Орусия vs Батыш: Санкциялардан ким көбүрөөк жапа чекти?
Алексей Калмыков, Би-Би-Си орус кызматы

Сүрөттүн булагы, EPA
Орусиянын Украинага кол салуусу аны Батышта “элден чыккан өлкөгө” айлантты. Бул салыштыра келгенде буга чейин санкцияга кабылган Иран, Түндүк Корея, Куба жана Венесуэла "башынан өткөрбөгөн" санкциялардын топтому болду. Жарым жыл өттү. Европа кризис менен күрөшүп жатат, ал эми Орусия “туруктуулугу” менен сыймыктанып, Кремль атагандай "атайын аскердик операциясын улантууда. Демек санкциялар иштебей жатабы?
Бул боюнча ар кандай пикирлер бар. Айрымдар “санкциялык томагавк* бумеранг болуп кайтты” дешет. Башкалар узак оюнда “аягында ким күлгөн жеңет” дешүудө.
*Томагавк - жергиликтүү америкалыктар (индейлер) колдонгон курал.
Владимир Путин “Орусияга каршы экономикалык блицкриг ишке ашпай калганын”, ал эми Батыштын санкциялары Европада бийлик алмашуу менен аяктай турган кризиске алып келерин айтат.
Батыш Орусиянын экономикасы архаикалык жана сырьёдон көз каранды болгондуктан биринчи кыйрайт деп жооп берет. Кылымдар болбосо да, ондогон жылдар бою ал толугу менен Батыштын технологиясына, инвестициясына жана рыногуна көз каранды болуп келген. Эми ал жок дегенде бир нече жылга алардан үзүлүп калды.
Согуш Батыштын жалгыз баш оорусу эмес. Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы пандемиянын кесепеттеринен, Кытай менен башка мамлекеттеринин өндүрүш жана соодасы үзгүлтүккө учурашынан, борбордук банктар ченди көтөргөндүктөн жана эмгек рыногунда көптөн бери чечилбей жаткан көйгөйлөрдөн, иммиграциядан, калктын улгайып баратканынан, дүйнөлүк жылуулук менен күрөшүүдөн чыккан жаратылыш ресурстарынын жетишсиздиги жана экономикалык реструктуризациядан улам кыйналып жатат.
Согуштан кийинки дүйнөлүк тартиптин нормаларын бузган агрессор менен эч ким дос болуп, соодалашууга каалоосун билдирбей деп келишет.
Бул көйгөй ушунчалык айкын болгондуктан 40тан ашуун өлкө Орусияга каршы санкцияларды колдоду: бир гана АКШ, ЕБ жана алардын эң жакын өнөктөштөрү эмес, мурунку санкцияларга кошулбаган Тайвань, Түштүк Корея, Швейцария жана Албания сыяктуу алыскы өнөктөштөр дагы кошулду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Санкциялардын толук тизмеси таң калтырат. Европанын өзүндө эле санкцияга кабылган орусиялыктардын 30 млрд евролук активдерин тоңдурду, ал эми Орусиянын Борбордук банкына 300 млрд еврого жакын алтын валюталык резерви эми жеткиликсиз. Батыш орус алмаздарын, мунай жана көмүрүн алуудан баш тартты. Ошондой эле Орусия дүйнөлүк каржы системасынан үзүлдү - ага жабдуулар жана кымбат баалуу буюмдарды сатууга тыюу салынды, элита үчүн чек араларды жабылды, эсептерди, яхталарды жана кыймылсыз мүлктөр камакка алынды.
Бул тирешүүнүн башталышы гана. Тоңдурулган активдер конфискациялана элек, бирок санкцияларды алып салуу үчүн эч кандай шарттар да коюлган эмес. Санкциялар күчүндө. Орусия үчүн алар Түндүк Корея же Иран сыяктуу эле жаңы реалдуулук. Бирок бул мамлекеттерден айырмаланып, Батыш Орусиядан санкциялар кандай шартта алына турганын талкуулай да элек.
Сурамжылоолор көрсөткөндөй, Орусиянын эң жакын жана ири соода өнөктөшү болгон Европанын калкы Кремлди Батыштан чететтүү саясатын колдойт. Сурамжылоолорго караганда, калктын 62% Орусия менен бардык экономикалык байланыштарды үзүүнү жактайт.
Башка өлкөлөр - биринчи кезекте Азиянын алдыңкы экономикалары Кытай жана Индия - санкцияларга кошулган жок. Бирок бийлик мажбурлабаса да Орусиядан качкан батыш компаниялары сыяктуу эле көптөгөн азиялык бизнесмендер дүйнөлүк экономиканын 2% гана түзгөн Орусия менен байланышты сактап калабыз деп Батыш рыногун жоготуп алуу тобокелдигине даяр эмес.
