Германиядагы кыргыз инженер: Атом электр станция курууну ойлонбой эле койгон оң...

Aбдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Берлиндин жака белиндеги жылуулук электр борборлорунун бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Берлиндин жака белиндеги жылуулук электр борборлорунун бири

"Орусиянын “Росатом” ишканасы менен Кыргызстан чакан атом станциясын куруу жөнүндө меморандумга кол койду" деген кабар тарады. Эң алгач бул маалыматты орусиялык интернет сайттар жана аталган ишкананын расмий сайты жарыялады.

“Өтө олуттуу маселе боюнча чечмелеп түшүндүрбөй, элдин макулдугу жок эле меморандумга кол коюлдубу”, “мунун коопсуздугун, пайда же зыянын ким эсептеди” деген сыяктуу талкуу күчөдү.

“Баса белгилеп айта кетчү нерсе - Кыргызстан тарап болгону кызыкдар экенин билдирди. Деталдуу түрдө сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок. Ал ишке ашуусу үчүн көптөгөн баскычтардан өтүүсү керек”,- деп жарыялады Энергетика министрлиги.

Энергетика министрлиги тараткан билдирүүнүн бир бөлүгү

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Энергетика министрлиги тараткан билдирүүнүн бир бөлүгү

Атом станциясы дегенде көптөгөн кыргызстандыктар урандын кооптуулугу жана Чернобль, Фукусимадагы чоң кыйроолор тууралуу сөз кылып жатат.

Би-Би-Си Германияда эмгектенген кыргызстандык инженер Канат Ишенбек менен ушул темада маек курду. Маектешибиз Канат материал таануу илимдеринин доктору, инженер.

Би-Би-Си: Сунушубузду кабыл алып, убакыт бөлгөнүңүзгө ыраазычылык билдиребиз...

Канат Ишенбек: Сиздерге да ыраазычылыгымды билдирем! 

Би-Би-Си: Кыргыз коому сизди дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан Тesla компаниясына (электр унааларын чыгарат) атайын айнектерди даярдап келген инженерлердин бири катары билебиз. Ушул жөнүндө учкай маалымат бере кетсеңиз.

Канат Ишенбек: Негизинен кесибим боюнча мен материал таануучумун. Илимдин докторумун. Азыркы учурда Gerreshmeimer Medical Systems компаниясында ага инженер болуп эмгектенем. Ага чейин университетте 10 жыл иштеп, изилдөөлөрдү жүргүзгөм. Ошол изилдөөлөрдүн негизинде мисалы, сиз айтып кеткен Тesla компаниясы менен кызматташтым. Биз анда күн энергиясынан электр кубатын чыгарган чатырларды өнүктүргөнбүз. Ошол чатырчаларга колдонула турчу айнекти даярдаганбыз. Азыр ал долбоорду аяктадык. 

Кыргызстандык инженер Канат Ишенбек Tesla компаниясы үчүн атайын айнектерди даярдоого катышкан

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандык инженер Канат Ишенбек Tesla компаниясы үчүн атайын айнектерди даярдоого катышкан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Орусиянын “Росатом” ишканасы “Кыргызстанда чакан атом станциясын куруу жөнүндө сүйлөштү” деген маалыматты расмий жарыялады. Инженер катары сиз бул кабарды кандай кабыл алдыңыз?

Канат Ишенбек: Бул маалыматты абдан терс кабыл алдым. Ошол технологиянын кооптуу жана коркунучтуу экенин, өзгөчө чоң катастрофаларга алып бара турганын билген үчүн абдан эле терс кабыл алдым. Мисал катары жакында эле болуп кеткен Фукусимадагы окуя. 

Би-Би-Си: Эмнеси менен кооптуу?

Канат Ишенбек: Эми биринчиден, бул атомдук электр станциялардын жакшы жактарын, жаман жактарын карабай туруп эле, Кыргызстандагы коррупциялашкан системанын айынан эле кооптуу деп эсептейм. Себеби, бул система эч кандай көзөмөл түзгөнгө шарты жок. Технологиясы дагы жок, адистери дагы жок жана бул коррупциялашкан системада мамлекеттик көзөмөл туура жүргүзүлбөй турганын билем да. Ошондуктан биринчиден эле, ошонусу менен абдан кооптуу маселе. Экинчиден, албетте бул технологиянын өзү. Атомдук электр станцияларда жаңы эле айтып кеткендей Фукусимадагыдай кыйроолорду эске алсак абдан эле кооптуу.

