Трамп Израил Газадагы ок атышууну 60 күнгө токтотууга макул болгонун билдирди

Сүрөттүн булагы, AFP
АКШ президенти Дональд Трамп Израил Вашингтондун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Газа тилкесинде эки айга ок атышууну токтотуу үчүн зарыл болгон шарттарга макул болду.
"Бүгүн менин өкүлдөрүм Израил тарап менен Газа маселеси боюнча узак жана жемиштүү жолугушуу өткөрүштү. Израил 60 күндүк убактылуу ок атышууну жарыялоо үчүн зарыл болгон шарттарга макул болду. Бул мезгил ичинде биз бардык тараптар менен иштеп, согушту токтотууга аракет кылабыз",- деп жазды ал өзүнүн Truth Social социалдык тармагында. Бирок бул кандай шарттар экени ачык айткан жок.
АКШнын президентинин айтымында, "тынчтык орнотуу үчүн абдан катуу аракет кылган" Катар менен Египеттин өкүлдөрү ХАМАС тобунун жоочуларына акыркы сунушту жеткирет.
"Мен Жакынкы Чыгыштын келечеги үчүн ХАМАС бул келишимге макул болот деп үмүттөнөм, анткени мындан ары жагдай жакшы болбойт, начарлай берет",- деп кошумчалады Трамп.
Америкалык маалымат каражаттары мурдараак Израилдин стратегиялык пландоо министри Рон Дермер Газа тилкесиндеги жана Ирандагы кырдаалды, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун АКШга сапарын Ак үйдүн өкүлдөрү менен талкуулоо үчүн Вашингтонго келгенин кабарлашкан.
Шейшемби күнү Трамп Нетаньяху Газадагы согуштук аракеттерди токтотууну каалап жатканын айтты.
"Ал муну каалайт. Мен так айта алам, ал согушту токтотууну каалайт. Кийинки жумада макулдашууга жетишебиз деп ойлоп жатам",- деди АКШ президенти.
Израил менен ХАМАСтын ортосунда 19-январда күчүнө кирген ок атышууну токтотуу боюнча баштапкы макулдашуу үч этаптан турган, бирок ал биринчи этабынан ары жылган жок.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Экинчи этапта туруктуу тынчтык орнотуу, Газада барымтага алынгандарды бошотуу жана аларды Израил түрмөлөрүндөгү палестиналыктарга алмашуу, ошондой эле Израил аскерлеринин Газадан толугу менен чыгарылышы каралган болчу.
Март айында Израил аскерлери Газа тилкесине кайрадан массалык сокку урган. Нетаньяхунун кеңсеси бул Хамас барымтадагыларды бошотуудан жана АКШ менен ортомчулардын сунуштарын кабыл алуудан баш тарткандан кийин болгонун билдирген.
Майдын аягында Хамас 60 күндүк элдешүү сунушуна жооп жарыялаган, бирок АКШ менен Израил топтун шарттарын четке каккан.
Times of Israel басылмасы жазгандай, сүйлөшүүлөр негизинен тынчтык мөөнөтү аяктагандан кийинки шарттарга байланыштуу туңгуюкка кептелген: Израиль согуштук аракеттерди кайра баштоо укугун сактап калууну талап кылса, ХАМАС убактылуу тынчтыкты туруктуу келишимге айландырууну каалайт.
Араб арачылары учурда Израил менен ХАМАСтын өкүлдөрүн кайрадан Каирге кыйыр сүйлөшүүлөр үчүн чогултууга аракет кылууда, деп жазат басылма.












