Тоолуу Карабак: Раданын күйүтү жана маркум уулун эскерүүсү

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR PIROZHKOV / BBC
- Author, Ольга Просвирова, Ольга Ившина
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
Тоолуу Карабактын картасын кайрадан сызган согуш аяктагандан бери эки жылдын жүзү болду. Кан майдандын эки тарабында тең сегиз миңден ашык энелер өз уулдарын жерге беришти. Он миңдеген кишилер үйлөрүнөн ажырады. Азербайжан дээрлик 30 жылдан бери күткөн жеңишин майрамдады. Би-Би-Синин кабарчысы Карабактын калкы азыр кандайча тиричилик кылып жатканын жеринен билүү максатында соңку согуштун натыйжасында расмий Бакунун көзөмөлүнө өткөн конуштарды кыдырып чыкты.
Эки жылдан бери Азербайжан өзүнүн жеңишин даңазалап чагылдырып келет. Тоолуу Карабак эбегейсиз зор курулуш аянтына айланды. Жаңы асфальт төшөлүүдө, эски мечиттер оңдолуп, көпүрөлөр салынууда, аба майдандары курулууда. Бул аймакта жоокерлерге, сапёрлорго жана ал түгүл карапайым тургундарга салыштырмалуу жумушчулар алда канча көп.
Азербайжан армяндар мындагы жерлерди ойрондоп, бүлгүнгө учуратышкан болчу, ал эми биз бул аймакка гүлдөгөн турмушту кайтарып жатабыз, деп бардык күчү менен тастыктап көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок көп жылдар бою өз мекенине кайтып келүүнү кыялданган кишилер карабактык качкындардын жатаканаларында тыгылып байырлоосун улантууга аргасыз, анткени алар көчүп келе турган жайлар дайын эмес.
"Бизде жөн набыт кеткендер жок"
Алдыңкы күндөр жылуу жана ачык болчу, бирок 21-октябрда мурдагы кан майдан тилкесинен 30 чакырымдай алыстыкта жайгашкан чакан Барда жергесинде катуу шамал согуп турду. Жергиликтүү көрүстөндө жаңы гүлдөр салынган оор идиштер шамалдан улам оодарылып кетип жатты.

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR PIROZHKOV / BBC
Рада Гурбанова көрүстөндүн жолу менен кудум өзүнүн короосунда бара жаткандай басып жүрдү. Ал бейиттердин жанындагы кулап түшкөн вазаларды ишенимдүүлүк менен түздөп, шамалдан учуп түшкөн Азербайжандын желегин кайра ордуна тагып, көрүстөндөгү соолуган гвоздикаларды ыкчам жыйнап, белинен сындырып, таштанды челегине ташып жатты.
Рада айымдын кебете-кешпири эки жыл мурдагысындай эле: этеги узун кара кардиган, баягы эле кара сумка, баягы эле жипке байланган көз айнек. Ал башын толук чулгаган кара жоолук салынып алган.
Бүгүн – анын уулу Худаяр каза болгон күн. Ага арналган эстеликте Худаяр 23-октябрда курман болгон деп жазылган, бирок Раданын түшүндүргөнүнө караганда, дал ошол күнү уулунун сөөгү бул мүрзөгө коюлган экен.
Аскер кийимин кийген, жылмайган Худаяр гранитке чегилген сүрөттөн өз энесин карап турат. Сүрөттө ал сол колун аскердик кителине коюп, жарым-жартылай бурулуп турат. Маркум уулуна салам айтып, Рада бул колдун элесин өөп койду. Эне өзү салынган жоолуктун учу менен эстеликти аарчып, муздак ташты кайра өөп койду.

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR PIROZHKOV / BBC
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Согуштан эки жыл өткөн соң деле Рада көрүстөнгө күнүнө бир нече жолу зыярат кылууну улантып келет. Эми ал ыйлабайт, кабагын гана түйүп коёт. Көздөрү олуттуу жана ойлуу.
"Ыйлайын десем, эмнегедир бир нерсе тоскоол болуп жатат. Эч ким жокто өксүй алам, башка учурда анте албайм. Анткени бул балдар биз үчүн колунан келгендин баарын жасашты. Бир жоокер мага минтип айтты: бизде – жөн өлгөндөр жок, бирок ыйык казат шейиттери бар. Каза болгон баатырлар – адилеттүү мүдөө үчүн шейит кеткендер. Эгерде алар өз жерибиз үчүн салгылашпаган болсо, анда мен уулумдун шейит кетишине эч жол бербейт элем. Мен өз жанымды өзүм кыймакмын же анын артынан ээрчип барып, өлүмгө жеткирбей токтотмокмун. Бирок бул уруш өз жерибиз үчүн болгондуктан, ага каршы эч нерсе айта албадым".
Борбор шаардагыдай жасана кийинген бир аял эки кызы менен мүрзөгө жакындап келе жатты. Алардын татынакай кийимдери бейиттердеги кара таштардын тушунда көзгө өөн учурагандай болду.
Бул айымдар Рада менен учурашып, андан соң Худаярдын эстелигине жакындап келип, бейит ташты өөп, сүрөткө да түшүштү.
– Туугандарыңызбы?
– Жок, жөн эле келишет. Бул көрүстөнгө азербайжандар бардык аймактардан келип турушат.

