"Кабыргамды, колумду сындырган". Ак-Сууда зомбулук көргөн Айзада

Сүрөттүн булагы, жеке архив
- Author, Айдай Аманкулова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
Ак-Суу районунун тургуну аялына дайыма зомбулук көрсөтүп келген деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди. Би-Би-Си жабыркаган келин жана түгөйлөр түтүн булаткан Кайырма-Арык айылынын тургандары менен сүйлөшүп, кеңири маалымат алды.
–Баштайсыңбы?!
–Баштабай эле, эч жакка барбай элемин го! (ыйлайт–ред.)
–(Сөгүнөт– ред.) Балдардын көзүнчө кыйкырып-өкүрүп, могул жакта айтышканыңды билесиңби?!
Ашканада аялын жерге жаткырып алып жекирип, балдарынын көзүнчө тепкилеп жаткан кишинин кылыгы тартылган видео 6-декабрда социалдык тармактарда желдей тарады.
Ага удаалаш Ысык-Көл облусук ички иштер башкармалыгы видеодогу киши кармалганын билдирди.
Маалыматка караганда, 25-ноябрда 33 жаштагы келин күйөөсүнөн көп убакыттан бери зомбулук көрүп келгенин айтып, милицияга кайрылган. Келин жолдошу аны быйыл 3-мартта ур-токмокко алганын, ал Ак-Суу райондук ооруканага кайрылганын, ошол маалда балдарын ойлоп, арыз жазуудан баш тартканын билдирген.
"Ал ошол учурда балдарын ойлоп, жараатын жыгылып кеткем деп айтып койгонун билдирген. Ооруканадан кийин дагы үч ай өткөн соң кайрадан уруп-сабап, мойнунан муунтканын айткан. Ошондой эле 2025-жылдын август айында И.А. ажырашуу чечимин кабыл алып, балдарын алып, ата-энесинин үйүнө кеткен. Андан тышкары 2025-жылдын 20-ноябрында Ак-Суу райондук сотуна ажырашуу боюнча жарандык арыз менен кайрылганын, бирок И.Э. орой мамилесин токтотпой, телефондон коркутуп, ыплас сөздөр менен сөгүп, видео тасмаларды жөнөтүү менен И.Анын абройуна шек келтирип жатканын билдирген", – деп айтылат Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматта.
Тергөөнүн жүрүшүндө соттук-медицинадык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында "анча оор эмес жаракат алган" деген тыянак чыгарылган.
Бул факты боюнча 5-декабрда Кылмыш-Жаза кодексинин "Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Келиндин күйөөсү, 38 жаштагы Э.И 6-декабрда камакка алынган.
"Үч жолу муунтуп, чачымды жулду"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си зомбулукка кабылган Айзада Иманалиева менен байланышты. Келиндин жакында эле атасы кайтыш болгон экен. Учурда өзү төрт баласы менен инсульт алган апасынын жанында. Айзада социалдык тармактарда тараган видео быйыл 27-июлда тартылганын айтып, ошол күн жөнүндө буларды баяндады:
"Ошол күнү эртең менен уй саап келгем. Чай даярдап, чайга отурганбыз. Бул (жолдошу –ред.) сопсоо туруп эле өткөн-кеткенди кеп кылып жатып, кашык менен чаап жиберди. Кашык тийбей калганда тура калып, үч жолу муунтуп, анан чачымды жулуп, жерге жаткырып туруп сабады. Видеону эки кызым тартып алышкан, алар да абдан коркуп калышкан экен".
Айзаданы күйөөсү 2010-жылы ала качып алган. Келин он беш жылдан бери эле зомбулук көрүп келе жатканын, жанга батканда милицияга кайрылууга аргасыз болгонун кеп кылды:
"Мен ушул убакытка чейин бирин айтсам, бирин айтпай келгем. Кабыргамды сындырган, колумду сындырган. Жазасын албай эле жыргап жүрө берсинби? Кошуналарымдын баары билет. Масында да сабачу, соосунда да сабачу. Мага да жан керек, жазасын алсын да. Кабыргам сынганда күйөөм жыгылып кеттим деп айтып койчу деп, машинеси менен өзү ооруканага алып барган. Анда да макул деп койгом. Колум сынганда да жыгылып кеттим деп койгом. Бирок бул болбой эле күчөдү. Акыркы айларда тез-тез кол көтөрүп, колуна эмне тийсе ошону менен чаап таштачу".
