"Росатом" Кыргызстанда АЭС курат: экологдор эмнеге тынчсызданат?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орусиялык "Росатом" ишканасы Кыргызстанда атомдук электростанция курууга белсенип жатат. Бул тууралуу макулдашууга Сочиде Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "Росатом" өкүлү Андрей Рождествин кол койду. 

"Биз чакан кубаттуулуктагы АЭСке кызыкдарбыз. Ал бизге алыскы аймактарда орнотууга мүмкүн экени менен ылайык. Кыргызстандай өзгөчө таатал рельефтүү өлкө үчүн бул ыңгайлуу. Россияда колдонулган чакан кубаттуулуктагы реакторлор муз жаргыч кемелерде (ледокол) өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн билебиз. Демек, алар сейсмикалык жактан туруктуу. Андай чакан АЭстер электр энергиясын дагы, жылуулукту дагы иштеп чыга алары менен маанилүү ", - деди Таалайбек Ибраев "Атом Экспо-2022" эл аралык форумунда. 

"Росатом" ишканасы алды менен Кыргызстанда курулуучу атомдук электростанциянын техникалык-экономикалык негизмесин иштеп чыгат.

"Росатом"

Сүрөттүн булагы, Кирилл Кухмарь / ТАСС

Кыргызстанда курула турган атомдук электростанциянын реактору Ритм-200 аттуу ядердик блоктон турат. Анын бир эле модулунун кубаттуулугу 55 мегаВатт чейин жетет. Өлкөдө курулчу атомдук бул кичи электростанцияга кеминде алтыдан 10го чейин модуль орнотсо болору айтылып жатат.

Энергетика боюнча илимий-техникалык борбордун кызматкери Мырзатай Султаналиев Россияда 65 жылдан бери колдонулуп келген Ритм-200 реакторунун техникалык мүнөздөмөсүн Би-Би-Сиге талдап берди:

“Бул реакторду колдонууда радиоактивдүүлүк сыртка чыкпайт. Муздатуу реактордун ичинде, блокто жүрөт. Реактор ресурстук кызматын өтөп бүткөндөн кийин “Росатом” кайра алып кетет. Бул келишимде каралып жатат. Ага чейинки атомдук станциянын иштешине сервистик көзөмөлдү да өздөрү кылышат”.

Кыргызстанда курула турган атомдук электростанцияны эксприменталдык деп да атап жатышат. Себеби, буга чейин мындай реакторлор атомдук муз жаргыч кемелерде башкача айтканда деңиз үстүнө гана орнотулчу. “Росатом” Кыргызстанга атомдук электростанцияны жайгаштырардан мурун аны Якутияда сынап көрөт.

““Росатом” 2023-жылы биринчи жолу Якутияда кургакта атомдук электростанция курганы жатат. Андан кийин аны өнөр жай өндүрүшүнө берет. Россияда азыр иштеп жаткан музжаргычтардын бир тобу атом кубатын пайдаланат. Буга чейин кургакта андай реакторлор орнотула элек болчу”, - деп кошумчалады Мырзаталиев.

Ритм-200 реактору

Сүрөттүн булагы, "Росатом"

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ритм-200 реактору
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эксперт Кыргызстанда бул долбоор жакынкы беш-алты жылда ишке аша койбойт деген пикирде.

Бирок ал канчалык эрте ишке ашса, өлкө ошончолук тез энергетикалык жактан коопсуздукка жетишет эле дейт, Мырзаталиев.

Кыргызстан соңку жылдары катары менен кыш айларында 3 миллиард киловатт-саатка чейин электр энергиясын чет жактан импорттоп келет. Айрыкча өлкөнүн түндүк облустарын жарык менен камсыздоо жыл сайын кыйындап баратат. Бул себептүү, эгер АЭС куруу долбоору ишке ашса, аны Чүй же Ысык-Көл облусунда куруу караштырылышы мүмкүн. Бирок көл жээгине атомдук электростанция курууда экологиялык маселе көтөрүлө турганы турган иш.

