Евробиримдик орус газын керектөөнү азайтат

Сүрөттүн булагы, Reuters
Украин бийлиги Орусия Европага саткан газдын ар бир кубунан же мунайдын ар бир баррелинен тапкан кирешесинен согушка жумшайт деп келет. Зеленский ушундай жүйө менен батыш өлкөлөрүн бул боюнча ойлонуп, чечим кабыл алчу убакыт жетти деген эле. Экинчи жагынан, орус газына же мунайына болгон көз карандылык көбөйдү деп Европанын айрым өлкөлөрү да жарыялаган. Эми алар биргелешип бул маселени чечебиз деп бел байлагандай.
Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн энергетика министрлери орусиялык газды керектөөнү ыктыярдуу түрдө азайтуу боюнча компромисстик макулдашууга келишти. Кеп августтан мартка чейин газга болгон көз карандылыкты 15%га кыскартуу жөнүндө болуп жатат, бирок кээ бир өлкөлөр үчүн келишимде анча деле кескин кыскартуу каралган эмес.
"ЕБнын мүчө-өлкөлөрү энергия менен камсыздоо коопсуздугун жакшыртуу максатында кышында жаратылыш газына болгон суроо-талапты ыктыярдуу түрдө 15% кыскартуу боюнча саясий макулдашууга жетишти", - деп айтылат Евробиримдиктин билдирүүсүндө.
“Газга болгон суроо-талапты азайтуунун максаты - кыштын алдында аны сактап калуу, анткени энергия ресурстрын курал катары тынымсыз колдонгон Орусия газдын берүүнү күтүүсүз үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн”.
Газды жеткирүүдө "авариялык абал" жарыялана турган болсо керектөөнү азайтуу милдеттүү болуп калышы мүмкүн. Бирок ЕБнын министрлери айрым өлкөлөр жана тармактар үчүн өзгөчө шарттарды түзүүгө макул болушту, анткени Евробиримдиктин ар бир өлкөнүн газ керектөөсүн милдеттүү түрдө 15%га кыскартуу сунушуна каршы чыккандар да болду.
Ал эми Евробиримдиктин башка мүчө-өлкөлөрүнүн газ түтүктөрүнө туташпаган кээ бир өлкөлөр башка альтернатива таба албагандыктан, газ сатып алуунун милдеттүү кыскартуусунан бошотулат.
Ал арада Еврокомиссиянын энергетика боюнча комиссары Кадри Симсон отурумдан кийинки басма сөз жыйын куруп, бир катар өлкөлөргө берилген бардык жеңилдиктерди эске алуу менен жетишилген келишимдер кыштан чыгууга жетиштүү болоорун айтты.
“Биздин алгачкы эсептөөлөр көрсөткөндөй, бардык [өлкөлөр] жеңилдиктерди толук кандуу пайдаланган күндө да, биз кыштан чыгууга мүмкүндүк берүүчү керектөөнү азайта алабыз”, - деди Кадри Симсон.
Reuters агенттиги ЕБдагы эки булагына таянып, бул макулдашууга Венгрия гана каршы чыкканын жазды.
Газды керектөөнү кыскартуу
Буга чейин, макулдашууга кол коюунун алдында айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрү 15% милдеттүү түрдө кыскартуудан качуу үчүн келишимде жеңилдиктерди түзүүгө аракет кылышкан.
Sky News кабарлагандай, бул керек болгон 45 млрд куб метр газды үнөмдөө боюнча келишимдин анчалык натыйжалуу болбой калышы мүмкүн деген кооптонуу бар.
Эсептөөлөргө ылайык, эгер Орусия газ берүүнү токтотсо Европа айтылган көлөм менен тынч кыштап чыга алат. Синоптиктер быйыл кыш суук боло турганын айтышууда.
Кайрадан оңдоо иштери
25-июлда орусиялык басылмалар “Газпром” ишканасы “Портовая” компрессордук станциясында дагы бир Siemens турбинасын калтырууга ниеттенип жатканын жазган эле (бул Орусиядан Европага чейинки “Түндүк агым” магистралдык газ куурунун бир бөлүгү). Компания муну турбинаны оңдоо зарылдыгы менен түшүндүрдү.
Натыйжада “Портовая” станциясынын суткалык продукциясы азыркыга салыштырганда дээрлик эки эсе кыскарат (67 млн куб метрден 33 млн куб метрге чейин).
“Газпром” кабарлагандай, шаршембиден тарта “Түндүк агым” аркылуу газды сордуруу анын кубаттуулугунун бештен бирине чейин кыскарат.
Бул кабардан кийин Европада газдын баасы 2000 доллардан ашты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми Германиянын өкмөтү газ берүүнү азыр азайтууга техникалык себеп жок деп эсептейт.
Чехиянын өнөр жай министри Йозеф Сикела “Газпромдун” Европага газ берүүнү кыскартуу пландарынын артында Владимир Путин өзү турат деп санайт.
“Биз кышында кандай суук болорун билбейбиз, бирок Путин газ менен шантаж кылып, ыплас оюндарын уланта берерин билебиз. Ошондуктан биз чарбаны жана экономиканы даярдашыбыз керек”, - деди ал.
Өткөн жылы газдын 40%ын Орусиядан алган Евробиримдик энергияны курал катары колдонуп жатат деп Орусияны айыптоодо. Германиянын бийлиги Орусияны ишенимдүү газ берүүчү катары эсептебей турганын буга чейин эле билдирген.
Ал ортодо орус бийлиги газ берүүнү азайтууну Орусияга киргизилген санкциялар менен байланыштырууда.
Шейшембиде президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дал ушундай билдирүү менен чыкты.
“Чындыгында турбиналарда көйгөйлөр бар. Капиталдык оңдоодон өткөн турбина (Канадада) келе элек, орнотула элек, жолдо турат. Бул эртерээк ишке кирет деп үмүт кылалы. Бирок дагы башка турбинада маселе бар. “Газпром” бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Биздин өлкөгө каршы киргизилген чектөөлөр жана санкциялар кырдаалды курчутат", - деди Песков.