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR PIROZHKOV / BBC
Худаярды Азербайжанда жакшы билишет. Ал 22 жашында ыктыярчы катары кан майданга аттанып, Армения менен чектеш болгон Зангелан ооданындагы чабуулга катышкан болчу. Азербайжандын аскерлери 2020-жылдын 20-октябрында бул райондун борборун кайрадан бошотуп алган. Дал ошол күндөрү Худаяр өз уюкфонуна өзүн өзү видео тасмага тартып алган экен.
Раданын уулу набыт кеткен жер
Согуш аяктагандан кийин Радага уулу каза болгон Зангеланга барууга уруксат берилген. Бул чакан шаарга баруучу жол Азербайжан-Иран чек арасын бойлоп өтөт. Ээн-эркин жете турган акыркы конуш – Хорадиздин артында чек ара тозоту жайгашкан. Эки жылдын ичинде ал тозот автоматтык шлагбаумдар менен жабдылып, ага жакын жерде жумушчулар үчүн үстү жабык аялдама да курулган.

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR PIROZHKOV / BBC
Зангеланга карай кетчү жол – кыйла узак. Армян аскерлери бул шаарды 1993-жылы басып алышкан. Согуш учурунда шаар өзгөчө бүлгүнгө учураган, бирок 2020-жылга чейин ал жерде калайык байырлап келчү. Азыр шаар бош эместей сезилет. Аскердик автоунаалар, курулуш материалдары бар жүк ташуучу унаалар шаардын жолдорунда ары-бери өтүп жатышат.

Биринчи кезекте бар күчтөр шаардагы жамы мечиттин кайра калыбына келтирилишине тартылды. Мечит аймагы курулуштук тактайларга тирелип турат. Мечиттин кире беришиндеги аянт буга чейин эле тазаланып коюлган экен. Азербайжанд аскерлери эки жыл мурда Зангелан шаарына кайрадан кирген учурда жамы мечитте чочкокана жайгашкандыгы ашкереленди.
Ал эми жамы мечиттин айланасындагы имараттар дагы эле кыйраган бойдон кала берүүдө.

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR PIROZHKOV / BBC
Акыры Рада Гурбанова өз кенжеси Худаяр набыт кеткен жерди бул шаардын аймагынан тапты. Мындагы жолдун эки тарабында тең жапжашыл бадал, бак-дарактар шынаарлар өсүп турушат. Бак-дарактын артында эски үйдүн урандылары жайгашкан. Бул кыйраган үйдүн дубалдары, жада калса чатыры дагы сакталыптыр. Кыртыштан булайып чыгып турган куурларда тешиктер байкалат. Алар – ок атышуулардын издери.
Рада улутунуп айтты: "Бул – менин уулум акыркы жолу дем алган жер. Теңсиз салгылашуу маалында ал жүрөксүздүк көрсөткөн жок. Мага ал мени дал ушул жакка чакырып жаткансыйт. Мен үчүн Зангелан шаары – уулум Худаяр".
Рада уулунун Зангеландагы өлгөн жеринен – октун сырт кутучалары да жуурулушкан топурактан бир уучту өзү менен кошо ала кетти. Эми бул бир ууч топурак Рада айымдын Барда жергесиндеги үйүндө өзгөчө вазада сакталып турат.
Эстутум күзгүсү
Рада үйүнүн кире беришинде бут кийимин чечип, конокко келген кабарчыларды ичкерки бөлмөгө чакырды. Караңгыда бөлмөнүн бурчунда автомат кармаган киши тургансыган. Рада жарыкты күйгүздү эле, бул сөлөкөт анын маркум уулунун картондон жасалган сөлөкөтү экени айгинеленди.