Ким көбүрөөк жабыркады: Орусия же Батыш?
Дүйнөлүк валюталык фонддун (ДВФ) акыркы эсептөөлөрүнө ылайык, экономикалык тирешүүнүн алгачкы айлары Орусиянын пайдасына аяктады. Орус экономикасы күтүлгөндөн жакшыраак болду, ал эми европалык экономика жазында ойлогондон да көп жапа чекти.
Эки негизги себеп: Орусияга карата толук эмбарго жок болгондуктан ал экспорттун рекорддук баасынын эсебинен жакшы киреше алууну улантты, ал эми ички керектөө катаал мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында анчалык деле азайган жок.
Бирок европалык рынок экономикасы күтүлгөндөн тез жана курч реакция жасады. Энергия баасы кескин кымбаттап, жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы (Кытайдагы COVID-19 чектөөлөрүнөн улам да) керектөө жана өндүрүштү начарлатты.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Экономисттер бул артыкчылык күмөндүү жана убактылуу болгонун эскертет: Орусия Европа, ал тургай океандын наркы жээгиндеги өнөктөштөрүнө караганда бир нече эсе көп зыян тартат деп болжолдонууда.
Батыш азыртан эле экономиканы жаңы реалдуулукка ыңгайлаштырууда. Кырдаалдан чыгуу үчүн батыш резервинде эбегейсиз чоң ресурстар бар - каржы, табият жана адам ресурсу. Ал Орусия менен "кош айтышканы" менен калган өнүгүп келе жаткан дүйнө өлкөлөрү, Кытай жана Индия сыяктуу өнүккөн өлкөлөр менен да соодасын улантууда.
Бирок Орусия эң бай рыногунан, технология жана акчанын негизги булагынан ажырап жатат. Экспорттук кирешелердин жана запастардын убактылуу өсүшү өндүрүш, импорт жана керектөөнүн төмөндөшүн жашырууда.
Бул европалык санкциялар толук кандуу күчүнө кире элек шарттагы эле көрүнүш.
Евробиримдик тарабынан түзүлгөн Европа университети институтунун алдындагы Роберт Шуман изилдөө борборунун экономисттери Батыштын Орусияга каршы толук соода эмбаргосунун натыйжаларын симуляциялады: орус экономикасы 14%, европалык - 0,7%, ал эми союздаштар - 0,2% гана төмөндөйт.
Зыян ар ким үчүн ар кандай, бирок батыш өлкөлөрүнүн бири да ички дүң продукциясынын (ИДПнын) 1,6% жоготпойт, деп эсептешет алар.
Экономисттер салыштыруу үчүн дагы төрт божомолду келтиришти, алардын ар биринде окшош натыйжа: Орусиянын ИДПсынын, реалдуу кирешелердин жана экспорттун төмөндөшүнүн масштабы ЕБ, АКШ жана анын союздаштарына салыштырмалуу бир нече эсе чоң болот.
Санкцияларга кошулбаган өлкөлөр Орусиянын батыш өнөктөштөрүн алмаштыруу аракетинин эсебинен пайда табышат. Бирок орусиялык товарларды жеткирүүгө жана төлөөгө кеткен чыгымдардын өсүшү натыйжада бул кирешени жокко чыгарат, дейт экономисттер Кытай, Индия жана Түркияны мисал катары келтирип.
Санкциялар иштеп жатабы?
Санкциялардын натыйжалуулугун баалоодо алардын максатын, мөөнөтүн жана көлөмүн эске алуу маанилүү.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Биринчиден, санкциялардын максаты эмне: узак мөөнөттүү перспективада Путиндин аскердик машинасын алсыратуубу же мүмкүн болушунча тез арада элдешүүгө жетишүүбү? Батыш лидерлери “узакка ойноп жатышканын” ачык айтышат. Белгилей кетсек, экономисттердин айтымында, Орусия согушту дагы бир жарым жылдай каржылай алат. Фронттогу кырдаал санкциялардын эффективдүүлүгүнүн көрсөткүчү эмес дегенди билдирет.
Экинчиден, мөөнөт. Финансылык санкциялар дароо киргизилген, бирок соода санкцияларын киргизүү бир нече айга созулду: орусиялык көмүргө европалык эмбарго августта гана күчүнө кирди, ал эми мунай эмбаргосу кышка жылдырылды - анын үстүнө ал толук эмес, түтүктөр аркылуу мунай жеткирүүгө тиешеси жок.
