Чек ара: Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасы

Макала жаңыланып турат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 17-сентябрда саат 12:37де Тажикстан тарап мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачылардын позициясын аткылаганын маалымдады.

Тажик тараптын күчтөрү миномет жана артиллериялык түзүмдөрдү колдонгону айтылууда. Кыргыз тарап ага жооп иретинде ок атып, бирок кырдаалды курчутпоо үчүн биринчилерден болуп ок атууну токтотконун билдирди.

Тажикстан тарап бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев тажикстандык кесиптеши, генерал-полковник Ражабали Рахмонали менен сүйлөшүү жүргүзүп, саат 14:20га карата тажик тарап миномет жана артиллериядан аткылоону токтотту.

Анткен менен саат 18:20да абал кайрадан курчуп, Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тажик тарап "Карамык" заставасындагы аскерлерге ок атуучу жана топтук куралдардан ок чыгарган деп билдирди.

"КР УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы аймактардагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Саат 19:00дө тажик тарап Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоону токтотту. Ал эми саат 21:00дө "Гулистон - Автожол" өткөрмө бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу өткөрүү пландаштырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чоң-Алай районунан 5034 адам эвакуацияланганын кабарлады. Анын ичинен 92 адам убактылуу жайгашуу пунктуна калган 4942 жаран жакындардыкына жайгаштырылды. Учурда тамак-аш жергиликтүү бийлик тарабынан берилгени маалымдалды.

Баткенде абал кандай?

16-17-сентябрда болгон кагылышуулар. Кыргызстандын күч түзүмдөрү белгиленген чекиттерден сырткаркы тилкелерде да тажик тарап ок атканын айтууда. Ак-Сай айылынын жанында Ворух анклавы жайгашкан

Сүрөттүн булагы, 2gis

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 16-17-сентябрда болгон кагылышуулар. Кыргызстандын күч түзүмдөрү белгиленген чекиттерден сырткаркы тилкелерде да тажик тарап ок атканын айтууда. Ак-Сай айылынын жанында Ворух анклавы жайгашкан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстан УКМК Чек ара кызматы 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн, жагдай “чыңалуу болгону менен турукташууга багыт алгандыгын” белгилеген.

17-сентябрь саат 00:10-00:40 аралыгында УКМКнын Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев тажикстандык кесиптеши, генерал-полковник Ражабали Рахмонали менен “Гулистон - Автожол” өткөрмө бекетинде жолугушуу өткөрдү. Ага Баткен жана Согди облусунун күч түзүмдөрүнүн башчылары да катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар саат 9:00дон баштап кыргыз-тажик чек арасындагы “чагымчылдык аракеттер жана ок атууларга” жол бербөөгө макулдашты. Бул үчүн биргелешкен ыкчам штаб түзүлдү, ага эки өлкөнүн жергиликтүү УКМК жетекчилери жана Баткен менен Согди облустарынын күч түзүмдөрүнүн башчылары кирет. Штаб “Гулистон - Автожол” бекетинде жайгашты.

Ал эми саат 08:50дөн 08:55ке чейин тажик тарап, буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарганы кабарланган. Саат 11:15те тажик аскерлери Достук айылына үч минометтук эсептен ок чыгарган. 

Мындан сырткары, саат 12:30-12:35те тажик тарап Төрт-Көчө тилкесиндеги ИИМдин Ички аскерлеринин позицияларын аткылай баштаган. Учурда бул инцидент боюнча иликтөө башталды.

Ал эми президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кыргызстан тажикстандыктар басып алган айылдарды бошотконун билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусуна 106,6 тонна гуманитардык жардам жеткирилгенин билдирди. Анын 33,5 тоннасы Маргун айылынын тургундарына таратуу үчүн жөнөтүлгөн.

"Материалдык резервдер фондусунан 6500 литр күйүүчү май, ун 25 тонна, шекер 4 тонна, өсүмдүк майы, 10 миң литр бөлүнгөн. Мындан сырткары, жарандардан, мекеме-ишканалардан чогултулган 90, 326 тонна азык-түлүк жиберилген", - деп билдиришти министрликтен.

Учурда Кыргызстандын аймагында гуманитардык жардам чогултуу пунктары уюштурулган: Ош облусунда - 42 пункт, анын ичинен Кара-Суу районунда - 18, Ноокат районунда - 15, Араван районунда - 9.

Ал эми Бишкек шаарында 24 пункт ачылган, анын ичинен Октябрь районунда жети, Ленин районунда алты, Свердлов районунда беш, Биринчи май районунда алты жана Ош шаарындабир пункт ачылган.

Азыркы учурда Баткен облусу боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Энергетика министрлиги куралдуу кагылышуунун кесепетинен 32 аймактагы дээрлик 10 миң турак жай электр энергиясыз калганын маалымдады.

