Шарга байланган акыр-чикир. Корей жарым аралындагы "өзгөчө согуштун" тарыхы

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өткөн аптада Түндүк Корея эки жолу таштанды ташыган жүздөгөн шарларды Түштүк Кореяга жиберди.
Сеулдук аткаминерлер асмандан шар жаап жаткан учурда элди үйдөн чыкпоого чакырып, ак шарларга жана аларга чиркелген желим баштыктарга тийбөөнү эскерткен.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түштүк Кореянын тогуз провинциясынын сегизинен табылган шарларга байланган баштыктардан даарат кагаздар, желим бөтөлкөлөр, үгүт баракчалар жана ар кандай акыр-чикирлер табылды. Түштүк Кореянын тиешелүү органдары шарлар менен келген "ыпылас заттар" изилденип жатканын жарыялаган.
Түштүк Корея Пхеньяндын бул жоругун эл аралык мыйзамдарды бузуу катары айыптады.
Окуя болгонго чейин Түндүк Корея түштүк кореялык активисттер тарабынан Түндүккө жөнөтүлгөн үгүт баракчаларына жооп кайтарыларын эскерткен болчу.
Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы чыңалууга себеп болгон бул окуянын тамыры тээ Корей согушуна барып такалат. Сеул менен Пхеньян шарга байланган үгүт баракчалары аркылуу көп жыл боюу бири-бирин бутага алып келгенин кыскача баяндап беребиз.

Сүрөттүн булагы, AP
Эки өлкөнүн пропаганда согушунун тарыхы

Сүрөттүн булагы, NEWS1
1950-жылы Корея согушу учурунда Түндүк Корея менен Түштүк Корея бири биринин аймагына шарлардын жардамы менен үгүт баракчаларды ташташкан.
Бул ыкма Бириккен Улуттар Уюмунун күчтөрү согуш учурунда Түндүк Кореяга баракчаларды таштагандан кийин колдонула баштаган.
Андан кийин Түндүк Корея да жооп иретинде БУУнун күчтөрүн ар кандай баракчалар менен бутага алган.

Сүрөттүн булагы, DMZ Museum
Согуш маалында 2,8 млрд баракча ташталган
1953-жылдын 27-июлундагы тынчтык келишимине чейин 2,8 миллиард баракча ташталган. Мунун 2,5 миллиарддын Түштүк Корея менен БУУнун күчтөрү таштаган. Түндүк Корея менен Советтер Союзу түштүккө карай 300 миллион баракча жөнөткөн.
Баракчалар көзгө оңой урунушу үчүн ачык түстө, көбүнчө кызыл түстө болгон. Ал эми мазмуну негизинен багынып берүүгө үндөгөн. Кээ бир баракчаларда аларды тапкан адамдарга коопсуздук кепилдиги убада кылынган.
Корей согушу учурунда үгүт катары колдонулган баракчалардын көлөмү эбегейсиз чоң болгон. Эгер аны жая келсе бүткүл Корей жарым аралын 20 эседен ашык камтый алмак.
АКШ жетектеген БУУнун күчтөрүндө кызмат өтөгөн кара терилүү америкалык аскерлерге жолдонгон баракчаларда "жаныңарды курмандыкка чалбагыла" деген сөздөр жазылган жана аларды ак түстүү аскерлер дайыма басмырлап келгени белгиленген.

Сүрөттүн булагы, DMZ Museum
Согуш токтогондон кийин бул адат шоуга айланган
Согуш 1953-жылкы ок атышпоо келишиминен кийин аяктаган, бирок андан кийин да эки өлкө бири-бирине аба аркылуу баракчаларды жөнөтүүнү уланта беришкен.
Тартылган баракчалар менен алар өздөрүнүн жетишкендиктерин даңазалашып, бири-биринин лидерлерин жана өкмөттөрүн сынга алышкан.
60-70-жылдары Түндүк Корея тарабынан жиберилген баракчаларда Пхеньяндын өнүгүп жатканына басым жасалып, төрага Ким Ир Сендин жетишкендиктери даңазаланган.

Сүрөттүн булагы, DMZ Museum
Жетимишинчи жылдардагы Түндүк Кореянын баракчаларында түштүк кореялык аскерлер келе турган болсо көптөгөн жеңилдиктерге ээ болору убада кылынган.
Андагы баракчаларга укук жана эркиндик кепилдиги, жумуш менен камсыз кылуу, кымбарт турак жайды акысыз берүү, жөлөк пул жана акчалай сыйлык берүү жазылган.
Ал кезде Түндүк Кореянын экономикалык абалы Түштүк Кореяга караганда жакшырак болгондуктан, кээ бир адамдар баракчаларды окугандан кийин Түндүк Кореяга ооп кеткен учурлар катталган.
Сексенинчи жылдарга чейин түштүк кореялык студенттер үчүн Түндүк Корея жиберген баракчаларга азгырылуу кадимки көрүнүш болгон.
Мындан улам Түндүк Кореядан келген баракчаларды чогултуу тууралуу билдирүүлөр илинип, окуу жай, мектеп же полиция бөлүмүнө алып келип бергендерге сыйлык катары окуу куралдары берилип турган.

