Ташиев кызматтан бошотулду. Чек ара кызматы жана Күзөт кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланды.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Ташиевдин кызматтан алынышы боюнча президенттин комментарийин айтып берди.
"Президент Садыр Нургожоевич бул чечими боюнча кыскача эле: "Эң биринчи кезекте Мамлекетибиздин кызыкчылыгында, коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым",-деп гана түшүндүрдү", - деди Аскат Алагозов.
Көп өтпөй, Аскат Алагозов кайра дагы бир жолу кененирек маалымат берди: "Президент Садыр Нургожоевич "...Коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым",- дегенде Камчыбек Кыдыршаевичти айткан жери жок. Кеп, Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, "Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы" деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда. МинКаб Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча буга чейин журналисттерге берген комментарийимди бурмалагандар же туура эмес түшүнгөндөр болуп жаткандыктан тактоо киргизүүнү туура көрдүм".
Ташиевдин тарапташтарынын бири, журналист Өткүрбек Рахманов Би-Би-Сиге Камчыбек Ташиев Германияда дарыланууда жүргөнүн, кеткенине 2-3 күн болгонун айтты. Рахмановдун маалымдашынча, Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин уккан.
УКМК орун басарлары да бошотулду
Ташиевдин ордуна Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
Мындан тышкары, Рустам Мамасадыков Коопсуздук кеңешинин катчысы кызмат ордунан бошотулуп, УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Ал арада президенттин жарлыгы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын бир нече орун басары ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул маалыматты президенттин маалымат кызматы ырастады.
Жарлыкка ылайык, төмөнкү адамдар кызматтан алынды:
Курванбек Авазов — УКМК төрагасынын биринчи орун басары;
Даниэль Рысалиев — УКМК төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору;
Элизар Сманов — УКМК төрагасынын орун басары - Антитеррордук борбордун директору.
Документке бүгүн кол коюлуп, ал жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент Садыр Жапаровдун башка тескемесине ылайык, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды. Алишер Эрбаев УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын Антитеррордук борборунун директору кызматына киришет.
Чек ара кызматы жана Күзөт кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Чек ара кызматы УКМКдан бөлүнүп, Мамлекеттик чек ара кызматы болуп кайра түзүлдү.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы болуп кайра түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, Абдикарим Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Абдикарим Алимбаев буга чейин УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – УКМКнын Чек ара кызматынын директору болуп иштеп келген.
Ушул эле күнү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол коюлду. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишти өркүндөтүү максатында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы (мындан ары – Мамлекеттик күзөт кызматы) түзүлдү.
"Мамлекеттик күзөт кызматы – Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген жана отчет берген атайын мамлекеттик орган, ал Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына кирет жана кайтарылуучу адамдардын жана объекттердин коопсуздугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген компетенциянын чектеринде камсыз кылуу боюнча күзөт иш-чараларын жүргүзөт" деп айтылат президенттин сайтындагы маалыматта.
Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасын жана орун басарларын кызмат ордуна президент дайындап, бошотору белгиленген.
Спикер кызматтан кетеби?
Ал арада 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетиши мүмкүн экенин жазды. "Өздүк булактардын маалыматына караганда, бул маселе жетекчиликтин жана айрым фракциялардын деңгээлинде талкууланууда" деп жазды 24.kg.
Нурланбек Тургунбек уулу учурда Түркияда сапарда жүрөт. Анын маалымат катчысы Алтынбек Деркембаев спикер кызматтан кетет деген маалыматты четке кагууда.
"Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун кызматына байланыштуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Аталган маселе Жогорку Кеңеште каралган жок. Учурда Төрага парламенттеги депутаттык топторунун жетекчилеринин коштоосунда Түркия Республикасында расмий сапары менен жүрөт",- деди Алтынбек Деркембаев.
Айрым малымат каражаттары болочок спикерлердин ысымдарын аташууда.
Камчыбек Ташиев жана тандем
57 жаштагы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун узактан берки үзөңгүлөшү катары саналып келет. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин Жапаровдун бийликке келишинде негизги ролдордун бирин ойногон саясатчы катары белгилүү. Ал 2020-жылдын 16-октябрынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп иштеп келген. Аны бул кызматка Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда дайындаган. Мындан тышкары Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын да аркалап келген.