Жыйынтык чыгарууга али эрте, чектөөлөрдүн таасири убакыттын өтүшү менен күчөйт, дешет батыш чиновниктери.
“Санкциялар Орусияга күчтүү экономикалык кысым көрсөтүүдө жана ал күчөп баратат, - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. - Кремль экономикалык туруктуулукту көрсөткүсү келет, бирок далилдер башканы көрсөтүп турат. Убакыттын өтүшү менен санкциялар күчөй берет".
Муну улай үчүнчү суроо туулат - санкциялардын масштабы. Батыш туура иш кылдыбы, аша чаап кетпедиби, же тескерисинче аздык кылдыбы?
Бул суроого жооп берүү мүмкүн эмес, анткени тарыхта ири өзөктүк ресурстук державага каршы мындай санкцияларды киргизүү прецеденти жок. Батыш такталбаган чөйрөгө чечкиндүү кирди жана мындан кийинки кадамдарды жасоо же буга чейин жасалгандарды оңдоодон мурун анын кесепеттерин кылдаттык менен баалайт.
Ал экономикалык кысымдын олуттуу арсеналына ээ. Айрым саясатчылар менен экономисттер аны тез арада активдештирүү керек деп жатышат. Башкалардан шашпоону суранышат.
Резервдеги эки негизги курал - экинчи санкциялар жана толук соода эмбаргосу. Ушул убакка чейин Батыш Орусияга каршы экинчи экстерриториалдык (өз өлкөсүнөн тышкары) санкцияларды киргизген эмес. Башкача айтканда, үчүнчү өлкөлөрдөн аларды аткарууну талап кылган эмес, мисалы, Иранга каршы санкциялар сыяктуу.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Резервде толук соода эмбаргосу да бар. Батыш Орусиядан металл, азык-түлүк жана эң негизгиси энергетикалык ресурстарды сатып алууну улантууда. АКШ, Британия жана кээ бир союздаштар Орусиядан мунай, газ, көмүр жана мунай продуктуларынан толук баш тартышты, бирок алар аз, бир нече пайыздан ашык эмес көлөмдө гана сатып алып жүргөн.
Бирок Европа жакынкы жылдары орусиялык энергия ташуучуларды ордуна коё албайт. Ал бардык керектелген энергетикалык ресурстардын 55%дан ашыгын импорттойт, ал эми Орусия негизги жеткирүүчү болуп саналат. Орусинянын мунай жана анын продуктулары, газы жана көмүрү Европанын керектөөсүнүн дээрлик 25% түзөт.
Натыйжада Орусия мунай жана газ экспортунан күнүнө млрд еврого чейин киреше табат. Согуш башталгандан бери, кээ бир эсептөөлөр боюнча, бир гана Евробиримдик Орусияга мунай жана газ үчүн 80 млрд евродон ашуун акча төлөгөн.
Экономисттер Орусияга каршы каржылык санкциялар соода эмбаргосусуз эффективдүү болобу же жокпу деген маселеде бир пикирге келе албай жатышат.
"Каржылык санкциялар капиталды импорттогон жана күнүңкү эсептин тартыштыгы бар өлкөлөргө каршы жакшы иштейт. [Мисалы], 2018-жылы Түркияга каршы америкалык санкциялар чоң кризиске жана экономикалык төмөндөөгө алып келди. Орусияга каршы бул иштебейт, анткени ал профицитке ээ жана өзү капиталды экспорттоочу болуп саналат”, - дейт Робин Брукс, Эл аралык финансы институту (IIF) финансы чөйрөсүндөгү дүйнөдөгү алдыңкы ассоциациянын эксперти.
"Финансылык санкциялардын ордуна бизге Орусиянын экспортуна эмбарго керек. Бирок биз аны киргизбей жатабыз. Эч кандай кол тийбес Путин жок, "Орусиянын бекемдиги" жок. Биз жөн гана зыян келтирген жерге сокку ургубуз келбейт", - деп кыжырданды ал.
Бирок Батыш орус экспорттун жалгыз сатып алуучусу эмес жана бул тапшырма аткарылбай калышы мүмкүн, деп эскертет Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (CSIS) кызматкери Жерард Дипиппо.
"Биз Орусияны, айталы, валюталык кирешенин 30% ажыратып алсак да, ал дагы эле күн көрүүгө жана аскердик чыгымдарды каржылоого жетиштүү болот", - дейт АКШнын Борбордук чалгындоо кызматында (ЦРУ) 11 жыл бою улук экономикалык аналитик болуп иштеген Дипиппо.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кээ бирлери атүгүл чыгымдуу экспорттук эмбаргону унутуп, Орусиянын импортуна таасир эткен каржылык санкциялардын жыйынтыгын күтүүнү сунушташат. Алардын арасында Орусия боюнча адис, Экинчи дүйнөлүк согушка чейинки советтик экономика боюнча китептин автору жана Уорик университетинин экономика профессору Марк Харрисон да бар.
