Инопланеталыктарга кокусунан кезиксек кантип сүйлөшмөкпүз?

Кэтрин Лэтхэм, BBC Future

Изилдөө

Эгер инопланеталыктар бар болсо, албетте алар өз алдынча баарлашуунун уникалдуу жолун таап чыкса керек. Адамзаты алар менен кокусунан кездешип кала турган болсо кантип баарлашмак болду экен?

"Аларды кайдан издөө керектигин билебиз. Издөөнүн жолун дагы билебиз", – деген НАСАнын башкы окумуштуусу Эллен Стофан. Ал бул тууралуу 2015-жылы айткан жана бөтөн планеталыктарды жакынкы он жылдын ичинде аныктап чыгышаарын жар салган эле.

Андан бери он жыл өттү, бирок андай ачылыш болуп кеткен жок. Деген менен окумуштуулар жерден сырткары дагы алыскы планеталарда жашоо бар экенине мына-мына далилдер табылат деп ишенип турушат.

Бул теорияга азырынча так далилдер жок болсо да, кээ бир окумуштуулар окуянын мындай өңүттө өнүгүп кетишине дагы даяр болууга үгүттөөдө.

Эгер башка планеталарда чындап эле жашоо бар экени аныкталса эмне болот? Эгер ал акылга сыярлык болсо, анда биз "космостогу коңшуларыбыз" менен кантип байланышабыз? Окумуштуулар инопланеталыктардын тили кандай болушу мүмкүн жана качандыр бир кезде бири-бирибизди түшүнө алабызбы деген суроолорду бере башташты.

Бир жагынан алганда, адам баласы байыртадан бери тил тоскоолдуктарын жеңип келишкен. Колдонмо катары байыркы жазууларды жана тилдерди чечмелеген изилдөөчүлөр бардык адамдар үчүн универсалдуу жүрүм-турум белгилерин колдонушат. Мисалы, жазууда маанилүү нерсени белгилей алганыбыз илимпоздорго Розетта ташынын сырын ачууга жардам берди. Тагыраагы, биздин заманга чейинки 196-жылга таандык бир нече тилде чегилген Жарлык бизге байыркы Египеттин иероглифтерин чечмелөөнүн ачкычын таап берди.

Баарлашуунун универсалдуу ыкмасы – бул дене кыймылынын тили. Мисалы, Испан конкистадорлору Америкага келгенде, ал жакты байырлаган жергиликтүү тургундар менен баарлашуу үчүн жаңсоолорду жана ымдоолорду колдонушкан. Бирок, ал жолугушуунун жыйынтыгы трагедиялуу аяктап, кан төгүүгө чейин жеткендиктен андай баарлашууну жалпысынан натыйжалуу деп айтууга болбойт.

Бирок, адамдардын бири-бири менен баарлашуусу мезгил-мезгили менен эволюцияланган. Бөтөн планеталыктар адам баласынан таптакыр башкача ой жүгүртүп, жүрүм-туруму такыр башкача болушу мүмкүн. Эгер андай болсо алар эмнени айткысы келип жатканын кантип түшүнө алабыз?

Космостон Жерге кулак төшөсөңүз, болжол менен 7 100 түрдүү тил угулмак. Бирок, адамдардан тышкары, биздин планетаны башка жандыктар дагы байырлайт. Алар дагы бири-бири менен жандашып, баарлашышат.

Жаныбарлардын бири-бирин түшүнүүсү бизге башка цивилизацияларды аңдап, билүүгө жардам бере алабы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Миңдеген жылдар бою цивилизация татаал формаларды кабыл алып, ылайыктуу шарттарды (мутацияларды) сактап, жарамдуу болбогондорунан арылууда. Табигый тандоо ушундай жол менен жүрөт.

Жакында эле Иан Робертс Ноам Хомский, Кершенбаум жана башка алдыңкы биологдор, антропологдор жана лингвисттер менен биргелешип эмгектенген "Ксенолингвистика" китебин жарыялаган. Анда Жер планетасына байланышы жок баарлашуу тили кандай болушу мүмкүн экендиги изилденген.

Лингвист-теоретик Хомский тилди адамдын кызыкчылыктарын канааттандыруу жана адамдардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн иштелип чыккан чексиз ыңгайлашкан байланыш системасы катары аныктаган.

"Марста же Юпитердин спутниктеринде кандайдыр бир бактериялык жашоо болушу мүмкүн. Мени акылдуу организмдердин табияты кызыктырат. Демек, биз үчүн интеллектин критерийи эмне экендигин аныктоо керек?", – дейт профессор.

Робертс бул суроонун жообу технологиянын өнүгүшүндө жатканын белгиледи.

"Алар ошол жерде, өз планетасында отуруп, дагы ким бар деп ойлонушкан жокпу? Кызык, алар үчүн биз барбызбы?" – деп таң калат.

