Суук менен тайгактын азабын жегендер
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, ӨКМ
Казакстандын аймагында кар күрткүнүн кесепетинен жолдо калган он алты Кыргызстан жараны өлкөгө алынып келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда Кыргызстандан барган куткаруучу топ Казакстандын Кордай ашуусунда карга тыгылып калган жана жолдон чыгып кеткен унааларды чыгарууга көмөк көрсөттү. Ал үчүн ӨКМнын отуз тогуз куткаруучусу жана алты техникасы тартылды.
Ал ортодо казак бийлиги катуу сууктан жана бороондон улам Жамбыл облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизип, республикалык маанидеги жолдор жабылганын маалымдады.
Соңку күндөрү Кыргызстанда дагы абанын температурасы кескин төмөндөдү. 13-декабрга караган түнү Бишкекте -23,5 ⁰ суук болду.
Кыргызстан баюнча эң төмөнкү көрсөткүч Чүйдүн Сокулук районунда
(-33⁰) жана Таластын Бакай-Ата районунда (-31⁰) катталды. Өлкөнүн бардык аймагында мектептер жана бала бакчалар эки күнгө онлайн окууга өттү.
“Же иштесин же жумуштан кетсин”

Сууктун түшүүсү менен борбор калаада дагы жолго, транспортко, электр энергиясына байланыштуу маселелер жарала баштады. Бишкекте Ала-Арча суусу нугунан ашып, көчөлөрдү каптады.
Айрымдар социалдык тармак аркылуу коомдук транспорт, жылытуу системасы жакшы иштебей, жүргүнчүлөр үшүп жатканын жазып чыгышты. Дагы башкалары электр жарыгы үзгүлтүккө учураганын айтып, “романтикалуу жашоо башталды” деп шакаба чегип жатышты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындай маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында дагы көтөрүлдү. Депутат Мейкинбек Абдалиев алгачкы кар жааган күнү Бишкектин жолдору тазаланбай, шаар тургундарын түйшүккө салганын сындады.
“Тазалык” ишканасынын жетекчиси мен кыйраттым деп эле интернеттен чыкпайт. Түндө кар жаады, эртең менен бир дагы көчөдө кар тазаланган жок. Кесепетинен канчалаган окуучулар мектептен, кызматкерлер иштен кечикти? Болгону “Манас” проспектине туз себимиш этиптир, калган көчөлөрдөгү кар алынган эмес. Ал жетекчи эмес эле блогер болуп кетти. Жолдун баары тоң. Канчалаган унаалар авария болуп жатат. Ал киши же иштесин же жумуштан кетсин”,- деди депутат.
Ушундай эле сын пикир депутат Жанар Акаев тарабынан билим берүү министрлигинин дарегине айтылды. Министрлик кычыраган кышта калаадагы 215 миң мектеп окуучусун азапка салды деди. Таң заардан туруп мектепке кеткен балдардын, аралыктан окуу деп кайрадан үйлөрүнө кайтып келиши министрликтин ишинин чабалдыгы деп баалады.
“Ата-энелерди чоң түйшүккө салдык. Эшикте суук кандай экенин көрүп жатасыздар. Эмне үчүн күн мурун эскертүү бербейсиңер? 215 миң окуучуну суукта ушундай абалга калтырганы үчүн министрлер кабинети тиешелүү жетекчилерге сөзсүз чара көрүүсү керек”,- деди Акаев.
“Алыбызга жараша иш кылдык”