Германияда эмгектенген инженер Канат Ишенбек

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германияда эмгектенген инженер Канат Ишенбек

Би-Би-Си: Бирок, ошол эле учурда “Росатом” ишканасы менен кыргыз бийлиги “биз кынтыксыз, баардык эреже, талаптарды аткарабыз, андай кылып курса бул пайдалуу” деген жүйөнү айтышы мүмкүн да…

Канат Ишенбек: Туура, азыр дүйнөдө албетте абдан көптөгөн атом электр станциялар бар. Атомдук электр станциялар бул албетте өтө кылдаттык менен курулат. Ал жерде техникалык көзөмөлдөр абдан кылдат сакталышы керек. "Туура кура алабы?" деген маселе турат бул жерде. Биринчиден, “Росатомдун” сала турган атомдук электр станциясы азыр тесттен өткөрүлбөгөн электр станция. Бул азырынча Якутияда курулуп жатат. Бул кичи электр станция болгон үчүн текшерилип көрүлө элек. Муну эң биринчи эле өздөрү Якутияда куруп жатышат. Бул жаңы нерсе болуп калат. Анан электр станция курулса ал 55 мегаватт (МВт) электр энергия берет экен. Кубаттуулугу ушундай деп турат. Ал деген биздин электр энергияга болгон талабыбыздын 10 гана пайызын түзөт. Демек биз абдан кооптуу электр станциясын куруп, өзүбүздүн талабыбыздын 10 эле пайызын жапканы жатпайбызбы? Бул жагы дагы ойлонулушу керек. Кыргызстандын энергия системасына ылайык келбейт.

Канат Ишенбек: Андай чакан атомдук станция электр энергияга болгон муктаждыгыбызын 10 пайызын гана камсыздаса, кооптуу технологиянын бизге кереги барбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Канат Ишенбек: Андай чакан атом станция электр энергияга болгон муктаждыгыбызын 10 пайызын гана камсыздаса, кооптуу технологиянын бизге кереги барбы?

Би-Би-Си: Ушул маалыматтарды сиз эмнеге таянып айтып жатасыз?

Канат Ишенбек: “Росатомдун” өзүнүн ачык булактагы маалыматы. Өздөрү жарыялаган маалымат. Ошондуктан бул кичи электр станция “РИТМ 200Н” тууралуу өздөрү да бул маалыматты таратышты. Бул айткандай эле Якутияда жаңы эле курулуп баштады. Курулуп баштадыбы аны да так билбейт экенмин. 2028-жылы ишке киргизүүнү пландап жатышат. Демек бул текшериле элек нерсе. Ошондуктан өздөрүнүн айткан маалыматына таянып жатам. 

Би-Би-Си: Эми сиз инженер катары атомдук электр станциясы деген эмне? Ал кантип иштейт, ага эмне пайдаланылат? Ошону түшүндүрө кетсеңиз

Канат Ишенбек: Жатык тил менен айтып кетсем, ЖЭБ мисалы көмүрдү күйгүзүп, андан чыккан энергияны колдонсо, атомдук электр станция радиоактивдүү элементти колдонуп, ошонун негизинде электр энергия бөлүп чыгарылат. Атом электрстанцияда урандын байытылган түрү колдонулат. Мисалы көбүнчө электр станцияларда эки-үч пайызга байытылган уран колдонулат. Кээ бир жерлерде 20 пайызга байытылган уран колдонулат. 

Чернобль. Төртүнчү энергоблокту өчүрүүгө тартылган техникалардын “көрүстөнү”. Уулуу нур сиңип калгандыктан пайдаланууга жараксыз...

Сүрөттүн булагы, igor koctih/law net

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чернобль. Төртүнчү энергоблокту өчүрүүгө тартылган техникалардын “көрүстөнү”. Уулуу нур сиңип калгандыктан пайдаланууга жараксыз...

Би-Би-Си: "Кече жакында Кыргызстанда уран, торий кендерин иштетүүгө аракет болуп, бирок эл абдан каршылык көрсөткөндөн улам, токтоп калган. Бул ошонун бир уландысы болушу мүмкүн” деп айрымдар божомолдоп жатат. Сиз кандай ойдосуз?

