегеран 3 миңдей ар түрдүү аралыкка уча алган ракеталардын жарымын сактап калган болушу мүмкүн деп болжолдонууда, калган ракеталар Израилге каршы колдонулган.

АКШнын негизги аскердик базасы, деңиз күчтөрүнүн 5-флотунун штаб-квартирасы Бахрейнде, Мина-Салман шаарына жакын жерде жайгашкан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өлкөнүн негизги соода порту да ушул жерде. Бирок Иран Перс булуңундагы коңшусуна кол салууну каалабашы мүмкүн. Мындай шартта сокку Сирия менен Ирактагы америкалык базаларга багытталышы ыктымал.

Иран 2020-жылы Ирактагы америкалык базаларга сокку урган. Бул окуя АКШ аскерлери Багдадда "Аль-Кудс" бөлүгүнүн командири Касем Сулейманини өлтүргөндөн кийин болгон.

Бирок Иран АКШга мындай соккулар көптөгөн жоготууларды жана эскалацияны болтурбоо үчүн жасалаарын алдын ала эскерткен. Гарднер бул жолу Иран эскертүүсүз кол салышы мүмкүн деп эсептейт.

Катаал жооп кайтаруунун дагы бир жолу бул аймактагы АКШнын деңиз флотунун кемелерине учкучсуз учактар жана ылдам торпедо кайыктары менен чабуул коюу.

Мындай соккуларды Иран буга чейин машыктырган, мындан тышкары ал өзүнүн союздаштары, Йемендеги хуситтерден да чабуул жасоону суранышы мүмкүн.

Акыр-аягы, жооп аскердик эмес, экономикалык болушу мүмкүн. Бул Ормуз кысыгын жабуу же мина коюу. Бул кысыктан дүйнөлүк мунай транзитинин 20 пайызы өтөт. Бирок мындай кадам көптөгөн өлкөлөрдүн, айрыкча Перс булуңунда жайгашкан мамлекеттердин кызыкчылыктарына терс таасир этет.

Иран ири киберчабуул жасоо үчүн Кытай, Орусия жана Түндүк Корея менен биригиши мүмкүн. Гарднер мындай мүмкүнчүлүк, сөзсүз түрдө, талкууланып жатканын жазат.

Асимметриялуу жана кийинчерээк жооп берүү

Гарднер Иран АКШга жооп катары дароо чабуул жасабай, тыныгуу кылышы мүмкүн.

Мындай аракет, америкалык базалардагы жогорку деңгээлдеги аскердик даярдык басаңдашы үчүн жасалышы ыктымал.

Бул сценарий Иранга аракеттенүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүк берет. Ал алдын ала даярданып, АКШнын дипломатиялык же соода өкүлчүлүктөрүнө чабуул уюштуруп, ал тургай ал жакта иштегендерге кол салууга аракет кылышы мүмкүн.

Бул варианттын терс жагы дагы бар. АКШ сөзсүз жооп кайтарат, жана бул жооп, чоң ыктымалдуулук менен, ирандыктар бейкапар жашоого кайта баштаган учурга туш келиши ыктымал.

АКШ Ирандын асимметриялык чабуулуна андан да асимметриялык жооп кайтарышы мүмкүн

Жооп кайтарбоо

Бул Ирандан чоң сабырдуулукту талап кылат, бирок АКШнын мындан аркы чабуулдарынан арылтып, өлкөнү тынчтык максаттагы өзөктүк программанын алкагында уранды кайра иштетүү боюнча сүйлөшүүлөргө алып келмек.

Гарднер жазгандай, бул варианттын кемчилиги дагы бар. Иран мындан аркы жеңилдиктерге да барууга аргасыз болот. АКШ да, Израил да Иранда такыр уран болбошу керек же болбосо ал башка өлкөлөрдө байытылышы шарт деп талап коет. Бул Тегерандын атомдук энергияны аскерий максатта колдонбой турганына кепилдик болмок.

Мындай кадам Иран бийлигинин, айрыкча өз жарандарынын алдында алсыздыгын көрсөтөт.

Фрэнк Гарднердин пикиринде, жарандарга болгон көзөмөлдүн алсырап кетүүсү АКШнын чабуулунан келчү коркунучтан да олуттуураак. (VO)