Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Владимир Путинди «Манас» аба бекетинен президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путинди «Манас» аба бекетинен президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Орусиянын президенти Владимир Путин 25-ноябрдын кечинде мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Аны «Манас» аба бекетинен президент Садыр Жапаров тосуп алды. Орус президентини келишине аба бекетте атайын ардак кароол тизилип, оюн-зоок уюштурулду.

"Перрондо улуттук боз үйлөр тигилип, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөн эл маданиятынын элементтерин чагылдырып, улуттук кийимчен кыздар салттуу бий бийлешти. Андан соң мамлекет башчылар үчүн эки элдин музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусундагы чакан концерттик программа тартууланды" деп билдирди Президенттик администрациянын маалымат кызматы.

Путин Кыргызстанга жоон топ делегация менен келе жатканы маалымдалган.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков буга чейин билдиргендей, делегациянын курамында өкмөттөр аралык комиссияны жетектеген вице-премьер Алексей Оверчук, ички иштер министри Владимир Колокольцев, ошондой эле экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников, энергетика министри Сергей Цивилев, саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко, транспорт министри Андрей Никитин, спорт министри Михаил Дегтярев жана илим министри Валерий Фальков бар.

Ошондой эле делегация курамына Борбордук банктын төрайымы Эльвира Набиуллина, "Роспотребнадзордун" башчысы Анна Попова, "Росатомдун" башкы директору Алексей Лихачев жана ФСВТС жетекчисинин орун басары Михаил Бабич киргени айтылган.

Мындан сырткары, Президенттик администрациянын жогорку кызмат адамдары келе жатат.

Орус президентин коштоп, ири бизнес өкүлдөрү да келери маалымдалган. Алардын арасында таанымал ишкерлер Роман Абрамович, Муса Бажаев, Петр Фрадков жана бар.

Орусиянын президенти Кыргызстанга акыркы жолу мамлекеттик сапар менен 2019-жылы, ал эми расмий сапар менен 2023-жылы келген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Путиндин бул визити кыргызстандык мигранттардын көйгөйлөрү жана тигүүчүлөрдүн товарларынын чек арадан өтүү маселелери актуалдуу болуп турган шартта өтүүдө.

Сентябрь айынын башында орус бийлиги мыйзам бузууларга байланыштуу "көзөмөлдөөчү реестрге" кирген мигранттарды өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Бул тизмеге кирген 75 миңге жакын адам Кыргызстандын жарандары экени айтылган.

Экинчиден, Орусия тарап талаптарды кескин күчөткөндөн улам, Кыргызстандан товар жөнөткөн ишкерлер чоң чыгымдарга учурап жатканын билдиришкен. Маселен, кийим-кечек жөнөткөн тигүүчүлөр эки-үч айдан бери товарлары орус чек арасынан өтө албай калганына даттанышууда. Ошондуктан бул сапарда мигранттар жана тигүүчүлөр аталган көйгөйлөр көтөрүлөбү деп үмүт кылышууда.

Путин Кыргызстанда 27-ноябрга чейин болот. Бул тууралуу Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирген.

"Сапар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтөт жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот", – деген Сагынбек Абдумуталип.

Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана соода-экономикалык, каржылык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Жолугушууда соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулары айтылган.

Путин бул сапардын алкагында ЖККУнун саммитине да катышат.

Бишкектеги саммитте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы алмаша турганы белгилүү болду. Учурда аталган кызматты ээлеп турган казакстандык Имангали Тасмагамбетовдун ордуна Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков дайындалары белгилүү болду.

Таалатбек Масадыков учурда ЖККУ башкы катчысынын орун басары кызматын аркалап келет. Ал төрагалык кызматына 1-январда киришет.

Армения Кыргызстанда өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитине катышпай турганын билдирген.

ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Беларус, Армения мүчө.