Канат Ишенбек:  Мен деле дароо ошону ойлондум. Себеби, бул электрстанция курулуп калса ага сөзсүз түрдө уран керектелет. Анан ошол урандын талабын жабыш үчүн ошол уран кендери да казылып башталышы мүмкүн да. Негизи эле атомдук электр станциянын кооптуу жагы ошол жер болуп жатат. Ал үчүн уран керектелинет. Уранды өзүбүз байыта албайбыз, демек ал башка өлкөгө чыгып байытылып, кайра бизге келет. Ал уран колдонулат. Эң негизги эле кооптуу жагы ошол уран калдыктары каякка кетет? Албетте ал уран калдыктары Кыргызстанда калат. Ансыз деле Кыргызстанда миллиондогон тонна урандын радиоактивдүү калдыктары жатат. Демек ошол чечилбеген маселенин үстүнө, дагы бир маселе болуп, үстүнө кошулуп калат да. 

Би-Би-Си архивинен алынып тиркелген темалар:

Уран казууга каршы чыккандар. Бишкек 2019-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уран казууга каршы чыккандар. Бишкек 2019-жыл

Би-Би-Си: Иштернеттеги ачык булактарды карап көрсөк, кезинде советтер союзунун тушунда эле Кыргызстанда атом электр станциясын куруу жөнүндө ойлор болгон экен. Бирок “сейсмикалык жактан туруксуз, кооптуу” деген жүйөлөр менен курулбай калган деген маалымат жүрөт. Сейсмикалык жактан Кыргызстандын атом электр станциясын курууга болгон мүмкүнчүлүгү жөнүндө кандай ойдосуз?

Канат Ишенбек: Бул эң биринчи эле айтып кетчү фактор болчу. Кыргызстан бул технология жактан албетте атомдук электр станция курууга ыңгайсыз. Бул биринчиден. Экинчиден, Кыргызстан кичинекей болгон үчүн эгер кандайдыр бир авария болсо, демек, бул көптөгөн жерге, адамдарга таасирин тийгизет. Бул технология жагынан абдан эле кооптуу маселе. 

Би-Би-Си: “Уран абдан кубаты күчтүү, бир эле килограммы же болбосо кичинекей эле бөлүгү тонналаган көмүрдү алмаштырып коё алат. Ошону менен экологияга пайда, өтө чоң кубатты берет” деген жүйөлөр дагы айтылып жатат…

Канат Ишенбек: Албетте, бул бир эле аспекттен караганда "уран көмүр кычкылтек чыгарбайт. Ошондуктан экологияга пайда" деген аргументтер айтылып жатат. Бирок жана айтып кеткендей, ал жагы мейли көмүр кычкылтек чыгарбасын. Бирок аны казып чыгаруу, аны байытуу, аны кайра колдонуу, кайра калдыктарды ыргытуу бул ар бир эле кадамы экологияга зыянын тийгизген радиоактивдүүлүгү күчтүү материал болуп жатпайбы. Ошондуктан бир эле аспекти карабастан көп маселени караш керек.

Борбор Азиядагы эң чоң уран калдыгы - Кыргызстандын Майлы-Суу аймагында. Майлы-Суудагы уран заводунан калган урандылар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борбор Азиядагы эң чоң уран калдыгы - Кыргызстандын Майлы-Суу аймагында. Майлы-Суудагы уран заводунан калган урандылар

Би-Би-Си: Ал элемент катары, радиоактивдүү зат катары эмнеси менен зыян жана организимге кантип зыян алып келет?

Канат Ишенбек: Уран казууда кендин ичинде “U 235” элементи болот. Бул изотоп. Бирок аны электр энергияга колдонуш үчүн аны байытыш керек. Демек, “U 235” изотопко айландырыш керек. Айтып кеткендей уранды, колдонулган материал 20 пайызга чейин түзөт, ошол байытылган уран. Уран бул радиоактивдүү элемент. Бизге көзгө көрүнбөгөн радиацияны чачып турат. Демек анын кесепетинен ошол жакка жакын жашаган адамдарга, айбанаттарга, өсүмдүктөргө радиациянын таасири тиет. Көптөгөн рак оорулары пайда болот. Муну биз Майлу-Суудагы калк арасындагы окуялардан, Кажы-Сайда болуп жаткан окуялардан билебиз. Бул бизге көзгө көрүнбөгөнү менен, түздөн түз ошол уранга далил келтире албаганыбыз менен ошонун кесепетинен ушундай рак ооруларынын көбөйүшүнө себеп болот.

Би-Би-Си: Нурлануу деп жатпайбызбы, ошол нурлануунун баары эмес, кайсы бир түрү керек болсо кабат-кабат бетон дубалдарды көзөп өтүп кетет дегендер бар. Андай нур кокусунан адамдын организимине кабылды деп коёлу. Ал кантип зыян алып келиши мүмкүн?