Сүрөттүн булагы, DMZ Museum
Түштүк Корея экономикалык жактан Пхеньянды ашып өткөндө Сеул үгүт баракчаларын түндүккө жиберүүнү жанданткан.
1988-жылкы Сеул Олимпиадасынын сүрөтү чапталган баракчалар "Тойгончо жегиң келбейби?" сыяктуу ураандар менен коштолуп, экономиканын өнүгүүсүн көрсөтүүгө багытталган.

Сүрөттүн булагы, DMZ Museum

Сүрөттүн булагы, DMZ Museum
Баракчаларды жиберүү улана берген
1991-жылкы эки өлкө ортосундагы келишимге жана 2000-жылы бири-бирин каралоону токтотуу келишимине кол коюлгандан кийин эки тарап тең баракчаларды таратууну токтотушарын расмий жарыялашкан.
2007-жылы Түштүк Кореянын полициясы Пхеньян жиберген үгүт материалдарын кабыл алууну токтотуп, тапшыргандарга сыйлык берүү эрежесин жокко чыгарган.

Сүрөттүн булагы, DMZ Museum
Расмий бийлик тарабынан баракчаларды таратуу токтоп калганы менен, таптакыр жок болуп кеткен эмес.
Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бактын тушунда эки өлкөнүн мамилеси начарлап, пропаганда согушу кайра жанданган. Ошентип үгүт баракчалары байланган шарлар эки өлкөнүн аба мейкиндигинде ары-бери уча баштаган.
2000-жылдары Түштүк Кореянын жарандык активисттери Түндүк Кореяга каршы баракчаларды жөнөтүүнү колго алган. Алар үгүт баракчаларынан сырткары кесме, күрүч, бир доллларлык купюра жөнөтүп турушкан.
2010-жылдагы "Чхонан" аскердик кемеси талаштуу делген аймакта чөгүп кеткенден кийин Түштүк Корея баракчаларды жиберүүнү кескин көбөйткөн.
2016-жылдын январында Түндүк Кореянын төртүнчү өзөктүк сыноосуна жооп иретинде Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин администрациясы Түндүк Кореяга үн күчөткүч аркылуу үгүт жүргүзүүнү буюрган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, News 1
Чек арадагы үн күчөткүчтөр аркылуу Түндүк Кореядагы адам укуктарынын бузулушу баяндалып, популярдуу корей музыкалары уктурулган.
Буга жооп кылып Түндүк Корея Түштүккө карай баракчаларды таратып, Вашингтондун Түндүк Корея менен мамилесин жана Түштүк Кореядагы саясий кырдаалды сынга алган.
2018-жылдын 27-апрелинде Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Панмунжом декларациясына кол коюшкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анда эки лидер бир катар макулдашуулар менен бирге үн күчөткүч аркылуу пропагандалык берүүлөрдү токтотууну кабыл алышкан. Аскердик демаркация линиясынын аймагында орнотулган бардык үн күчөткүчтөр алынып салынган.
Панмунжом декларациясынан кийин да токтогон эмес
Панмунжом декларациясына карабай Түштүк Кореянын "Эркин Түндүк Корея үчүн" сыяктуу жарандык топтору баракчаларды таратууну уланта беришкен.
Буга жооп кылып Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Жонг эгер Түштүк Кореянын өкмөтү "таштанды жиберүүнү" токтото албаса, жарашуу баскычында турган эки өлкөнүн мамилеси коопту абалга кептелет деп эскерткен.

Сүрөттүн булагы, JULIE YOON
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындан улам Сеулда эки өлкө ортосундагы чыңалган мамиле маселеси көтөрүлүп, ошол кездеги башкаруучу партия болгон “Демократиялык партия” Корейлер аралык мамилелерди өнүктүрүү мыйзамына өзгөртүү киргизген. Ошентип Түндүк Кореяга каршы баракчаларды жана буюмдарды жиберүүгө таптакыр тыюу салган.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 2021-жылдын апрелинде Түштүк Кореянын өкмөтүнө кат жөнөтүп, анда Түндүк Кореяга баракча жөнөтүүгө ыюу салуу мыйзам сөз эркиндигин бузууга жатат деп тынчсыздануусун билдирген.
"Эркин Түндүк Корея кыймылынын" жетекчиси Пак Санг Хак жана Түндүк Кореядагы адам укугун коргоого негизделген 27 уюм мыйзамга кирген өзгөртүүнү жокко чыгаруу талабы менен Конституциялык сотко кайрылышкан.
Конституциялык сот 2023-жылдын сентябрь айында Түндүк Кореяга карата баракчаларды таратууну мыйзамсыз иш катары аныктаган мыйзамды Баш мыйзамга каршы келет деп чечим чыгарган.
Ушул жылдын апрел айында 26 жыл мурун Түндүк Кореядан качып келген Пак Чон Онун жашыруун түрдө мурдагы мекендештерине күрүч салынган бөтөлкөлөрдү дарыя аркылуу жөнөтүп келгени дүйнөлүк басылмаларга жарыяланган.
Май айынын башында Түштүк Кореядагы жарандык активисттер Пхеньянга каршы баракчаларды жана корей поп-музыкалары жана ар кандай дармалар жүктөлгөн USB флешкаларын ташыган 20 шарды түндүккө карай жиберишкенин жар салышкан.
Пхеньян активистердин бул кадамын таштанды жиберүү катары кабыл алып, татыктуу жооп болорун эскерткен. (SA)