"Мисалы, бир космос кемесин же радиотелескопту куруп чыгуу чоң эмгекти талап кылат. Физика жана математика илимдерин "казууга" чейин барасың. Илимий теорияларды иштеп чыгып, бири-бириңиз менен кызматташууга жөндөмдүүлүк керек. Көптөгөн башка адамдарга сиз идеяларыңызды жеткире билишиңиз керек. Ошондуктан, [башка] жаныбарлар технологиялык жактан өнүгүп-өсө алышкан эмес", – деди ал.

Тилсиз цивилизациянын технологиялык өнүгүүгө жетүүсү мүмкүн эместигин Робертс кошумчалады.

Жаңсап сүйлөшүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңсап сүйлөшүү

Бөтөн планеталыктардын тили канчалык башкача болушу мүмкүн?

2022-жылы Робертс Кембриждин экзо-тил институтун (CIEL) түзүүгө жардам берген. Анын башкы максаты акыл-эстүү экзо-жандыктар менен баарлашуу жолдорун талдоо, инопланеталыктардын тили жана интеллекти биздикинен канчалык айырмаланарын изилдеп чыгуу.

Анын билдүрүүсүнө ылайык, адам баласынын тили жөн гана сүйлөө менен чектелбейт. Биз жазып, дене бойду кыймылдатып, колду чапкылап, кыйкырып-ышкырып жана бир топ башка жолдор менен байланыш түзөбүз.

"Адам баласы тилинин укмуштуулугу, ал кандай гана формада айтылбасын, ал түп-тамырынан бери бирдей касиетке ээ", – деп түшүндүрөт Робертс.

Ал арада бөтөн планеталыктардын тили кандай болушу мүмкүн деп суроо узатышууда.

"Акыл-эстүү экзо-жандыктар баарлашууну биз элестете албаган таптакыр башка жолдору аркылуу жүргүзүшү мүмкүн: "Ким билет, балким, феромондор, магнит талаалары аркылуу? Бирок эгер биз бул тилди чечмелей алсак, анда ал адамдын тилине абдан окшош экени анык", – деди профессор.

Эгер биз космостон кандайдыр бир ишарат алсак, аны билдирүү же жаңсоо катары чечмелеп алабыз деген кепилдик жок.

"Кайсы бир убакыт бою адамдар сигналдын табигый эмес экенин баамдай турган белгилери болуш керек деп ойлошкон. Бирок кээ бир асман телолору үзгүлтүксүз сигналдарды чыгарышат – мисалы, ошол эле квазарлар (астрономиялык түзүлүштөр). Ошол сигналдарда бир нерсе камтылып, жөнөтүлбөгөнүн далилдеш керек", – деп түшүндүрөт профессор.

Эң негизгиси, Робертстин айтымында, эки ортодогу окшоштуктарга көңүл буруу керек.

Розет ташы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Робертс 2015-жылы негизделген Messaging Extraterrestrial Intelligence (Meti) уюмунун Консультативдик кеңешинин мүчөсү. Уюм жерден космоско билдирүүлөрдү жөнөтүп, бир күнү ага жооп алууга үмүттөнүүдө.

Meti уюмунун билдирүүлөрү адамдын интеллектуалдуулугун көрсөтүүгө багытталган жана интеллектуалдык өнүгүү деңгээли окшош жерден тышкаркы жандыктар үчүн түшүнүктүү болушу керек болгон дүйнө жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Алардын арасында элементтердин мезгилдик таблицасы, ааламдын химиялык курулуш материалы жөнүндө маалыматтар камтылган.

Башка маалыматтарда табиятта кездешкен фигураларды сүрөттөгөн математикалык эсептөөлөр бар. Мисалы: суунун химиялык формуласы; суутектин физикалык касиеттери жөнүндө маалыматтар жана башкалар.

Telescope

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Бул идеянын башкы максаты, өзгөчө түрдө коддолгон негизги илимий маалыматты аларга жеткирүү. Аны чечмелей алган бардык инопланеталыктарга биздин илимий билимибиз бар экенин билдирүү", – дейт Робертс.

Демек, эгер акылдуу экзо-жандыктар бизге билдирүүлөрдү жөнөтүшсө, алар да ошондой кыла алмак беле? Жана биз аларды ылайыктуу сигналдар катары кабыл алабызбы?

"Менин интуициям мага алардын сигналдарын кандайдыр бир жол менен түшүнө аларыбызды айтып жатат. Анткени биз билдирүүлөрдү жөнөтсөк, алар да бизге бир нерсени жөнөтүүгө аракет кылышат", - дейт Робертс.

Бирок биз бөтөн планеталыктардын тилин чечмелей алабызбы? Сүйлөшө алабызбы? Робертс бул суроого, алар менен байланышка чыкканда гана билебиз дейт. (КВ)