Cогуштун 12-күнү: Орусиянын нефти экспортуна каршы жаңы санкциялардын талкуусу рублду кулатты

Газпром, Омск нефтини кайра иштетүүчү заводу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газпром, Омск нефтини кайра иштетүүчү заводу

Орус нефтисин экспортуна санкция киргизүү талкуусу, дүйшөмбүдө орус рублун кайрадан уратып, жаңы тарыхый минимумга түшүрдү.

Дүйшөмбүдө Москва биржасында доллардын баасы 116 рублга чейин жетти – бул тарыхый максимум. Кечке жуук ал 105 рублга чейин төмөндөдү.

Бийлик экспортоочу компанияларды валютасынын бир бөлүгүн ички базарда сатууга милдеттендиргенине карабастан рублдун куну качууда. Мындай кадам РФ ББнын интервенцияларын ордун басышы керек деп эсептелет.

Буга чейин РФ ББ рублдун курсун кармап туруу максатында валюта базарында соода жүргүзүп турчу. Батыш өлкөлөрү ББнын эл аралык активдерин тоңдургандан кийин ал валюталык интервенциялардан баш тартууга аргасыз болду. Дүйшөмбүдө экспортчулар валюталык интервенция кылыштыбы-жокпу, белгисиз.

Рублдун куну качышына АКШ менен ЕБ Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү талкуулашы себеп болууда. Жаңы санкцияларды бири – орус нефти өнүмдөрүн жана газды экспорттоого тыюу салуу болушу мүмкүн. Мисалы, Блумберг агенттиги, мындай чараны АКШ Конгрессинин эки палатасынын профилдик комитеттеринин башчылары макулдашканын билдирди.

Бул Россия үчүн абдан катуу сокку, анткени экономикага келип жаткан негизги акча булагынын көзүн бууп салат. Натыйжада ИДӨ 25%га кулайт, бул өлкөнүн дефолт жарыялоо коркунучун жаратары айтылат Capital Economics компаниясынын аналитикалык билдирмесинде.

Мындай сценарий ишке ашса, Орусиянын тышкы балансында көйгөй жаралат. Өлкөдө ички талап жана импорт катуу чектелет. Экономистердин болжолунда, мындай шартта доллардын баасы 200 рублга чейин жетиши мүмкүн. Өлкөдө инфляция 30%дан ашат. Бул өлкөдө дефолттор процессин тутантышы мүмкүн - компаниялар жана банктар банкрот болуп баштайт. Өткөн аптада, Красноярскийдеги экономикалык форумда, Олег Дерипаска үч апта ичинде көптөгөн мамлекеттик компаниялардын жана банктардын көбү банкрот болушарын болжогон. Нефти-газ сатуудан тапкан кирешесинен кол жууган мамлекет аларды колдой албай калат. Мындай болгондо, кризис ого бетер тереңдеши мүмкүн.

Бул эл аралык экономикага дагы чоң сокку болот. Brent маркасындагы нефтинин баасы дүйшөмбүдө $130дан ашты.

Capital Economics, Россиянын нефти-газын экспорттоо толук тыйылса, нефтинин баасы $160/баррелге чейин жетип, узак убакыт жогорку деңгээлде кармалып турушу мүмкүн экендигин болжойт. Бул Европада жана АКШда жашагандар үчүн үй жылытуучу отундун баасы өсөт дегенди билдирет.

Profinance.ru аггрегаторунун маалыматына ылайык, кечээ эл аралык валюта базарында бир доллардын баасы 150 рублга, евро 164 рублга жетти.

Сүрөттүн булагы, profinance.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Profinance.ru аггрегаторунун маалыматына ылайык, кечээ эл аралык валюта базарында бир доллардын баасы 150 рублга, евро 164 рублга жетти.

"Тынчтык абалы" жана гуманитардык өткөөлдөр

Буга чейинки гуманитардык өткөөл берүү аракеттеринин баары, биринчи кезекте курчоодогу Мариуполдон өткөрүү, ишке ашкан эмес. Тараптар бул боюнча бири-бирин күнөөлөп келишет.

Андан сырткары, Украина мындай өткөөлдөрдүн багытына караманча каршы. Орус тарап Орусия же Беларус территориясына чыгарууну сунуштоодо.

Ордунан берилген кабарларга караганда, Харьков менен Киевге мындай өткөөлдөрдүн кереги жок: алар курчоодо эмес, өлкөнүн башка бөлүктөрү менен транспорттук каттамы бар.

Украинанын президенти Володимир Зеленский, дүйшөмбүдөгү күндү жыйынтыктаган видеокайрылуусунда гуманитардык өткөөлдөр туурасында сөз кылып, орус тарапты бетпактыкка айыптады:

“Гумантардык өткөөлдөр тууралуу макулдашуу болгон. Иштедиби? Анын ордуна орусиялык танктар, “Граддар”, миналар иштеди”, - деди ал.