Сонку окуядан кийин ал 30-июнда балдарын алып төркүнүнө кетип калган. Бирок жолдошу анда да тынчыбай, телефон аркылуу коркутуп, ар түрдүү видеолорду жөнөтүп турганынын айтат:
"Ортодо атам кайтыш болду, унчуккан жокмун. Жашайм деген киши башкача мамиле кылат да, бул баарын тескери кылды. Менин да чыдамым кетти, аны милицияга айла жоктон бердим. Ким эле төрт бала менен жакшы күйөөдөн кетсин?! Расмий түрдө ажырашып, алимент кестирип алсам болот эле. Арыз жазгам. Алимент ала аламбы?"
"Соо кезинде жакшы эле жүргөнсүйт"
Би-Би-Си кылмышка шектүүнүн жакындары же адвокаты менен байланыша алган жок.
Бул үй-бүлө жашаган Кайрыма-Арык айылынын активисттеринин бири менен байланышканыбызда ал зомбулукту ашкерелеген видео соцтармактарда тарап кеткенден бери айылдын жигиттери уялып турганын айтты.
Кайырма-Арык айылынын башчысы Тилектеш Байгазиевдин билдиришинче, кылмышка шектелип жаткан жигит Жергез токой чарбасында торт жылдан бери токойчу болуп иштейт. Келин үй кожойкеси. Экөөнүн ортосунда төрт бала бар.
"Бул бала мурун да ушундай эле зордук-зомбулук иши боюнча кара жумушка кесилген эле. Эмне дейм? Бала ичкенде ушундай окуя болгон экен. Ичпегенде жакшы эле жүргөнсүйт. Чарбачыл. Коомдук иштерге активдүү катышат. Келинчеги созулган келин, байкуш. Ушак-айың менен иши жок. Балдарын жакшы багат", – деди Тилектеш Байгазиев.
Кылмышка шектүүнүн теңтуштарынын бири Рустам үй-бүлө тууралуу кыскача гана буларды айтып берди:
"Катардагы эле адам. Экөөбүз урушуп-талашкан эмеспиз. Айылда өз ишин так аткарат. Жумушунан тышкары мал базарга мал ташып иштейт. Эмгекчил. Келинчегине да сөз жок. Үй-бүлөсүнө тың, үйүнө барсаң сонун, суктанасың. Бирок үй-бүлөлүк маселесине аралашкан эмесмин, аралашпайм дагы".
Айзада төртүнчү жана экинчи класстагы кыздарын сентябрь айынан бери төркүнүндө окутуп жатат. Өзү болсо күйөөсү менен толук ажырашып, жаңы жашоо баштоого белсенүүдө. Күйөөсү ала качып кеткендиктен, ашпозчулук билимди толук албай калган. Ошентсе да май токоч, татуу токочторду бышырып, айыл тургундарына сатып турчу. Эми ушул чеберчилигин өркүндөтүүнү пландап жатат.

Кыргызстанда 2025-жылдын тогуз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 16 284 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 31,2% же 3 874 учурга көп.
Жалпысынан 435 факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын 280и сотко жөнөтүлгөн.
Зомбулук фактылары негизинен Бишкек жана Чүй облусунда көп катталган.
WPS (Аялдар, тынчтык жана коопсуздук индекси) деп аталган көрсөткүчкө ылайык, Кыргызстан 2021 жана 2023-жылдары эки ирет катары менен Борбор Азияда аялдар үчүн кооптуу өлкө катары таанылган. Кийинки индекс быйыл, 2025-жылы жарыяланат.