Экологдор демекчи, өлкөдөгү Жашыл альянс “Росатомдун” Кыргызстандагы бул долбооруна кескин каршылыгын билдирип чыкты. Альянс Кыргызстанда ансыз деле уулу калдыктарды сактоочу жайлар бар экенин, анын үстүнө дагы бир атомдук электростанция куруу шалаакылыкка жатпайбы деп тынчсызданууда. Себеби, бул жерде радиациялык чоң тобокелчилик келип чыгат.

“Кандай гана жүйө келтирилбесин атомдук энергетика бул жашыл энергетика эмес. Биздин өлкөдө энергиянын кайра жаралуу булактары абдан көп. Мисалы, күн, шамал, биомасса, кичи ГЭСтер жана башкалар. Анан ушулар турганда атомдук элекстростанция, болгондо да эксперименталдык АЭС курам деп тобокел иш жасаганга болбойт. Бизде жер көчкү, зилзала көп катталат. Мисалы, андан АЭС жабыр тартып, авария болсо табият, мал-жандык жана адамдар жабыркайт. Андыктан мындай демилгени коомчулуктун кенен талкуусу жок, көз карандысыз эксперттердин корутундусу жок баштоого болбойт”,- деди Би-Би-Сиге эколог Калия Молдогазиева.

Кыргызстанда союз учурунда калган уран калдыктары чечилбеген көйгөйлөрдүн бири. Кезинде кыргыз бийлиги андай жайларды зыянсыздандырууга жардам сурап эл аралык коомчулукка дагы кайрылып келди.

Бул көйгөй боюнча Кыргызстан кезинде БУУ трибунасында дагы маселе козгогон эле.

Эколог Калия Молдогазиева

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эколог Калия Молдогазиева

Калия Молдогазиева президент Садыр Жапаров 2022-жылды “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыялаганын, АЭС куруу ал ураанга төп келбей каларын да кошумчалады.

Адис буга чейин атомдук электростанциялар аварияга учураган 1957-жылдагы Англияны Уиндскейлдеги, ошол эле жылы Россиянын Кыштымындагы, 1979-жылдагы АКШнын Пенсильвания штатындагы, 1987-жылдагы Бразилиядагы, 1986-жылдагы Чернобыль АЭСиндеги кырсыктарды да тизмектеп, кыргыз бийлигин бул маселеде жети өлчөп, бир кесүүгө чакырды.

Деген менен 2022-жыл жаңырары менен Кыргызстан аймагында АЭС куруу идеясы орус жана кыргыз бийлиги тарабынан такай болбосо да маал-маалы менен көтөрүлүп келди.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги быйыл январда "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен меморандум түзгөн. Ал эми февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда чакан атомдук электростанция куруу идеясын колдош керек экенин, бийлик азыр чакан АЭС курууну караштырып жатканын билдирген:

“Кытай 100дөй АЭС курганы жатат. Беларусь куруп бүтүп, Өзбекстан жаңыдан баштады, ал эми Россияда ал бар. Коңшу Казакстан дагы өз аймагына атом электростанциясын курууга ниеттенүүдө. Бул бир күндүк иш эмес, толук циклге 100 жылга чейин убакыт кетет. Коңшулар сыяктуу ири станцияларды курбасак дагы, чаканы тууралуу ойлонушубуз керек. Бүгүн болбосо эртең дүйнө жүзүнө мындай станциялар кеңири таркайт. Андыктан окумуштуулар менен инженерлер кам көрө башташы керек", - деген эле быйыл февралда Жапаров.

Май айында Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтүп, анда "Росатом" Борбор Азия" ишканасынын директорунун орун басары Руслан Нуралин Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу менен өлкөнүн өнөр жайы секирик жасайт деген:

"Росатом" - дүйнөдө чакан кубаттуулуктагы АЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар жалгыз компания. Биз союздаштарга мындай долбоорлорду ишке ашырууга жардамыбызды сунуштайбыз. Январда Кыргызстандын энергетика министрлиги менен меморандумга кол койдук. Бул Кыргызстандын өнөр жайын алдыга озуп чыгышына мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай масштабдагы долбоор ар дайым энергетиканы эле эмес, бүт экономиканы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет".

