Дональд Трамп: Европа тозокко батып баратат, ачык чек ара экспериментин токтотууга убакыт келди

Дональд Трамп БУУ трибунасында

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дональд Трамп БУУ трибунасында

АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү БУУнун трибунасында сүйлөп жатып, көзөмөлсүз иммиграция жана климаттын өзгөрүшү Европаны кыйратып жатканын айтты.

"Ачык чек аралар боюнча ийгиликсиз экспериментти токтото турган убакыт келди […] Силердин өлкөлөрүңөр тозокко батып баратат", — деди Трамп БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында.

Ал мунун алдында башка маданиятты, башка динди карманган мигранттар аларды кабыл алып жаткан өлкөлөрдүн маданиятын, экономикасын жана коомдук тартибин бузат деген жүйөлөрдү келтирди. Ошондой эле АКШ массалык мыйзамсыз иммиграцияны токтотконун кошумчалады.

Трамп бир сааттай сүйлөп, дүйнө лидерлерин сөз эркиндигин жана дин тутуу эркиндигин коргоого чакырып, азыркы учурда эң көп кысымга кабылган христиан дини экенин жана ал коргоого муктаждыгын баса белгиледи.

Ошол эле маалда ал Европа массалык миграциянын агымын токтотуу үчүн эч нерсе жасабай жатканын айтты.

"Эгер тез арада чара көрбөсө, иммиграция жана энергетика боюнча өзүн-өзү жок кыла турган идеалар Батыш Европаны өлтүрөт", — деди Трамп.

АКШ президенти көйгөйү көп өлкөлөрдөн келген качкындарга боору ооруй турганын белгиледи. Ошол эле маалда: "Өзүбүздө жаңы көйгөй жаратпай, биз алардын маселелерин өз өлкөлөрүндө чечишибиз керек", — деп кошумчалады.

Трамптын айтымында, Европанын "тозокко айланып баратканынын" экинчи себеби — климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн "жашыл энергетикага" өтүү саясаты.

Трамп энергияны кайра жаралуучу булактардан, өзгөчө шамал электр станцияларынан алууну негизсиз жана өтө кымбат иш катары атап, акыркы 40 жыл ичинде БУУда климаттын өзгөрүшүнүнө байланыштуу айтылган үрөй учурган божомолдорду "эң чоң көз боемочулук" деп мүнөздөдү.

Трамп мунай маселесин жана Путин менен болгон жакшы мамилесин кайрадан кеп кылды

Трамп Украина темасына келгенде мурда айткандарын эле кайталады. Ал Путин менен жакшы мамиледе экенин эске алып, согушту токтотуу оңой болот деп ойлогонун, азыр болсо АКШ согушту абдан тез токтото турган абдан күчтүү тарифтердин айрым айлампаларын киргизүүгө даяр экенин, бирок бул үчүн Европа Орусиядан мунай жана газ сатып алууну токтотушу керектигин белгиледи.

"Сиздер Орусиядан бардык энергия булактарын сатып алууну дароо токтотушуңуздар керек. Болбосо биз көп убактыбызды бекер коротуп жатабыз", — деди Трамп. Ал Европа Орусиядан мурдагыдай эле энергия булактарын сатып алып жатканын жакында эле билгенин жана билип калганы европалыктар үчүн жагымсыз сюрприз болгонун айтты.

Дональд Трамп

"Мага БУУ эмне берди?"

Трамп сөзүнүн маанилүү бөлүгүн БУУну сындоого арнады жана доомат климаттык маселелер менен гана чектелип калган жок.

Ал дүйнөдөгү жети согушту токтотконун кайрадан белгилеп, бул маселеде БУУ ага жардам берүүгө аракет да кылбаганына даттанды.

Трамптын логикасы боюнча, БУУ мигранттарга акчалай колдоо көрсөтүү менен АКШ жана Батыш Европаны көздөй агылган массалык миграциянын күчөшүнө шарт түзүп жатат.

Трамп трибунага чыгары менен телесуфлер иштебей жатканына арызданып, ошондой эле жубайы менен залга көтөрүлгөндө эскалатор токтоп калганын кошумчалады.

"Кана, мага БУУ эмне берет? […] БУУдан алганым — бузулган эскалатор жана бузулган телесуфлер", — деди Трамп.

Андан соң БУУ чоң потенциалга ээ экенин, бирок аны туура колдонбой жатканын кошумчалады.

сызык

Трамп глобализмге каршы чыкты

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Пол Адамс

Би-Би-Синин эл аралык кабарчысы

БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрайымы, Германиянын мурдагы тышкы иштер министри Анналена Бербок жыйындын ачылышында дүйнө лидерлерине кеңеш берди.

"Чыныгы лидерлик — бул өз эркиңди таңуулоо жана башкаларды басынтуу эмес", — деди ал.

Андан бир нече мүнөт мурун БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышуучуларга альянска мүчө өлкөлөр эгоизмге негизделген дүйнөдө жашоону каалашабы, же кызматташтыкка негизделген дүйнөдө жашоону каалашабы деген суроону узатты.

Андан соң Трамп келип, мындай либералдык сөздөрдү күлгө айлантып таштады.

Өз эркин таңуулоо – бул анын өзгөчөлүгү. Мындан тышкары башкаларды кемсинткенди жакшы көрөт. Ал бул сапатын дагы бир жолу тастыктап, өзүнөн мурунку президент Жо Байдендин алсыз жактарын жана кемчиликтерин сынга алууга үлгүрдү.

БУУну да жөн койгон жок. Уюмдун кереги барбы же жокпу деген суроону узатып, бузулган эскалатор жана телесуфлерге нааразычылыгын билдирди. Атүгүл көп жыл мурда Нью-Йорктун жөнөкөй магнаты жана девелопери болуп турганда БУУ имаратын мындан да жакшы жана арзан оңдоп бере аларын айтканын эске салды.

Бирок ал негизинен глобализмди, тактап айтканда, массалык миграция жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү сыяктуу көрүнүштөрдү бутага алды.

"Ийгиликтүү индустриалдык мамлекеттерден өзүнө зыян келтирүүнү жана коомду радикалдуу түрдө туруксуздаштырууну талап кылган глобализмдин концепциясынан толугу менен жана биротоло баш тартуу керек", – деди ал.

Бул Трампка мүнөздүү, талашсыз жана так билдирүү болду.

трамп

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

Трамп Украинаны колдоду

АКШ президенти Башкы Ассамблеясынын жыйынынын алкагында Украина президенти Володимир Зеленский менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Зеленский менен сүйлөшүп чыккандан кийин Дональд Трамп күтүүсүз түрдө Украинаны жактаган билдирүү жасап, Европа жардам берсе, Украина Орусия басып алган бардык аймактарды кайра кайтарып алса болорун билдирди.

"Украина-Орусия ортосундагы аскерий-экономикалык кырдаалды жана ал Орусия жаратып жаткан экономикалык көйгөйлөрдү көрүп-билип, толук түшүнүп, мен Украина Евробиримдиктин колдоосу менен согушууга жана баштапкы жерлерин кайтарып алууга кудуреттүү деп эсептейм", – деп жазды Трамп өзүнүн Truth социалдык тармагында. (AA)