Зеленский: Орусияны токтотпосо, ал Украина менен эле чектелбейт

"Эгер союздаштар колдоосун күчөтпөсө, көптөгөн өлкө Орусиянын агрессиясына туш болушу мүмкүн", - деди Зеленский

Сүрөттүн булагы, Michael M. Santiago/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Эгер союздаштар колдоосун күчөтпөсө, көптөгөн өлкө Орусиянын агрессиясына туш болушу мүмкүн", - деди Зеленский
    • Author, Рут Комерфорд
    • Role, BBC News

Украинанын президенти Володимир Зеленский эгер орус президенти Владимир Путинди токтотпосо, "ал согушту улантып, тереңдете берет" деп эскертти.

Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында сөзгө чыккан Зеленский эгер союздаштар бир жакадан баш чыгарып, колдоосун күчөтпөсө, көптөгөн өлкөлөр Орусиянын агрессиясына туш болушу мүмкүн деп маалымдады.

Ал аскердик технология өнүгүп жаткан чакта "ким аман каларын курал-жарактар чечерин", бардык өлкөлөрдү дүйнөлүк куралдар жарышы кооптондуруп жатканын жана жасалма акыл технологиясы боюнча глобалдык эрежелер кабыл алынышы керектигин кошумчалады

Ага чейин АКШнын президенти Дональд Трамп алгачкы жолу Украина бардык жерин кайтара аларын айтып, орус-украин согушу боюнча өз позициясын өзгөрткөн болчу.

Зеленский эл аралык институттар Украинага коопсуздук кепилдигин берүүдө "өтө алсыз" болуп жатканын, көптөн бери НАТОго мүчө болуу автоматтык түрдө коопсуз болуу дегенди билдирбейт экенин кошумчалады.

"Азыр адам баласынын тарыхындагы кыйратуучу куралдар жарышы күчөгөн маалда жашап жатабыз", – деп айтты Зеленский.

Мындан сырткары, ким биринчи өзөктүк курал алып жүрө алган жөнөкөй дрон чыгарат дегенге караганда учурда Орусияны токтотууга азыраак каражат кетерин белгиледи.

АКШ президенти Дональд Трамп менен украин лидери Володимир Зеленскийдин жолугушуусу, 23-сентябрь, Нью-Йорк

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ президенти Дональд Трамп менен украин лидери Володимир Зеленскийдин жолугушуусу, 23-сентябрь, Нью-Йорк

Украин лидери жасалма акылдын айланасында жана анын курал-жарак тармагындагы ролу боюнча эл аралык эрежелерди кабыл алууга чакырып, салттуу согушка караганда учкучсуз дрондор жана учактар кыйла коркунучтуу экенин кошумчалады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Зеленский Дональд Трампты мактоого алып, АКШ президенти менен жолугушуу "жакшы маанайда" өткөнүн кабарлады.

Шейшемби күнү ал, согуш аяктагандан кийин АКШ Украинага коопсуздук кепилдигин берүүнү көздөп жатканын журналистерге айткан болчу.

Бирок АКШ көбүрөөк курал-жарак, абадан коргонуу түзүмдөрүн жана дрондорду бериши мүмкүн экенин айтып, кеп кандай кепилдик тууралуу болуп жатканын тактаган жок.

Трамптын шейшемби күнү Киев Евробиримдиктин жана НАТОнун колдоосу менен жеңишке жетиши мүмкүн экенин айтышы бурулуш учур болду. Мурунку билдирүүлөрүндө Трамп тынчтык орношу үчүн Украина "жер алмашуу" сунушун кабыл алышы керек деп маалымдаган болчу.

Андан сырткары, АКШ президенти Орусияны "Украинада максатсыз согушуп жаткан" "кагаз жолборс" деп сыпаттады.

Ага жооп кылып, Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: "Орусия жолборс эмес, Орусияны көбүрөөк аюу менен байланыштырышат, ал эми кагаз аюу болбойт", – деп билдирди.

"Зеленский алып чыккан көз караштын таасири астында" АКШ президенти ушундай билдирүү жасашы мүмкүн. Мындай көрүнүш биздин учурдагы абалды түшүнүүбүзгө таптакыр карама-каршы келет", – деди ал.

Шаршемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен орусиялык кесиптеши Сергей Лавровдун сүйлөшүүсү Трамп өткөн айда Путинди Аляскага чакыргандан берки АКШнын Орусия менен эң жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болду.

АКШнын мамлекеттик департаменти тараткан кыска билдирүүдө Рубио Трамптын "Москва өлтүрүүлөрдү токтотуп, орус-украин согушу боюнча узак мөөнөттүү чечим боюнча маанилүү кадамдарды кабыл алууга чакырган" сөздөрүн кайталады.

Кремль жолугушуу боюнча азырынча комментарий бере элек.