Сүрөттүн булагы, Facebook
Мэрия жетекчилиги дагы суук түшкөндөн тартып, эки колун боорун алып отурбаганын айтып, тиешелүү кызматтар ишин пландагыдай аткарып жатат деди. Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиевдин айтымында, шаарды кардан тазалоо жана муздан арылтуу үчүн 38 атайын техника каралган. Андан тышкары жөө адамдар жүрчү жолду тазалоого сегиз унаа бекитилген. 643 киши тротуарларды муздан арылтуу үчүн тартылса, 119 киши кар ташуу үчүн бөлүнгөн.
“Тазалык” ишканасы штаттык түрдө иш алып барууда. Алгачкы күнү кар 18 саат тынбай жаап берди. Бул жалпы бир айлык көлөмүнүн 65 пайызын түздү. Тынбай жаагандыктан техника бир жолу тазалап кетип, кайра айланып келгенче жолдорду кар басып калып жатты. 8-декабрдан тартып техника тынган жок, пландык түрдө тазалоо иштери жүрүп жатат. Аны бир саат ичинде эле тазалап жок кылуу мүмкүн эмес. Албетте, бир аз маселелер бар. Учурда техниканы автоматташтыруу ишин күчөтүү аракетин көрүп жатабыз. Ал боюнча каражат бөлүнүп берилди. Ыкчам сатып алуу процесстери жүрүп жатат”,- деди вице мэр.
Ал депутаттар талап кылгандай тазалоо иштерин ыкчам жүргүзүү үчүн техникалардын санын көбөйтүү керек экенин айтты:
“Учурда негизги жолдордо 28 техника иштеп жатат, анда алардын санын 40 жеткирүү керек. Тротуарлар үчүн дагы техниканын көлмүн 3 эсе көбөйтүү зарыл. Жолдор тазаланбай калган жок. Балдар кызматын аткарып жатат. Алгачкы кар жааган түнү акимдер, “Тазалык” ишканасынын башчысы болуп баарыбыз иш үстүндө жүрдүк”.
Аба ырайы өзгөргөндөн тартып тайгаланып жыгылып, ар кандай деңгээлде жаракат алып доктурга кайрылгандар дагы көбөйдү. Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын маалыматына караганда, күнүгө 15-20 чакты адамга жардам көрсөтүлүп жатат.
“Адеп кар жааганда эле 25 киши кайрылды. Алардын арасында колу-буту сынып кетип операция болгондор жана баш мээсинен травма алгандар дагы бар. Көпчүлүгү тротуардан тайып жыгылган кары-картаңдар. Арасында тоңуп калган үй жайсыз адамдар дагы бар”,- деди оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Илимбек Манапов.
Каттамдар кантип жатат?

Сүрөттүн булагы, facebook
Бишкекте коомдук транспорттордо шарттын жоктугу тууралуу шаар тургундары маал-маалы менен нааразы пикирлерин билдирип турат. Абанын температурасы төмөндөгөндө социалдык тармактарда талкууга алынган дагы бир маселе ушул болду.
Жүргүнчүлөр коомдук транспортторун каттамы жайлаганы аз келгенсип, ичи ит өлгөндөй муздак деген жазууларды сүрөтү менен кошо жарыялай баштады.
Транспорт департаментинин маалыматына караганда, Бишкекте коомдук транспорт өз нугунда таңкы саат 05:30дан кечки саат 23:00го чейин ишин аткарып жатыптыр.
Аталган департаменттин жетекчисинин орун басары Алмаз Алымбековдун айтымында, учурда коомдук транспорттор кышка 100 пайыз даяр.
Орто эсеп менен 450 автобус, 120 троллейбус, 480 кичи автобустук күн сайын линияга чыгып жатат:
“Бир ай мурун кышка даярдык көрүү боюнча тапшырмалар берилген. 3-декабрда акыркы жыйынды өткөрүп, коюлган тапшырмалар канчалык аткарылганын текшердик. Учурда жылытуу системасы иштебей калган бир дагы коомдук транспорт жок. Андай бирдиктерди каттамга чыгарбайбыз”,- деди ал.
Электр жарыгы өчпөйт

Энергетиктер болсо аба ырайынын сууктаганынан улам электр энергиясын керектөө жогорулаганын айтып, ысырап пайдаланбоого үндөп жатышат.
Суук түшкөнгө чейин электр энергиясы суткасына 58 млн. килловат-саатка чейин колдонулуп жатса, учурда 73 млн. килловат-саатка чыгыптыр. Бирок “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын өкүлү Улан Абдрасулов күз-кыз мезгилине карата даярдык жетиштүү жүргүзүлгөнүн айтып, электр энергиясы үзгүлтүккө учурабайт деди:
“Айрым жердерде майда-чүйдө авариялык өчүрүүлөр болуп жатат. Мындай көрүнүш жай мезгилинде деле болуп турат. Бирок чоң авариялык өчүрүүлөр каттала элек. Учурда бардык станцияларда электр энергиясы жетиштүү”.
Жылдагыдай эле быйыл дагы өлкөнү электр энергиясы менен жеткиликтүү камсыздоо үчүн Өзбекстандан, Түркмөнстандан жана Казакстандан кошумча электр энергиясы импорттолуп жатыптыр.
Абдрасуловдун айтымында, Бишкек жылуулук электр борбору дагы өз нугунда иштеп жатат. Кышка карата 300 миң тонна көмүр сатылып алынган. Анын 30 пайызга жакыны Казакстандыкы болсо, калганы Кара-Кечеден ташылып келген. Күн сууктагандан тартып суткасына 6-7 миң тоннадан пайдаланылып жатат.
“Кышка камылга көрүп жатканда мурдагыдай авариялык көрүнүш кайталанбашы үчүн бардык жумуштар аткарылды. Бирок эч ким кепилдик бере албайбайт. Жылуулук борбордун жабдууларынын 60 пайызы эски. Кийинки эле реконструкциядан өткөн блокко 6-7 жыл болуп калды”,- деди ал.












