Байсалов: Садыр Жапаров кайра президент болуп шайланат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 24.kg басылмасына маек берип жатып, кийинки шайлоодо Садыр Жапаров кайрадан президент болорун билдирди.
Ал Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында өлкө туруктуу өнүгүп жатканын жана жарандардын көпчүлүгү аны колдой турганын белгиледи.
"Кудай буюрса, элибиз президентти кайра шайлайт. Болгону 75, 85 же 90% болобу деген гана суроо турат. Кандай болгон күндө да кайра шайланат. Өзүңөр билесиңер, аябай көп иш жасалды", — деди Эдил Байсалов.
Бул арада социалдык тармактарда президенттик шайлоо быйыл, 2026-жылы өтүшү ыктымал экени жөнүндө талкуулар кызуу жүрүп жатат.
Маселен, юрист Нурбек Токтакунов Садыр Жапаров 2027-жылдын январь айына чейин 6 жыл башкарып, эч кандай экинчи мөөнөт жөнүндө болбошу керектигин жазды. Болбосо, президенттик шайлоо азыр өтүүгө тийиш экенин жана ошондо гана Жапаров экинчи мөөнөткө шайлана аларын белгиледи:
"Бирок шайлоо азыр өткөн жок, демек, ал мурдагы Конституция боюнча алты жыл башкарып, андан кийин азыркы Конституцияга ылайык дагы экинчи мөөнөткө барууну көздөп жатат деген жоромол айтылууда. Бирок бул Конституцияга каршы келет. Анткени шайлоочулар 2021-жылдын январында президенттик-парламенттик республикадагы президентти алты жылга жана бир гана мөөнөткө шайлашкан. Анан капысынан референдум өтүп, ал супер президенттик республикадагы президентке айланып, дээрлик монархтыкына окшош ыйгарым укуктарга ээ болуп, экинчи мөөнөткө баруу мүмкүнчүлүгүн да сактап калды".
Садыр Жапаров өзү президенттик шайлоого катышарын так кесе айта элек. Болгону шайлоого катышса, көп добуш менен өтөрүн гана ишенимдүү белгилеп келет.
"Кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн. Жок, туугандар. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун. Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем. Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам", - деген Жапаров 2025-жылдын 30-сентябрындагы элге кайрылуусунда.
Бирок президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 2024-жылы 30-январда Садыр Жапаров шайлоого катыша турганын билдирген.
"Ооба, Садыр Жапаров экинчи мөөнөткө президенттик шайлоого катышат. Өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон, узак мөөнөттүү эл аралык долбоорлор ишке киргизилип жана пландаштырылып жатканын эске алганда Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадам болот".
Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январда шайлоодон жеңип чыккан. Өткөн айда президент болгонуна беш жыл толду.
Ал мурдагы Баш мыйзамдын негизинде шайланган. Ал кездеги Конституцияга ылайык, президент алты жылга жана бир гана мөөнөткө шайланышы керек.
Өткөн жылы парламент "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизген.
Ага ылайык, президенттик шайлоо 2027‑жылдын 24‑январына белгиленген.
































