№13 округдун чыры: Талапкер Айгүл Карабекова БШКны сотко берет

Сүрөттүн булагы, Official
Жалал-Абад облусундагы №13 шайлоо окуругунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айгүл Карабекова БШКны сотко берет. Бул тууралуу ал Би-Би-Сиге билдирди. Айгүл Карабекова БШК №13-округдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкканын, кайра өтө турган шайлоого азыркы талапкерлер катыша албастыгын ЖМКлар аркылуу укканын, токтомдун көчүрмөсүн ала электигин билдирди:
"Мен азыр БШКны сотко бергени кетип жатам. Кимдир бирөөнүн айынан биз жабыр тартпашыбыз керек да. Биз тарапка эч ким арызданган жок. Мыйзам бузган жокпуз. Сыдыковдун айынан биз эмнеге четтетилишибиз керек?"
Кечээ, 3-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бактыбек Сыдыков алдыга чыккан №13 округдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.
Жыйында белгиленгендей, Борбордук шайлоо комиссиясына №13 округдагы мыйзам бузуулар боюнча бир топ кайрылуулар келип түшкөн. Ошону менен катар коомдук тармактарда шайлоочулардын эркин тандоосуна таасир этүү, добуштарды сатып алуу жана добуш берүүнүн жашыруун тартибин бузуу фактылары тууралуу видеолор жарыяланган. Комиссия бул мыйзам бузуулар массалык жана системалык түрдө болгон деп эсептейт.
БШКнын жумушчу тобу келип түшкөн маалыматтарды иликтегенде шайлоо участкаларында видеокамералар коюлганы аныкталган. Башкача айтканда, 35 участкада талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз түрдө камералар орнотулуп, шайлоо процесси көзөмөлдөнгөнү белгилүү болгон. БШК бул аракеттерди добуш берүүнүн купуялуулук принцибин одоно бузуу деп таап, жыйынтыктарды толугу менен жокко чыгарды.
Сонку күндөрү №13 округда талапкердин өкүлдөрү добуш берүүнүн жүрүшүн камерага тартып, шайлоочуларды көзөмөлдөгөн деген видеолор тарап жаткан. Видеого тарткандар аталган шайлоо округунан алдыга озуп чыккан Сыдыковдун кишилери экендиги тууралуу маалыматтар чыккан. Муну Сыдыков 2-декабрдагы билдирүүсүндө "каралоо" деп сыпаттаган.
"Акыркы эки-үч күндө менин дарегиме карата негизсиз каралоо аракеттери болуп жатканын баарыңыздар көрүп жатасыздар. Бул атайын уюштурулган аракеттер таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө багытталган өлкө жетекчилигинин саясатына көлөкө түшүрүп, менин жеңишимди жокко чыгаруу максатын көздөйт. Атаандаштарыма кайрылаарым — татыктуу жеңилгенди да билүү керек. Каралоо аркылуу чыныгы атаандаштык менен жеткен жыйынтыкты жокко чыгара албайсыңар" деп жазган талапкер.
№13 округда жалпы 94 добушкана жайгашкан.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, аталган шайлоо округунан талапкерлер Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова озуп чыккан. Жеке ишкер, 47 жаштагы Айгүл Карабекова шайлоочулардын 8 839 добушун топтоп, гендердик квота менен алдыга чыккан.
№13 округдан шайлоого 14 талапкер катышкан.












