Россия мунай экспортунан 100 күндө 100 миллиард евро пайда көрдү

Мунай

Сүрөттүн булагы, AFP

Жаңы изилдөөгө караганда, Россия мунай менен газдын экспортунан Украинада согуш башталган 100 күндө эле 100 миллиард евро пайда тапты. Бирок май айында анын кирешеси азая баштады. “Энергия жана таза аба” изилдөө борбору Евробиримдик менен АКШ Россиянын импортуна бөгөт коюп жаткан менен, Россиянын мунайын АКШ менен Европанын базарына өткөргөн олчойгон жыртыктар болуп жатканын эскертүүдө.

Би-Би-Синин бизнес боюнча кабарчысы Тео Леггет жиберген кабарга караганда, Россиянын мунай менен газ экспортунун көлөмү кыскарууда. Москванын энергия сатуудан алган кирешеси мартка салыштырмалуу азайды. Марттагы киреше күнүнө бир миллиард доллардан болуп жаткан.

Бирок ошондой болсо дагы Россиянын мунайдан тапкан кирешесинин көлөмү Украинадагы согуштун наркынан жогору болуп жатат.

Евробиримдик Россиянын мунайына эмбарго киргизип жатканы белгилүү. Бул Евробиримдиктин базарында орустардын мунайынын кыскарышына, бара-бара таптакыр токтошуна алып келиши керек.

Бирок ошону менен катар бул маалыматты жарыялаган изилдөө борбору азыркы учурда Россиянын мунайы абдан көп өлчөмдө Индияга жиберилип, ал жакта иштетилип, АКШ менен Европадагы кардарларга сатылып жатканын эскертүүдө.

Отчеттогу маалыматка караганда, Россия мунай сатуунун жаңы базарларын издеп жатат, анын мунайынын чоң бөлүгү деңиз транспорту менен ташылат. Ал эми буга иштеген кемелердин көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнө таандык.

Газпром

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Евробиримдик азырынча деңиз жолдору менен барып жаткан мунайга гана санкция салган. Майдын аягында болгон саммитте Евробиримдиктин лидерлери "Дружба" мунай кууру менен барып жаткан импортту азырынча калтырууну чечишкен эле, анткени Венгрия бул импортко көз каранды болуп жатат.

Россияга толук эмбарго киргизүүгө ошон үчүн бул өлкө каршы болуп келди. Бирок, Шарль Мишель басма сөз жыйынында, куур менен келип жаткан мунайдын импортун калтыруу дагы убактылуу иш деген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Санкциялардын алтынчы пакетин киргизүүгө демилге көтөрүп келген Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен билдирүү жасап, Евробиримдик жыл аягына Россиянын мунай импортунан 90% баш тартат деп жарыялаган.

Евростаттын 2020-жылдагы маалыматтарына караганда, Евробиримдик өзү керектеген мунайдын чейрек бөлүгүн Россиядан сатып алып келген. Европадагы андан кийинки чоң мунай импортерлорунун ичинде Сауд Аравия, Улуу Британия, Норвегия, Казакстан, Ирак жана Нигерия бар.

Россиядан мунай импорттоо токтосо, анын ордун оңой менен толуктай турган башка мүмкүнчүлүк жок. Россиянын вице-премьер-министри Александр Новак эки ай мурда “Россиянын мунайынан баш тартуу дүйнөлүк базар үчүн кыйратуучу кесепетке алып келет”, - деп билдирген эле.

Ал мунайдын бир баррели эки эсе кымбаттап, $300 чейин жетерин да айткан.

Россиянын телеканалында сүйлөгөн сөзүндө, Новак: “Европа базарында орустардын мунайынын ордун тез арада толуктоо мүмкүн эмес”, - деген. -“Европадагы керектөөчүлөр үчүн көп жыл талап кылынат жана бир топ эле кымбатка түшөт. Натыйжада алар катуу жабыркайт”.

Россия жаратылыш газын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыда жана чийки мунай өндүрүү боюнча экинчи орунда турат. Ошондуктан анын энергетика индустриясына кандай гана санкция салынбасын, анын залакасы өлкөнүн экономикасына оор тиет.

Мындай чаралар эң оболу Украинанын таламын талашып, Россиянын согуштук аракеттерин токтотуу максатында кабыл алынууда.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан

Россиянын мунайынан толугу менен баш тартууга Евробиримдикте Венгрия каршы болуп келатат.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Евробиримдиктин саммити башталар алдында журналисттерге Еврокомиссия Россиянын мунайынын импорту маселесинде жоопкерсиздик көрсөтүп жатат деп билдирген.

Анын айтымында, Еврокомиссия Россиянын мунайынан баш тартууну биримдиктеги өлкөлөр менен макулдашпай туруп жасап жатат.

"Энергетика - олуттуу маселе. Биз адегенде чечимдер керек, андан кийин санкциялар болушу керек",-деди ал.

Венгриянын өкмөтү Россиядан мунай алууга тыюу салууну өзүнүн экономикасына өзөктүк бомба таштоо менен салыштырууда. Ошондуктан Будапешт Россиядан мунай алуудан баш тартуудан келип чыккан зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселени Брюсселдин алдына коюп жатат.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий саммиттин алдында Евробиримдикте өзүнчө бир бааларды теңдөөчү механизм киргизүүнү сунуш кылды. Ошондо Россиянын мунайына эмбарго киргизүүгө каршы болуп жаткан Венгрия аны импорт кылуудан пайда көрбөй калмак. (КС)