"Эмбаргого караганда натыйжалуураак санкциялар бар, алар азыртадан эле иштеп жатат. Сөз Орусияга сооданы каржылоого жана импорттоого тыюу салуу, ошондой эле батыш компанияларынын орус рыногунан чыгып кетүүсү тууралуу болуп жатат", - деп жазды Харрисон жана эмнеге экспорттук кирешелер Орусияга согушту каржылоого көп жардам бербей жатканын түшүндүрдү.
"Согуш үчүн ИДПнын көлөмү маанилүү эмес. Согуш иш жүзүндө колдо болгон ресурстардын эсебинен жүргүзүлөт. Бул максатка экспорт жарабайт. Бул максатка өлкөдө өндүрүлгөн жана импорттолгон нерселер гана жарайт. Демек, Орусиянын экспортунан түшкөн киреше валюталык резервдердин көлөмүн гана көбөйтөт. Анткен менен бул валюта менен эч нерсе сатып алууга мүмкүн болбогондуктан, ал Путиндин согушун каржылабайт”, - деп түшүндүрдү ал.
Буга чейин Орусияга жабдууларды жана технологияларды жеткирүүгө, ошондой эле импорт үчүн батыш валютасында төлөөгө тыюу салынган.
Батыш кризистин алдында солкулдайбы?
Батыш дагы, Орусия дагы санкциялар аларга эмес, душманга көбүрөөк зыян келтирип жатканын айтышат. Ошол эле учурда экөө тең жоготууга учурап, экономиканы калыбына келтирүүгө аргасыз болуп жатканын моюнга алышууда.
Бул көпкө чейин жүргөн оюнда ким биринчи солкулдайт деген суроо туулат.
Путин Европа үчүн экономикалык кризис саясий кризис менен аяктап, “сөзсүз деградацияга жана жакынкы келечекте элитанын алмашуусуна алып келет” деп ишенет.
Европалык лидерлер аны менен макул эмес.
"Пандемияны жеңдик, эмдөө колубуздан келди, ковидден кесепеттерин жоюуга акча таптык, - деди Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен. - Биз орус агрессиясына каршы ушундай биримдикти көрсөттүк. Биримдиктин аркасы менен Орусия тутанткан энергетикалык кризистен да чыгабыз деп ишенем”.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Бул согуштун эң жаркын европалык лидери, Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул кыйын болорун моюндады, бирок кысымды жана колдоону түшүрбөөгө убада берди.
“Дүйнө тартибин туруксуздануу, андан кийинки гуманитардык, энергетика жана азык-түлүк кризистери 24-февралда Украинага кол салган жалгыз Орусия жасаган тандоонун кесепеттери, - деди Макрон. - Биз тараптан эч кандай алсыздык, компромисске ишарат болбошу керек, анткени биздин эркиндигибиз жана дүйнө тынчтыгы коркунучта”.
Макрон кризистен чарчаган калктын күзгү нааразылык толкунуна даярданууда, деп эсептейт Британиянын француз саясаты боюнча мыкты эксперттеринин бири жана Евразия тобунун (Eurasia Group) европалык иштер боюнча эксперти профессор Миж Рахман.
"Бир жагынан, Макрон согуштан жана инфляциядан чарчаган ЕБ кыш мезгилинде санкциялар менен жардамды жумшартат деген Украинанын коркууларына (жана Орусиянын үмүтүнө) жооп берип жатат. Башка жагынан француз оппозициясы (солчулдар да, оңчулдар да) "контрпродуктивдүү" деп атаган санкцияларды жумшартууга же алып салууга үндөгөн тараптарга жооп кайтарууда. Баалардын көтөрүлүшүнө каршы демонстрациялар жана жөө жүрүштөр сентябрдын башында болот деп болжолдонууда", - дейт ал Макрондун билдирүүлөрү боюнча.
"Макрон алдын алып жатат. Ал алдыда келе жаткан кризисти а) Орусиянын иш-аракеттеринин кесепети жана б) эркиндик үчүн кутула албай төлөм катары көрсөтүүгө шашат”.
Европалыктар кандай ойлойт? Алар согуштан тажап баштады.
Тышкы мамилелер боюнча Европа кеңешинин изилдөө борбору (ECFR) тарабынан жүргүзүлгөн акыркы сурамжылоого ылайык, европалыктардын 42% өз өлкөлөрүнүн бийлиги Украинадагы согушка ашыкча көңүл бурат деп эсептешет. Бир аз азыраагы (36%) муну туура деп эсептешет. Сурамжылоо 10 өлкөнүн тургундарынын арасында жүргүзүлдү.
