АКШ, Британия орус нефтисине тыюу салды. Евробиримдик газдын импортун кескин кыскартат
Дэниел Томас, бизнес кабарчы, BBC News

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ жана Британия орус нефтисине тыюу салды.Евробиримдик орус газынын импортун 67% чейин кыскартарын жарыялады.
ЕБ газдын 40% Орусиядан алат.
Бул чаралар энергетикадан көз каранды Орусиянын экономикасына зыян келтирүүнү көздөйт.
Американын лидери АКШ орус нефтисин, газын жана көмүрүн импорттоого тыюу салганын тастыктады. Анын айтымында, бул кадам америкалыктар путиндин режимине дагы бир катуу сокку урганын билдирет.
"Биз Путиндин согушун каржылоого кошулбайбыз", - деп кошумчалады Байден мырза.
Британия өкмөтү 2022-жылдын аягына чейин орусиянын нефтисинен жана нефти өнүмдөрүнөн толугу менен баш тарта турганын жарыя кылды.
Газдын баасы көтөрүлөт деген кооптонуулардын күчөгөнүнө карабастан, бул кадам АКШнын эки саясий партиясынын кеңири колдоосуна ээ болду.
Бирок АКШ бул кадамын орус газынан жана нефтисинен көбүрөөк көз каранды болгон европалык өнөктөрү жок эле бир тараптуу жасоого ниеттенүүдө.
Батыш орус нефтисин экспорттого тыюу салса, Орусия Германияга магистралдык газ түтүгүн жаап салышы мүмкүн деп эскерткен.
Евробиримдик газдын 40% жана нефтинин 30% Орусиядан алат жана жеткирүү үзгүлтүккө учураса, анын ордун оңой бастыра албайт.
АКШнын импортунда, нефтинин жана анын кайра иштетилген өнүмдөрүнүн 8% гана Орусиядан келет.
Орусия дүйнөдөгү үчүнчү эң ири нефти экспорттоочу жана энергетика тармагына каршы санкцияларды киргизүү анын өзүнүн экономикасына дагы чоң зыян келтирет.

Сүрөттүн булагы, AFP
Батыш орус нефтисин бөгөттөй бере турган болсо, Орусия Германияга газ жеткирген түтүктү жабышы мүмкүн экенин билдирди.
Вице-премьер-министр Александр Новак “Орусиянын мунайынан баш тартуу дүйнөлүк базар үчүн кыйратуучу кесепетке алып келет”, - деп билдирди. Ал натыйжада мунайдын бир баррели эки эсе кымбаттап, $300 чейин жетерин айтты.
Украинага басып киргени үчүн Орусияны жазалоо максатында АКШ шериктери менен тыюу салуу жолдорун талкуулап жатат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бирок Германия менен Нидерланддар андай планды дүйшөмбү күнү четке какты.
Евробиримдик газдын 40% жана мунайдын 30% Орусиядан алат. Эгерде аны камсыздоо үзгүлтүккө учураса, анын ордун оңой менен толуктай турган башка мүмкүнчүлүк жок.
Орусиянын телеканалында сүйлөгөн сөзүндө, Новак: “Европа базарында Орусиянын мунайынын ордун тез арада толуктоо мүмкүн эмес”, - деп билдирди.
“Европадагы керектөөчүлөр үчүн көп жыл талап кылынат жана бир топ эле кымбатка түшөт. Натыйжада алар катуу жабыркайт”, — деди ал.
Өткөн айда Германия "Түндүк агым 2" түтүгүн сертификациялоону токтотуп койгонуна кайрылып, нефти эмбаргосуна жооп чаралар көрүлүшү мүмкүн экенин кошумчалады. "Түндүк агым 2" - Орусия менен Германияны туташтырган жаңы газ түтүгү.
“Биз дагы окшош чечим кабыл алып, азыркы "Түндүк агым 1" газ түтүгү аркылуу газ берүүнү токтотуп коюуга толук акыбыз бар”, — деди ал.
Орусия жаратылыш газын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыда жана чийки мунай өндүрүү боюнча экинчи сапта турат. Ошондуктан анын энергетика индустриясына кандай гана санкция салынбасын, анын залакасы өлкөнүн эле экономикасына тиет.
Мындай чара көрүүнү Украина Батыштан өтүнгөн эле, бирок баалар асмандап кетет деген тынчсыздануулар болуп жатат. Инвесторлордун эмбаргонун айланасындагы кооптонуусунун натыйжасында дүйшөмбү күнү Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине $139 чейин чыгып кетти. Бул соңку 14 жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ысымы аталбаган булактарга таянып, Рейтер маалымат агенттиги кабарлагандай, АКШ шериктери жок эле бөгөт коюуну улантуунун көздөп жатат. АКШ Орусиядан мунайдын болгону 3% эле алат.
Дүйшөмбүдө Германиянын канцлери Олаф Шолц, бөгөттөөлөрдү кеңейтүү идеясын четке кагып, Европа Орусияга каршы энергетикалык санкцияларды “атайын жумшартканын”, анткени бүгүнкү күндө анын ордун бастыра турган “башка эч кандай мүмкүнчүлүк” жок экенин айтты.
Европа өлкөлөрү акырындык менен Орусиянын көмүрсуутегинен баш тартуу милдетин алышты. Ал эми Батыштагы айрым компаниялар Орусиядан келген энергияга бойкот жарыялаган же Орусиянын энергетика компанияларындагы үлүштөрүнөн баш тартарына сөз берген.
Новактын айтымында, орус компаниялары Европага мунай жана газ жеткирүү боюнча келишимде көрсөтүлгөн милдеттерин аткарып жатканына карабастан, АКШ менен Европа орус энергетикасына болгон көз карандылыгын азайтуу аракеттеринен улам басымга кабылышууда.
“Эбегейсиз басым”
“Биз күбө болуп жаткан, Орусиянын нефтиси менен нефтихимиялык өнүмдөрүнө эмбарго жарыялоо мүмкүнчүлүгүн талкуулоолор жана билдирүүлөр бизди тынчсыздандырып жатат”, — деди ал.
“Өнөктөрүбүз, трейдерлер, жеткирүүчү компаниялар, банктар жана каржылык институттар эбегейсиз басымга туш болгонун көрүп жатабыз”.
Анын комментарийи Украина менен Орусиянын Беларустагы сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы жүрүп жаткан учурга туш келди.
БУУнун качкындар боюнча агенттигинен дүйшөмбүдө билдиришкендей, 24-февралда согуш башталгандан бери 1,7 миллиондон ашуун украиналык Борбордук Европага качып барган. Анын ичинен бир миллиондон ашууну кошуна Польшада.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Рейтер агенттигине билдиргендей, эгерде Украина согушту токтотуп, өзүн нейтралдуу өлкө деп жарыялап, конституциясын өзгөртсө, Орусиянын Крымды аннексия кылганын жана Орусия колдогон сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардын эгемендигин тааныса, Москва операциясын токтотот.
Сүйлөшүүгө катышкан Украинанын өкүлүнүн айтымында, жай тургундарды эвакуациялоо үчүн логистика боюнча бир аз гана прогресс болгон жана жагдай жалпысынан өзгөргөн эмес.
“Азыркы учурга карата, кырдаалды олуттуу деңгээлде жакшырта турган эч кандай жыйынтык жок”, — деди Михайил Подоляк. (EA)












