Казакстанда АЭС куруу маселеси референдумда чечилет

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев АЭС куруу жөнүндө талаштуу маселе боюнча 6-октябрга референдум дайындады. Өлкөдө атомдук электр куруу маселеси боюнча бир жылдан ашык мезгилден бери катуу талаш-тартыштар болуп келатат.
"Мен аны өткөрүү жөнүндө мурда да айткамын, бул тема коомдун күн тартибинде турганына бир жылдай болуп калды. Салмактуу чечим кабыл алуу үчүн бул жетиштүү убакыт деп ойлойм. Ошондуктан өкмөттүн сунушун колдойм. АЭС куруу маселеси боюнча жалпы элдик референдум ушул жылдын 6-октябрында болот, мен тийиштүү жарлыкка бүгүн кол коем",- деди Токаев.
Президенттин өзү улам өсүп жаткан экономиканын керектөөсүнө эң ылайыктуу энергия булагы деп эсептей турганын айтууда.
"Глобалдык энергетикалык дефицит күчөгөн сайын биз экологиялык таза энергия булактарына курч муктаж болобуз. Ошондуктан, менин оюмча, атомдук энергетиканы өнүктүрүүгө абдан кунт коюп көңүл буруу керек. Генерациянын бул түрү биздин экономиканын ыкчам өскөн керектөөсүн аябай эле канааттандырат. Азыркы учурда 30 өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдө 200 АЭС иштейт".
Болочок АЭС Казакстандын Жамбыл облусунун Үлкен кыштагына Балхаш көлүнүн жээгинде куруу пландалууда. Бир жыл мурда Энергетика министрлигинин өкүлдөрү, атомдук тармактагы эксперттер, экологдор жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышкан жыйынды Би-Би-Си да жазганбыз.
"Муз акыры дегенде козголду. Негизги маселе – атом электр станциясын курулушун талкуулап жатабыз. Мындан эмне чыгат? Бүткүл Казакстан үчүн натыйжасы болот. Мен силерге айтып коеюн, Жамбыл облусунда энергия таңкыстыганан улам 200 миллиард теңгеге тете долбоорлор токтоп турат. Үлкендик тургундар жакшы билишет, биз ар бир жолугушуубузду ушул маселени талкууладан баштачу элек. Бул долбоор биздин облустун жаркын келечеги үчүн керек", - деген ошондо Жамбыл районунун акими Нурлан Ертас.
Алматыдан келген активисттер иш-чаранын алдында Үлкендеги мектеп имаратынын алдында пикетке чыгышып, Казакстандын Балхаш көлүнүн жээгине салына турган атомдук станцияга каршылыгын билдиришкен.
Алар "Жер энени уулануудан сактайбыз!", "АЭС курууга жол жок! ", "АЭСтен азат!" деген транспаранттарды көтөрүп турушту.

"АЭС курууга жалпы журт каршы. Талкуудан кийин эми көпчүлүк жеңеби же анын курулушун жактаган азчылык жеңеби билинет. Арийне, көпчүлүк жеңиши керек. Бирок азчылыкты бийлик колдоп кетсечи. Бул жерге АЭСке каршы эколог, саясатчылар жана башка эр-заматтар келишти. Жыйын өткөзүп журттун пикирин билген жакшы. Бул маселени референдумга алып чыгыш керек", - деген "Азаттыктын" Казак кызматынын түз эфирине чыгып өзүн Рыспек деп тааныштырган казак активисти.
АЭС - Кыргызстандын да күн тартибинде
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Россиянын "Росатом" ишканасы Кыргызстанда атомдук электростанция куруу тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен келишимге 2022-жылы кол койгону белгилүү.
"Биз чакан кубаттуулуктагы АЭСке кызыкдарбыз. Ал бизге алыскы аймактарда орнотууга мүмкүн экени менен ылайык. Кыргызстандай өзгөчө таатал рельефтүү өлкө үчүн бул ыңгайлуу. Россияда колдонулган чакан кубаттуулуктагы реакторлор муз жаргыч кемелерде (ледокол) өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн билебиз. Демек, алар сейсмикалык жактан туруктуу. Андай чакан АЭСтер электр энергиясын дагы, жылуулукту дагы иштеп чыга алары менен маанилүү ", - деген энергетика министри Таалайбек Ибраев "Атом Экспо-2022" эл аралык форумунда.
"Росатом" ишканасы алды менен Кыргызстанда курулуучу атомдук электростанциянын техникалык-экономикалык негизмесин иштеп чыгат деп айтылган.
АЭС куруу маселесине МАГАТЭнин жыйындарына катышкан өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев дагы бир нече жолу токтолгон эле.
“Азыркы күндө жетишкен бардык мамлекеттерде атомдук электр станциясы бар. Мисалы, Жапонияда кандай коркунучтуу кырсык болсо дагы, алар андан баш тарткан жок. Аны өнүктүрүп, башка АЭСтерди салып атат. Себеби дегенде анын коопсуздук шарттары дагы абдан күчөдү. Жаңы муундагы АЭСтер чыгып атат. Жаныбыздагы өлкөлөр Пакистан, Индия, кошунабыз Өзбекстанды айталы. Өзбекстандын ою ошол жакта баратат. Беларус, Россияны алыңыз. Бизге караганда техникалык жактан жетишкен мамлекеттер баары АЭСке жакшы көңүл буруп жатышат. Биз АЭСти өзүбүздүн оюбуздан өчүрбөшүбүз керек”,-деген министр Би-Би-Сиге.
Кыргызстанда курулушу мүмкүн атомдук электростанцияны эксперименталдык деп да атап жатышат. Себеби, буга чейин мындай реакторлор атомдук муз жаргыч кемелерде башкача айтканда деңиз үстүнө гана орнотулчу.
““Росатом” 2023-жылы биринчи жолу Якутияда кургакта атомдук электростанция курганы жатат. Андан кийин аны өнөр жай өндүрүшүнө берет. Россияда азыр иштеп жаткан музжаргычтардын бир тобу атом кубатын пайдаланат. Буга чейин кургакта андай реакторлор орнотула элек болчу”, - деген Би-Би-Сиге Энергетика боюнча илимий-техникалык борбордун кызматкери Мырзатай Султаналиев.
Экологдор каршы: "Тобокел иш"
Кыргызстанда Жашыл альянс “Росатомдун” Кыргызстандагы бул долбооруна кескин каршылыгын билдирип чыккан эле. Альянс Кыргызстанда ансыз деле уулу калдыктарды сактоочу жайлар бар экенин, анын үстүнө дагы бир атомдук электростанция куруу шалаакылыкка жатпайбы деп тынчсызданууда. Себеби, бул жерде радиациялык чоң тобокелчилик келип чыгат.
“Кандай гана жүйө келтирилбесин атомдук энергетика бул жашыл энергетика эмес. Биздин өлкөдө энергиянын кайра жаралуу булактары абдан көп. Мисалы, күн, шамал, биомасса, кичи ГЭСтер жана башкалар. Анан ушулар турганда атомдук элекстростанция, болгондо да эксперименталдык АЭС курам деп тобокел иш жасаганга болбойт. Бизде жер көчкү, зилзала көп катталат. Мисалы, андан АЭС жабыр тартып, авария болсо табият, мал-жандык жана адамдар жабыркайт. Андыктан мындай демилгени коомчулуктун кенен талкуусу жок, көз карандысыз эксперттердин корутундусу жок баштоого болбойт”,- дейт Би-Би-Сиге эколог Калия Молдогазиева. (КС)












