Израил Иранга сокку урду. АКШ буга тиешеси жок экенин билдирди

Сүрөттүн булагы, ABEDIN TAHERKENAREH/EPA-EFE/Shutterstock
Израил жумага караган түнү Ирандагы буталарга сокку ура баштады. Тегеран бул аракет Ирандын өзөктүк программасына каршы багытталганын айтып, чабуулдарга жооп кайтарууга даярдык көрүү үчүн өзгөчө кырдаал жарыялады.
Биньямин Нетаньяху видеокайрылуу жасап: "Биз Ирандын өзөктүк программасынын өзөгүнө сокку урдук. Натанз шаарындагы уран байытуучу негизги жайды бутага алдык. Ошондой эле Ирандын баллистикалык ракета жасоо программасынын "жүрөгүнө" да сокку жасалды", — деди.
Ал аскерлер ирандын өзөктүк программа боюнча илимпоздорун да бутага алышканын айтты.
Нетаньяху операция Иран жаратып жаткан коркунучту жок кылуу үчүн канча күн керек болсо, ошончо күн уланарын белгиледи.
"Израил мамлекети Иранга каршы алдын ала сокку ургандан кийин жакынкы келечекте Израилге жана анын карапайым калкына каршы ракета жана дрондор менен чабуул жасалышы ыктымал", — деп айтылат билдирүүдө.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, Израил Тегеран жана башка шаарлардын калк жашаган аймактарына сокку урган.
Маалымат агенттиктери Тегерандагы ракета чабуулдарынан жабыркаган турак жайлардын сүрөт-видеолорун жарыялашты.
Соккудан Ирандын борборунда жайгашкан "Ислам революциясынын сакчылар корпусунун" баш кеңсеси жабыркаганы айтылды.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кийинчерээк чабуу маалында "Ислам революциясынын сакчылар корпусунун" башкы командачысы Хоссейн Салами набыт болгону айтылды. Аталган уюм анын өлүмү үчүн Израилден өч аларын жарыялады.
Мындан тышкары Ирандын өзөктүк илимий кызматкери жана Атом энергетикасы уюмунун мурдагы жетекчиси Ферейдун Аббаси да өлтүрүлгөнү кабарланды.
Израилдин Коргоо күчтөрүнүн өкүлү Израиль аскерлери Ирандын өзөктүк программасына сокку уруу үчүн "алдын ала, так жана биргелешкен операцияны" баштаганын кабарлады.
Ал соккулар "Иран режиминин Израилге каршы уланып жаткан агрессиясына" жооп иретинде жасалганын кошумчалады.
Билдирүүгө ылайык, операциянын алгачкы баскычында Израилдин ондогон аскерий учактары Ирандын ар кыл аймактарындагы объектилерине сокку урган.
"Бүгүн Иран өзөктүк куралга жетүүгө мурда болуп көрбөгөндөй жакын турат. Жапырт кыргын салуучу курал Иран режиминин колуна тийсе, бул Израил мамлекетинин өзүнө коркунуч жаратып эле тим болбостон, бүтүндөй дүйнө үчүн да олуттуу коркунуч болуп эсептелет", — деп белгилешти Израил армиясынын өкүлдөрү.
Билдирүүдө армия "зарыл болгон учурда күжүрмөн аракеттерин улантууга толук даяр" экени айтылат.
Reuters агенттиги иран мамлекеттик медиасына таянып билдиргендей, Тегерандын түндүк-чыгыш тарабында жарылуулар угулуп жатат. Би-Би-Си журналисттери да Тегерандагы тургундары аркылуу жарылуулар болгонун тастыкташты.
Reuters агенттигинин Ирандагы өз булагы Натанз шаарындагы заводдун жанында да жарылуулар болгонун билдирди. Бул шаар Тегерандын 200 чакырымдан ашык аралыкта жайгашкан. Ирандык жогорку даражалуу аткаминери агенттикке өлкө жетекчилиги шашылыш жыйын өткөрүп жатканын маалымдады.
Ирандын мамлекеттик медиасынын маалыматына ылайык, Тегерандын эл аралык аэропортунда бардык авиа каттамдар убактылуу токтотулду.
Ал арада Израилде түн ичинде аба чабуулдарын эскертүүчү айгай жаңырды. Израил бийлиги да өлкөнүн аба мейкиндигин убактылуу жаап койгонун жарыялады. Flightradar24 кызматынын маалыматына караганда, Бен-Гурион аэропортуна багыт алган учактар башка аба майдандарына багытталып, каттамдар өзгөртүлгөн.
АКШнын расмийлери эмне деди?

Сүрөттүн булагы, AFP
Чабуулдан бир нече саат мурда АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Иран менен маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө үмүт артарын билдирип, Израилди Иранга сокку уруудан баш тартууга чакырган.
"Мен бул сөзсүз болот деп айткым келбейт, бирок болушу мүмкүн окшойт", – деген АКШ президенти.
Анын айтымында, Ирандын өзөктүк программасы боюнча "абдан жакшы" келишимге жетүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок Израилдин Иранга чабуулу бул мүмкүнчүлүктү жокко чыгарышы ыктымал.
"Мен алардын кагылышуусун каалабайм, анткени бул бардык аракеттерди ойрон кылат", — деп кошумчалаган Трамп.
The Wall Street Journal гезити өткөн түнү өз булактарына таянып, Израил Иранга чабуулду жекшемби күнү жасашы мүмкүн экенин кабарлаган.
Axios басылмасынын өз булактары кабарлагандай, АКШ Израилге бул операцияга катышпай турганын алдын ала билдирген.
Израил чабуул баштагандан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон операцияга катышпаганын тастыктады.
Анын айтымында, Израил АКШга өзүн коргоо максатында Иранга каршы жасаганын билдирген.
Би-Би-Синин Ак үйдөгү кабарчылары билдиргендей, Дональд Трамп азырынча акыркы окуялар боюнча расмий билдирүү жасоону пландай элек.
Ал эми CNN маалыматына ылайык, Трамп Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу өз администрациясы менен шашылыш жыйын өткөрдү.

Сүрөттүн булагы, Prime Minister's Office
Кыргызстан: ТИМдин сунушу
Бул арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн жарандарды жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырды.
Мекеменин сайтында жарыяланган билдирүүдө мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргыстандын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталары айтылат. (АА)