"Көптөгөн европалык мамлекеттерде жүргүзүлгөн сурамжылоо бийликтин расмий позициясы менен коомдогу маанайдын ортосундагы ажырымдын чоңоюп баратканын көрсөтөт", - деп моюндайт ECFR’дин изилдөөчүлөрү.
Өзгөчө румындар (58%), поляктар (52%) жана италиялыктар (48%) согуштун айынан аларды унутуп калганына нааразы. Бийликке эң аз нааразычы болгондор скандинавиялыктар менен британиялыктар.
Сурамжылоого ылайык, европалыктар Путинден коркушат: алар атом бомбасын таштайт (61%) же аларга кол салат (42%) деп коркушат. Ошондой эле жарандарды электр энергия жана жылуулуктун кымбатташы (61%) да тынчсыздырат.
Коркунучтуулардын кайсынысы жеңет - бул жаңы башталган талкуудан көз каранды.
Бул талкуунун жыйынтыгы санкцияларды убактылуу жеңилдетүү же белди бекем байлоо чечими болушу мүмкүн. Бирок коомдук пикир кескин өзгөрмөйүнчө эски мамилелерге кайтуу мүмкүн эмес.
"Сурамжылоо көрсөткөндөй, Европанын Орусия менен [мамилелеринин] үзүлүшү, жок эле дегенде орто мөөнөттүү перспективада артка кайтарылгыс. Европалыктар Орусиянын өздөрүнүн саясий коомчулугуна же башка структураларына алакалашуусун элестете алышпайт. Алар Орусия менен байланышы толук үзүлө турган келечекке даярданууда," - деп ECFR окумуштуулары сурамжылоонун жыйынтыктарын талдады.
Тарыхтагы эң катаал санкциялар
Орусияга каршы санкциялар буга чейин да болгон: адам укуктарын бузганы үчүн, Кремлдин оппоненттерин химиялык уулантканы үчүн, АКШнын шайлоосуна кийлигишкени үчүн, киберчабуулдар үчүн жана, албетте, 2014-жылы болгон Орусиянын Украинага каршы алгачкы чабуулу үчүн - анда ал Крымды тартып алган жана Донбассты туруксузданткан.
Бирок буга чейинки санкциялар негизинен Путинге жакын адамдарга жана коргонуу өнөр жайына багытталган болчу. Алардын максаты Кремлге Батыш анын жүрүм-турумун татыксыз деп эсептегенин жана аны “кучактабай турганын” көрсөтүү болчу. Бир гана бизнес - соода, финансы, космос.
Путиндин Украинанын калган бөлүгүн басып алуу үчүн аскерлерди жөнөтүү жана Батыш менен ЕБ өлкөлөрүнө сокку уруп, жерлерин тартып алуу коркутууларына чейинки ачык тирешүүгө өтүү чечиминен кийин баары өзгөрдү. Батыштын жаңы санкциялары аларды киргизүүнүн ылдамдыгы боюнча да, чектөөлөрдүн масштабы боюнча да, аларды колдогон өлкөлөрдүн саны боюнча да азыркы тарыхта болуп көрбөгөндөй болуп чыкты.
Алардын максаты мындан ары этикалык эмес, практикалык эле - Орусияны акчадан жана технологиядан ажыратуу, Путиндин согушту каржылоо мүмкүнчүлүгүн үзгүлтүккө учуратуу, жана бир гана Украинаны эмес, андан ары да Молдова, Балтика өлкөлөрүн жана башка жерлерди басып алуу үчүн адамдарды өлтүрүүгө тоскоолдук жаратуу.
Санкциялар эч кандай шартсыз - башкача айтканда, алар кандай шарттарда алынаары жазылган эмес. Алардын максаты - Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң ири согушту тутан-ырган аскердик-саясий машинаны жоюп салуу.
Орусия соода артыкчылыктарын жана жарандык авиациясынын бир бөлүгүн жоготту. Ал Батыштын кредиттери, адистери, инвестициялары жана технологиялары жок калды - анын аркасы менен ал жакырчылыктан чыгып, советтик пландуу экономиканын урандыларынын үстүнөн базар экономикасын түзө алган.
Дүйнөдө аларга татыктуу альтернатива жок. Бул Орусияны артка ыргытып, андан кийин өнүккөн дүйнөдөн изоляцияга алынып, узак мөөнөттүү туруп калууга дуушар кылат. (EB)