Володимир Зеленский, Украинанын президенти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Володимир Зеленский, Украинанын президенти

Зеленский: Каршылыктын ар бир күнү Украинанын позициясын чыңдап жатат

Володимир Зеленский, ошол эле видео кайрылуусунда:

“Бүгүн Беларуста сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду өттү. Айтаарым: үчүнчү жана акыркы, биз – реалисттербиз, ошондуктан биз сүйлөшөбүз, өз элибизге – мына, тынчтыкка ушундай жол менен келебиз - деп айтчу жол табылганча, биз сүйлөшүүлөр жүрүшүн талап кыла беребиз.

Тынчтыкка келчү жол. Биздин тынчтыкта жашоо келечегибизди кепилдөө үчүн, күрөшүбүздүн, каршылыгыбыздын ар бир күнү позициябызды бекемдеп, шарттарыбызды жакшыртып жатканын билишибиз керек”.

Procter & Gamble Россиядагы ишмердигин кыскартты

Батыштын ири компанияларынын Россиядан кетүүсү уланууда. Кечээ алардын катарын Procter & Gamble компаниясы толуктады. Кеткен компаниялардын тизмеси өтө узун болуп кетти. Бирок Procter & Gamble кетүүсү байкалбай калбайт.

Procter & Gamble – Pampers балдар жалаяктарын, Fairy идиш-аяк жуугучунун, Ariel менен Tide кийим жуугуч упурагын, Gilette устарасын, Head & Shoulders чач жуучу шампуну сыяктуу белгилүү көптөгөн жеке гигиена каражаттарын өндүрүүчүсү.

Жоготуулар: 52 учак; 69 тикучак

Украинанын аба-аскер күчтөрүнүн версиясы боюнча, согуш жүрүп жаткан 12 күн ичинде Орусиянын 52 учагы, 69 тикучагы атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Согуш жүрүп жатканда, тараптардын жоготуулар боюнча маалыматтарын тез тактоо же четке кагуу мүмкүн эмес экенин эскертебиз.

Россия салынган санкциялардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда

Россия – дүйнөдөгү санкциялар эң көп салынган өлкө болуп калды.

Салынган санкциялардын саны боюнча Россия Иран менен Түндүк Кореядан ашып түштү.

Castellum.ai. санкциялар маалымат корунун маалыматы боюнча, 22-февралга чейин Орусияга каршы 2754 чектөө киргизилген болсо, андан кийин дагы жаңы 2778 чектөө кошулуп, чектөөлөрдүн жалпы саны 5530дан ашты.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин отуруму

Кечээ, БУУнун генкатчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс, Украина элин согуштун каарынан сактап калуу керектигин билдирди.

“Жаңылыктардан эмнелерди угуп-көрүп жатканыбызды сүрөттөштүн кереги барбы? Жөн гана айтам: Миллиондогон тагдырлар талкаланды. Эл үйүн таштап кетүүгө аргасыз, дүкөндөр жабык, суу жок, электр жок, байланыш жок. Тегеректе снаряддар жарылууда”, - деди ал дүйшөмбүдө өткөн БУУ Коопсуздук Кеңешинин отурумунда.

Дүйнөлүк банк Украинага $500 млн шашылыш жардам берди

Бүгүн түнгө караган маалда, Дүйнөлүк банк Украинага $500 млн шашылыш жардам берди. Башында $350 млн тууралуу сөз болуп жаткан. Бирок Нидерланд менен Швециянын кошумча салымдары менен жалпы сумма $489 млнго жетт.

Жакынкы учурда банк Украинага дагы $234 млн жардам бөлөт. Укрианага багышталган жалпы жардамдын көлөмү $3 млрдга чейин жетмекчи.

БУУнун эсеби боюнча, Украиналык качкындардын саны 1,7 млнго жетти.

Россиянын айрым дүкөндөрү азык-түлүк сатууда чектөө киргизип баштады.

Россиянын айрым дүкөндөрү азык-түлүк сатууда чектөө киргизип баштаганы, колдонуучулардын Би-Би-Сиге жөнөткөн фотолорунан белгилүү болду. (CS)

"Лента" дүкөндөрүндө "Доширакты" бир кишиге 10 даанадан ашык сатууга чектөө киргизилген.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Подмосковьеден келген сүрөттөрдө "Лента" дүкөндөрүндө "Доширакты" бир кишиге 10 даанадан ашык сатууга чектөө киргизилгенин көрсө болот.
"Лента" дүкөндөрүндө эт консерваларын дагы бир кишиге 10 даанадан ашык сатууга чектөө киргизилгенин көрсө болот.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Лента" дүкөндөрүндө эт консерваларын дагы бир кишиге 10 даанадан ашык сатууга чектөө киргизилгенин көрсө болот.