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин тандеми Кыргызстандын эгемен тарыхында эң узакка созулган саясий өнөктөштүк катары да саналат. Соңку беш жыл ичинде саясий чөйрөдө Жапаров менен Ташиевдин ортосундагы болжолдуу пикир келишпестик тууралуу түрдүү сөздөр утур-утур айтылганы менен президент да, УКМК төрагасы да өлкөдөгү эки негизги саясий фигуранын ортосунда мамиле түз экенин баса белгилеп келишет. Акыркы жолу Ташиев президент Садыр Жапаровдун беш жылдыгына арналган документалдуу тасмада мындай пикирин дагы бир жолу айтып, аларды өлүм гана ажырата аларын баса белгилеген.
"Биз бири-бирибизге саясат үчүн, же байлык үчүн же бир таасир үчүн жардам берип, жөлөп-таяйлы деген оюбуз жок. Экөөбүздүн достук, адамдык сапаттарыбыздын дал келиши болуп калды. Ошол эле кезде биздин кызыкчылыгыбыз да дал келди. Биздин негизги кызыкчылыгыбыз – мамлекетибизди, кыргызды сүйгөндүгүбүз, кыргыз элин, кыргыз мамлекетин сүйгөндүгүбүз. Ушул дал келип калды. Бирок баары эле саясатта достук жок дешип, ар түрдүү адамдар бизди кагыштырганга аракет кылышып, ар түрдүү пландарын түзүшүп, ушул экөө урушуп кетсе, бизге да күн тийип калаар бекен дешип, үмүт кылып жүрүшпөдүбү. Азыр деле үмүт кылып кылып жүргөндөр бар. Ошолордун баарынын үмүтү, ою таш кабат. Таш капты жана мындан ары да таш кабат. Себеби, Садыр Нуркожоевичтин бийлигине же президенттигине мен кызыгып жаткан жерим жок. Садыр Нуркожоевичтен алып, президент болуп алайын деген оюм жок. Ошондой оюбуз жок болуп, бири-бирибиге бут тоспой, жөлөп-таяп келгенибиз үчүн мамлекетибиз оңолуп жатат", - деп айткан Ташиев.
Талдоочулар эмне дейт?
Камчыбек Ташиев Кыргызстанда президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу талкуу жүрүп жаткан учурда кызматтан алынды.
9-февралда коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жалпы 75 кишинин аты жазылган кайрылуу президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдонгон. Анда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу айтылган.
Кайрылууга кол койгондордун арасында экс-премьер-министрлер, бир катар коомдук ишмерлер, анын ичинде Турсунбек Чынгышев, Жантөрө Сатыбалдиев, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов, Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев жана башкалар болгон.
Буга чейин парламент мыйзам боюнча кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтүшү керектигин аныктаган.
Саясат талдоочу Эмилбек Жураев Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышын күтүлгөн окуя катары баалады. Анын айтымында, шайлоо мөөнөтүнүн тегерегиндеги конституциялык талаштар бул чечимди тездеткен, бирок мындай бурулуш эртеби-кечпи болмок.
"Ташиевдин кызматтан алынышы жакындап келаткан, күтүлгөн нерсе болчу. Шайлоо жакындаган сайын, Конституциянын алкагында талашка түшкөн шайлоо мөөнөтү маселеси ал чечимди дагы шаштырды. Бирок, кантсе де, эртеби, кечпи, мындай чечим орун алмак. Эки достордун достугу канчалык бекем болбосун, саясатта - өзгөчө мындай эң жогорку денгээлдеги саясатта - мындай тандемдин өз мөөнөтү болот, узун эмес, кыска болот каадасынча. Беш жылдан ашкан тандем - өтө узак, бекем тандем болду.
Мындан ары, ар кандай варианттар баары ачык, мүмкүн. Тилекке каршы, достук достук бойдон кала берүүсү күмөн. Бирок, бул саясий объективдүү кубулуш, буга кайгыруу керек эмес. Эң негизгиси - эки тарап тең жоопкерчилик менен, ар кандай тобокелчиликтерди эске алып, ырааттуу, конструктивдүү түрдө бул эпизоддон ары чыгып кетүүсү зарыл. Өздөрү - так ушул экөөнүн тандем күчү менен - орноткон, жетишкен стабилдүүлүктү бекем кармоого биринчи орунда кызыкдар болуусу зарыл", - деп жазды Жураев.