Кыргыз тарап ок атышпоо келишимин так сактап жатканын билдирди

Марат Иманкулов

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Марат Иманкулов

Тажиксандын “Ховар” мамлекеттик маалыматтык агенттиги тажик атайын кызматынын алдындагы Чек ара күчтөрүнүн маалыматын жарыялады. Анда кыргыз тарап тынчтык келишимин бузуп жатканы айтылат. Бирок кыргыз тарап бул маалыматты четке кагып, жогорудагы маалыматты төгүндөдү.

“Бул чындыкка таптакыр дал келбеген маалымат. Алар Куралдуу күчтөрүнүн арасында өздөрүнө баш ийбеген адамдар жүргөнүн бизге оодара салып, таңуулагандай көрүнүп жатат. Биз аны кечээтен берип байкап жатабыз, бирок аны бизге оодарып койгону кандай? Кыргызстан тараптан Куралдуу күчтөргө, Чек ара жана башка күч түзүмдөрүнө баш ийбеген бир дагы топ жок. Жөн курал көтөрүп жүргөн бир да кыргыз жараны жок. Чек арачылар гана алар менен иш алып барууда”,- деди Би-Би-Сиге Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы макулдашууларга карабай тажик аскерлери 16-сентябрда саат 22:20да "Тамдык" чек ара бекетин аткылаганын билдирген. Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрда таңкы саат 8:50дө Паскы-Арык аймагы, 11:15те Достук айылына ок атылганын билдирди.

Сөз болуп жаткан маалымат агенттиги мындай мазмунда билдирүү жарыялаган эле.

“Буга чейинки макулдашууга карабай бүгүн Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Гани атындагы мурунку мектептин имаратына жайгашкан Кыргызстандын ИИМинин аскер бөлүгүнүн командири саат 11.10до өзүм билемдик менен “Исфара” чек ара күзөтүнүн “Душанбе” чек ара бекетин жана Исфара шаарына караштуу Сомониён айылын бардык куралдар менен аткылоого буйрук берди”, - делет тажик тараптын маалыматында.

Белгилей кетчү жагдай, кыргызстандык айрым интернет колдонуучулар “Ховар” агенттигинин сайтына чыккан бул билдирүүнүн шилтемесин ача албай жатышканын билдирүүдө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров элге кайрылды

Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында кайрылуу жолдоп, куралдуу кагылышууда каза болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

“Курман болгон бир туугандарыбыз бир чарчы метр жерди бербей, Мекен чегин көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти аткарып жатып курман болушту. Жаткан жерлери жайлуу болсун, Жараткан бейишинен орун берсин! Алардын үй-бүлөлөрү ар тараптан камкордукка алынарына сөз берем”, - деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров чек арадагы окуяларда Кыргызстандын “эр жүрөк чек арачыларынын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирем” деп белгиледи.

Президент салгылашууда Кыргызстан тараптан эле эмес, Тажикстандын аскерлери да оор жоготууларга учурап жатканын билдирди. Жапаров чек ара маселеси жөнгө салынбай, жер тилкелер талашка түшкөндө чыр-чатактар орун алып, жоготуулар болгонун белгиледи.

“Бирок, кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз”, - деди президент.

Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек ара тилкелер такталганын, учурда тариздөө маселеси калганын кошумчалады. Ал эми кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселелери дагы деле күн тартибинде турат.

“Тарых тастыктап келе жаткандай, чек ара маселеси - өтө кылдаттыкты, сабырды талап кылган оор маселе. Ошентсе да биз кыргыз-тажик чек арасын ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди бир мүнөт дагы токтотпойбуз”, - деп жыйынтыктады Жапаров.

Жоготуулар такталууда

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь саат 01:30га карата Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 24 кыргызстандык каза болгонун кабарлады. Буга чейин 15 жаштагы кыз дүйнө салганы тууралуу маалымат тастыкталган болчу.

Сөөктөрдүн 12си Баткен облустук бириккен ооруканасына, 10у Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборуна, экөө Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилген.

Мындан сырткары, 17-сентябрь саат 14:00го карата 121 адам жарадар болду - алардын көбүнчөсүсүнүн денесине ок тийген же жарылуудан алган жарааттар. Алардын ичинен:

  • Баткен облустук бириккен ооруканасына - 41;
  • Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борбору - 35;
  • Улуттук госпиталь - 21;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору - 6;
  • Сүлүктү Жалпы дарыгерлик практика борбору - 6;
  • Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борбору - 3;
  • Улуттук хирургия борбору - 1;
  • Ош облусттук ооруканасы -1.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова “Клооп” басылмасына берген маегинде эң жаш бейтап тогуз айлык ымыркай, эң улуусу 11 жаштагы бала экенин билдирди. Алты жабырлануучу - бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени кабарланды. Аларга операция жасалып, учурда абалы салыштырмалуу жакшы.

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: