Украинадагы согуш: Трамп оюн эмне үчүн өзгөрттү?

АКШ президенти Дональд Трамп менен украин лидери Владимир Зеленскийдин жолугушуусу, 23-сентябрьб Нью-Йорк.

Сүрөттүн булагы, Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп Киев "Украинанын бардык жерин баштагы калыбында кайра кайтарып алса болорун" билдирди. Бул анын Орусиянын Украинадагы согушу боюнча позициясы чукул өзгөргөнүн күбөлөдү.

Truth социалдык желесине жайгаштырган билдирүүсүндө, Трамп Орусиянын экономикасына кысым жасалып жаткандыктан Европа жана НАТОнун колдоосу менен Украина "согуш башталган кездеги баштапкы чек араларын" кайтарып алышы мүмкүн экенин жазган.

Ал шейшемби күнү Нью-Йоркто өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кайрылуу жасагандан кийин украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

АКШнын президенти согушту токтотуу керектигин кайталап айтып келүүдө. Бирок ал үчүн Украина айрым аймактарынан баш тартышы керектигин билдирсе, Зеленский аны кескин четке кагып жатты.

Өз билдирүүсүндө Трамп Украина "балким жада калса андан да узакка барышы мүмкүндүгүн" айтып, бирок кеп эмне тууралуу болуп жатканын тактаган жок.

Мындан сырткары ал Крым тууралуу сөз кылган жок. Орусия Крымга 2014-жылы басып кирип, аннексиялап алган. 2022-жылы Орусия Украинага толук масштабдуу басып кирген.

Трамп "Украина менен Орусиянын ортосундагы аскердик жана экономикалык кырдаалды толук түшүнгөндөн кийин" өз позициясы өзгөргөнүн айтат.

АКШ президенти «Путин жана Орусия чоң экономикалык туңгуюкка кептелгенин жана азыр Украина үчүн аракет кылууга зор учур болуп турганын» кошумчалап, Орусияны "кагаз жолборс" деп атады.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт. YouTube мазмунунда жарнама болушу мүмкүн

YouTube посттун аягы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ага жооп кылып Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: "Орусия жолборс эмес, Орусияны көбүрөөк аюу менен байланыштырышат, ал эми кагаз аюу болбойт", – деп РБК радиосуна билдирди.

Ал кошумчалагандай, Кремлдин лидери "АКШ президенти Украинадагы жаңжалды чечүүгө аракет кылып жатканын жогору баалайт."

Зеленский Трамптын позициясында "чоң өзгөрүү" болгонун кубаттады жана БУУнун имаратында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "согуш токтогондон кийин" АКШ Украинага коопсуздук кепилдигин берүүнү көздөп жатканын айтты.

Кийинчерээк Fox News маалымат агенттигине курган маегинде, Зеленский Трамптын Truth соцжелесине жазган Украина тууралуу позициясы таң калтырганын, бирок Трамп менен АКШ "согушту токтотууда биз менен бирге болот" деп аны "жакшы жышаан" катары кабыл алганын айтты.

"Путин президент Путинге көп жолу жалган айтты, мындан сырткары биздин ортобузда ажырымды пайда кылды деп ойлойм", – деп билдирди Зеленский.

Шейшемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөндөн кийин Трамп НАТО өлкөлөрүнө кайрылып, эгер Орусиянын учактары аба мейкиндигиңерди бузса, анда аларды атып түшүрүшүңөр керек деп билдирди. Жакында эле Орусиянын аскердик учактары жана дрондору бир нече жолу кээ бир НАТО өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин бузган болчу.

Польшанын тышкы иштер министри, ага соцжеледе "Жарайт" деп кыскача жооп берген.

Өткөн аптада Орусия аба мейкиндигин бузгандыктан Эстония менен Польша башка НАТО мүчөлөрү менен кеңешүүнү суранган. НАТОнун дагы бир мүчөсү Румыния да орус дрондору аба мейкиндигин бузганын кабарлады.

Шейшемби күнкү жыйындан кийин НАТО Орусиянын кадамдарын айыптаган билдирүү таратып, өзүн коргоо үчүн "зарыл болгон бардык аскердик жана аскердик эмес куралдарды" колдонорун эскертти.