Нуралин АЭС жатындагы “Росатом” менен Беларус өлкөсүнүн кызматташтыгын үлгү кылып, Беларустагы атомдук станциянын бир блогунда 15 айда иштелип чыккан электр энергиясы 2 миллиард куб жаратылыш газынын ордун толтурганын да мактанган.

Беларустагы АЭС

Сүрөттүн булагы, smotrim.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беларустагы "Росатом" курган АЭС

Деген менен Батыштагы дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү АЭС тен баш тартып, энергиянын кайра жаралуу булактарына көбүрөөк басым жасоодо. Ошол эле Германияда эмгектенген кыргызстандык инженер Канат Ишенбек буга чейин Би-Би-Сиге маек берип, анда Кыргызстанда АЭС куруу менен Россия башка кыйыр кызыкчылыктарды да көздөп жатышы мүмкүн экенин божомол кылган. 

"Бул электрстанция курулуп калса ага сөзсүз түрдө уран керектелет. Анан ошол урандын талабын жабыш үчүн ошол уран кендери да казылып башталышы мүмкүн да. Негизи эле атомдук электр станциянын кооптуу жагы ошол жер болуп жатат. Ал үчүн уран керектелинет. Уранды өзүбүз байыта албайбыз, демек ал башка өлкөгө чыгып байытылып, кайра бизге келет. Ал уран колдонулат. Эң негизги эле кооптуу жагы ошол уран калдыктары каякка кетет?" - деген Германиядагы кыргыз инженери Канат Ишенбек. 

2019-жылы Кыргызстанда Кызыл-Омпол деген жерде уран, торий кендерин чалгындап, иштетүүгө аракет болуп, бирок эл катуу каршылык көрсөткөндөн улам, токтогон эле.

Айрымдар, суу ресурсуна бай деген Кыргызстан энергетикада суунун потенциалынын жарымынан азын араң пайдаланып жатканына көңүл бурууда. Алар чети оюлбаган ресурсту колдонбой туруп кооптуу багытка басым жасоо баардык жагынан туура эмес деген жүйөнү келтиришүүдө. Ошончолук энергия берет деген менен ошончолук коопсуздугун карай турган шартты талап кылат. Дүйнөдө суу, шамал, күн энергиясы, керек болсо деңиз толкунунан энергия алабыз деп жатканда уулуу затка кайрылуунун зарылдыгы барбы дешет.

Айтор, ошентип Кыргызстанда энергетика каатчылыгын жоюунун бир жолу катары АЭС куруу демилгеленип, бирок ал коомдогу экологиялык кооптонууларга туш болуп жаткан чагы.

"Азыр энергетикалык көз карандысыздык деген түшүнүк бар. Ошол эле энергетикага көз каранды кылып байлап, көп мамлекеттерди чөгөлөтүп койсо болот. Экономиканын бирден бир фактору болгон энергетиканын ачкычын бир мамлекетке карматып койгондой болбойбу? АЭСтин коопсуздугуна ким кепилдик берет, аны кимдер кайтарат? Экологиялык жагына да өтө чоң зыян бар. Кыргызстан чет элдик донорлордон урандын калдыктарын тазалоо, абанын кирдеши боюнча дагы толгон токой экологиялык маселелер боюнча чоң акча сурап жатабыз дагы, кайра АЭС курабыз деп атабыз. Башка мамлекеттерде бул түшүнбөстүктү жаратпайбы? Министрликтер арасында эмне коммуникация жокпу? Ошол эле Министрлер кабинети экология боюнча чон долбоорлорду жазып, акча алып келиштин үстүндө иштеп жатат. Эмнеге өзүбүздүн башка потенциалды колдонбой туруп өлкөдө АЭС курганы жатабыз?",- деп суроо салат альтернативдүү электр энергиясын өнүктүрүүчү "Винд Систем" ишканасынын жетекчиси Кундуз Кырбашева.

"Росатом" азырынча АЭС курулушунун так мөөнөтүн белгилей элек. Россиянын мамлекеттик ишканасы бул долбоор үчүн Кыргызстандан эмне "талап кылат" ал жагы дагы туюк болуп турат.