Экс-депутат Исхак Масалиев Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы мамилеге токтолуп, буларды айтты:
"Булар эми кармашка жеткирбей эле, сүйлөшүү жолу менен бүтүрүшөт го. Бирок саясатта түбөлүк достук жок. Бийлик талашканда ар кандай болот, балдары чоңоёт, экономикада кырдаал өзгөрөт дегендей. Бирок ошондой түшүнбөстүктөрдү булар чечип алат деп ойлогон элем. Мындай курч болуп кетерин күткөн эмесмин. 2020-жылы октябрда күзүндө булар көп нерсени сүйлөшкөн, көп иштерди чогуу кылган. Кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгон. Эми беш жыл өткөндөн кийин көздөрүн май басып кетип, муундарын бекемдеп, булчуңдары толуп, көз караштары башкача болуп адамдар өзгөрөт да".
Саясат талдоочу Венера Сайпидин Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышын күтүүсүз окуя катары баалап, муну жакындап келе жаткан президенттик шайлоо менен байланыштырды.
"Бул аябагандай күтүүсүз болду. Жалпы статистиканын тили менен жакшы деп айтылган менен, өлкөдөгү социалдык-экономикалык акыбал жакшы эмес. Геосаясий абал дагы туруксуз, өтө опурталдуу учур. Анан ушундай учурда күтүүсүздөн өлкөдөгү №2 деп эсептелген жогорку дараждагы адамды жумуштан алуунун зарылчылыгы жок болчу. Мунун алдыдагы президенттик шайлоо менен сөзсүз түрдө байланышы бар. Бул саясий стабилдүүлүккө кооптонууларды жана күдүктөнүүлөрдү жаратат. Күтүүсүз жаңылык болду, мунун өзү өлкөдө саясий жигердүүлүккө жана саясий опурталдуу кадамдарга да түртө турган маанай жаратат. Буга чейин 75 адамдын кол топтоосу чыгып кетпеди беле, ошонун өзү жакшы жышаан эмес болчу. Себеби, биз кол топтоп Конституцияны өзгөртүп ийгенден, кол топтоп шайлоонун мөөнөтүн өзгөртүп ийгенден кайтышыбыз керек. Бизде шайлоо өз мөөнөтүндө өтүп, ар бир президент мыйзамдуу келген прецдентент жаратышыбыз керек. 75 адамдын кол коюлган кайрылуу ушундай саясий маданиятты калыптандырууга каршы келет. Азыр убактылуу кызматтан алып, өкмөт башына алып келет дешип атпайбы. Бирок сөзсүз түрдө эле мамлекеттик кызматтан алып, резонанс жаратып, талкуу кылбай эле Эмгек кодексинде кызматтан кызматка которуу деген бар да. Ансыз дагы саясий маанайдын козутуунун эмне кереги бар эле? Бул бийликке дагы, элге дагы позитив алып келбеди, маанайды экиге бөлүп койду".
Ташиевдин саясий жолу
Ишкерлик менен алектенген Камчыбек Ташиев 2002-жылдан баштап мамлекеттик кызматта иштей баштаган.
2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2007-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындалган. Бирок, 2009-жылы премьер-министр Данияр Үсөнов менен пикир келишпестиктен улам кызматтан кеткен.
2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин кайрадан саясатка активдүү киришкен.
2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.
2011-жылы "Ата-Журт" партиясынан президенттикке талапкер катары чыгып, шайлоонун жыйынтыгы менен 3-орунду ээлеген.
2012-жылы Камчыбек Ташиев ошол кездеги депутаттар Садыр Жапаров жана Талант Мамытов менен чогуу Кумтөргө байланыштуу митингден кийин кармалышкан.
2014-жылы Камчыбек Ташиевдин "Ата-Журт" жана Өмүрбек Бабановдун "Республика" партиялары биригип, "Республика-Ата Журт" партиясын түзүшкөн. Бул партия 2015-жылы парламенттик шайлоодо 2-орунду алып, өлкө парламентинде 28 мандатка ээ болгон.
Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясын баштап чыккан.
2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаров экөө бийликке келген. Камчыбек Ташиев октябрда эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы болуп дайындалган.
Ал бул кызматта туруп, криминалга жана коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзүп жатканын бир канча жолу кайталаган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиялык жыйында Камчыбек Ташиев акыркы беш жылда коррупцияга каршы көрүлгөн чаралардын жана тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 352 миллиард сомдон ашык (болжол менен 4,14 миллиард АКШ доллары) каражат кайтарылганын билдирген.
































