Садыр Жапаров: Үгүтчүлөрдүн санын 1000ден азайтууну колдойм

Сүрөттүн булагы, Official
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан IV Элдик курултайдын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров делегаттардын айрым суроолоруна жооп берди. Ал шайлоо системасы, добуш берүү тууралуу темага кенен токтолду.
Президент "бир талапкер 1000 үгүтчү жалдай алат" деген норманы алып салуу өтүнүчүн туура деп белгиледи.
"Парламенттик шайлоодо бир талапкерге 1000 үгүтчү болбосун деген сөздү айтып жатасыздар. Мен да муну туура деп ойлойм. Бул депутаттар жазган мыйзам болчу. Мурда шайлоо күрөөсү 100 миң сом болсо, аны 300 миңге чейин көтөрүп коюшкан. Бул Акаевдин убагынан бери келе жатат, азыр инфляция болду, 300гө көтөрөлү дешкендиктен, мен деле каршы чыкпай, кол коюп бергем. Анан азыр округ чоңойду, 100дөн ашык айыл болуп кетти, үгүтчүлөрдүн санын 500дөн 1000ге чейин көтөрүшкөндө, ага деле мейли дегенбиз. Бирок бул жерде 100го түшүрүп койсоң, үгүтчүнү келишим түзүп жалдабай, мындай деле иштете берет. Бирок биз депутаттардан агитаторлордун санын 500гө же 300гө чейин кыскартууну сураналы. Ошондой эле 300 миң сомдук күрөө маселесин да карап көрсөк болот. Муну деле кайта 100 миңге түшүрүп койсок болот. А эгер талапкерлигин күрөөсүз эле койо берсин десек, анда кимдер гана чыкпайт. 4,5 млн шайлоочунун ичинен 1 миллиону кюп алат. Өз атын туура жаза албагандардын баары коюп алат. Ошондуктан муну да туура түшүнүү керек", — деп кошумчалады мамлекет башчысы.
Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү шайлоочулардын пассивдүүлүгүн сындап, бул багытта жоопкерчиликти күчөтүү демилгесин көтөрдү.
Анын айтымында, шайлоо мыйзамы оңдолуп, шарттар түзүлдү жана мурункудай административдик ресурс колдонулган жок.
Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин депутаттарына элдин активдүүлүгүн арттыруучу же жоопкерчиликти күчөтүүчү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Ал айып пул салуу же Сингапурдагыдай — бул жолку шайлоого барбаса, кийинкисине катышууга тыюу салуу сыяктуу чараларды караштырууну сунуштады.
"Мен шайлоого катышуу 70% болот го деп үмүттөнгөм. Бирок 37% пайызга жетпеген адам катышты. Катышкандар мурунку шайлоолорго караганда 200 миң адамга гана көп болду. Эл өзүбүз аябай пассивдүүбүз", - деди президент.
Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо интернет аркылуу добуш берүүнү киргизүүгө азырынча эрте деп эсептейт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Эстонияда ушундай тажрыйба бар — интернет аркылуу эле шайлап коюшат: шайлоо участогуна барбай эле, үйдөн паспорт менен порталга кирип, каттоодон өтүп, жадакалса автобуста же кеңседе отуруп эле добуш бере алышат. Бизде аны киргизүүгө азырынча эрте экен. Мисалы, бир айылдын тургундары участокко баргысы келсе дагы, добуш сатып алган талапкерлердин агитаторлору "өзүбүз үйүңүзгө барабыз" деп, жарым күндө бүтүндөй айылды кыдырып, баарын шайлатып койчудай экен, ойлоп көрсөм. Ошондуктан мындайды киргизүүгө эрте экен, биз буга барбайбыз", — деди президент.
Парламенттин 8-чакырылышынын депутаттары 17-декабрда ант берип, жумуштарына киришкен.
Жаңы системага негизделген мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. Жалпысынан 29 округдан 87 депутат шайланды. Добуш сатып алуу чырына байланыштуу 13-округдун жыйынтыгы жокко чыгарылды. БШК 12-декабрдагы жыйынында шайлоонун жыйынтыгын бекиткен.
Боршайкомдун төрагасы Тынчтык Шайназаров бул жолку шайлоо "Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу" митингдери жок өткөн айткан.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар боюнча жалпы 274 арыз катталып, анын ичинен 76 учурга карата айып пул салуу чечими кабыл алынган.
Жаңы шайлоо системасына ылайык, талапкерлер 1000ге чейин үгүтчү жалдоого укуктуу жана шайлоо күрөсүнүн суммасы 300 миң сом.