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR PIROZHKOV / BBC
Бул бөлмө – коноктор кабыл алынчу бөлмө экенин түшүнүү үчүн көп убакыт талап кылынбайт. Бул жердеги эмеректердин ичинен дасторкон столу, бурчтуу диван, журналдык үстөлчө жана телевизор аспабы көзгө дароо урунат. Бир аз жарака кеткен шыпта чоң хрусталь люстра илинип турат.
Бөлмөнүн калган бөлүгү эстутум үчүн уюштурулган музейге окшоп кетет.
Худаярдын жүзү бөлмөнүн чар тарабынан: дубалдардагы мозаикалык чоң туш кийиздерден, дивандагы жаздыкчалардан, ондогон фото сүрөттөрдөн карап турат. Сиз дивандын бир тарабына гана отура аласыз: анын берки жагында Худаярдын портреттери жайгашкан.
Дубалдардын биринде чыныгы музей витринасы жайгашкан. Айнектин артында набыт болгон жоокердин аскер кийими турат. Текчелерде Худаярдын медалдары жана анын ар кыл жеке буюмдары (күбөлүк, саат, капчык, унаанын ачкычтары, кур жана толук кубаттуу телефон) жайгашкан.

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR PIROZHKOV / BBC
Худаяр Рада айымдын төрт уулунун эң кенжеси болчу. Атасы каза болгондо ал бир айга жете элек наристе эле. Рада кенже уулун өзү жалгыз чоңойткон.
"Чынында Худаяр өзүн-өзү аскер кишиси сымал ар дайым тартипке салып өстүрдү. Балдардын баарын эртең менен сабакка ойготуу керек, Худаяр болсо дайыма өзү туруп, кийимин өзү кийинип алчу. Ал музыкалык мектепти аяктаган кезинде мен ага айттым: “балким, сен консерваторияга бараарсың?” Ал: "Мен музыкант болгум келбейт, жоокер болгум келет", – деп жооп кайырган болчу.
Худаяр чек ара аскер күчтөрүндө прапорщик болуп кызмат өтөп жаткан.
Худаяр өз ыктыяры менен кан майданга кеткенин оболу энесине айткан эмес. Ал сейрек кездешкен тынч сааттарда гана энесине кат жазып же телефон чалып калчу.
Анын согушта жүргөндүгү тууралуу Рада кенжесинин кесиптешинен кокустан билип калыптыр: "Уулум мени эмне үчүн алдап койгонун сураган деле жокмун, анткени ал мени санаага батыргысы келбегенин түшүндүм. Бирок мен санааркап жүрдүм. Согуш – бул кан төгүү жана коркунуч; анын ар мүнөтүндө ар кандай нерсе болуп кетиши ажеп эмес".

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR PIROZHKOV / BBC
Худаярдын өлүмү тууралуу алгач Раданын өз бир тууганы кабардар болуптур. Кайгы соккусун жумшартыш үчүн ал оор кепти мисал айтуу менен баштаган: бир үй-бүлө көптөн бери персенттүү болбоду, бирок, бактыга жараша, акыры Теңир аларга кыз берди. Бир нече жылдан кийин кыз күтүлбөгөн жерден чарчап калыптыр. Кызынын чарчагандыгын аялына кабарлап жатып, күйөөсү: «Эгерде кимдир-бирөө бизге аманат сактоого бир нерсе берсе, аманатты кайтарып бересиңби?» – деп сурайт имиш. Аялы: "Албетте, кайтарып берем. Башка бирөөнүкү ээсине кайтарылышы керек", – деп жооп берген экен.
Рада андан соң бир тууганынан оор кабарды укту: “Теңир бизге Худаярды сактоо үчүн берди. Ошентип, биз анын аманатын кайтарып бердик”.
Рада айым дал ошондой усулдун көмөгү менен өзүнүн кенжеси набыт болгонун аңдаган болчу.
Согуш аяктагандан бери эки жыл өтсө дагы бозгун азербайжандардын кыйласы Тоолуу Карабакка ээн-эркин кайтып келе албай жатышат. Бийликтер "акылдуу" айылдарды долбоорлоп, жамы мечиттерди оңдоп жаткан чакта, бул аймактан чыгып кеткен көптөгөн бозгундар дагы эле качкындарга арналган жатаканалардын тар бөлмөлөрүндө эптеп-септеп байырлап келишет. Алар кичи атажуртундагы каргашалуу согуштун айынан кыйраган үйлөрүн акыры калыбына келтире алабыз го деп дагы эле үмүт байлап жатышат. (TT)