Канат Ишенбек: Клеткаларыбызда ошол нурлануунун энергиясы аркылуу ошол жерде өзгөрүүлөр пайда болот. Бул ДНКнын дагы структурасын бузат. Анан ошонун кесепетинен бизде оорулар пайда болушу мүмкүн. Башка органдар деле нурлануунун кесепетинен, күчтүү энергиянын негизинде, албетте структуралар бузулат. Ал жерде рак ооруларга жана башка ооруларга таасирин тийгизет. 

Чернобль АЭСиндегы авариянын кесепети адамдарга эле эмес, баарына тийген...

Сүрөттүн булагы, igor koctih/law net

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чернобль АЭСиндегы авариянын кесепети адамдарга эле эмес, баарына тийген...

Канат Ишенбек: Германия атомдук электр станцияларын четинен жаап жатат...

Би-Би-Си: Атом электр станциясын куруу боюнча, алардын иштетилиши боюнча дүйнөдө соңку тенденция кандай болуп жатат?

Канат Ишенбек: Эки айры кеткен тенденция байкалып жатат. Мисалы, Германия атом электр станциясынан чыгып жатат. Германияда болгон баардык атомдук электр станциялар жабылууда. Азырынча үч атомдук электр станция иштеп атат. 2022-жылдын аягына чейин бул атомдук электр станциялар дагы жабылат. Ошондой эле, башка тенденция да болуп жатат. Бул мисалы, Польша сыяктуу өлкөлөр тескерсинче өзүнүн электр кубатына болгон талабын жабыш үчүн атомдук электр станция куралы деген ойлору бар. Же болбосо ошол эле Түркия Россиянын жардамы менен атомдук электр станция куруп жатат. Айтып кеткендей эле эки айры тенденция байкалууда. Бирок азыркы климаттык өзгөрүүнү, экологиянын бузулушун эске алганда, демек, атом электр станциядан оолактап тескерсинче экологияга пайдасы көбүрөөк болгон шамал, күн энергиясын колдонгон оң. Биогаз сыктуу энергияларды колдонгон энергия өндүрүүчүлөргө өтсөк, албетте бизге дагы жана келечегибизге да пайдасы көп болмок.

Би-Би-Си: Германия атомдук электр станцияларын жаап жатса эми алардын ордун эмне менен толуктаганы турат?

Канат Ишенбек: Эң биринчиден, көп жылдан бери мамлекет тарабынан колдоп келаткан бул шамал электр станцияларын колдонуу. Ошондой эле, күндөн электр энергия чыгаруу. Үйгө болобу же талааларга болобу, ошол электр станцияларга жардам берип, дотациялап, ошолорду өнүктүрүп жатат. Экинчи жактан үйлөрдү жылытуу системаларын эффективдүүрөк кылып, электр кубатын азыраак жумшагандай кылып, системаларды өнүктүрүп же долбоорлорго колдоо көргөзүп, электр талабын жапканга аракет кылууда.

Өнүккөн өлкөлөр күн, шамал энергиясына өтүүдө...

Би-Би-Си: Кыргызстан абдан күнөстүү аймак экенин, күн нурунун кубаты, шамалдын кубаты жетиштүү экенин айтып келишет. Ушуга басым жасаса келечеги бар деп ойлойсузбу?

Канат Ишенбек: Албетте бар. Германияны эле карасак Германияда күн негизинен эле тартыш. Жылына балким 100-130 күн эле күн таптуу тиет. Кыргызстанда болсо кээ бир аймактарда жылына 300-330 күнгө чейин күн тийип турат. Албетте бул энергияны колдонуш керек. Ошондой эле шамал энергиясын да колдонуу керек. Бизде региондордо иштетилбеген жерлер абдан көп. Ал жерге ошол шамалдан электр кубатын чыгарган станцияларды орнотуу зарыл. Гидроэлектр станция суудан эң арзан энергияны чыгарат. Андан кийин эле, шамалдан же болбосо жерге жайгашкан күн системаларынан чыгат. Баштапкы инвестициясы бийик болгону менен негизги электр кубатын чыгарган баасы төмөн болуп саналат. Ошондуктан бул багытка дагы инвестиция кылып, элди дагы ошого дотация кылабызбы ошол тарапка үндөп баштоо керек.

Би-Би-Си: “Росатомдун” маалыматы чыккандан кийин Кыргызстандын энергетика министрлиги жооп берип, расмий билдирүү таратты. Анда “бул жөн гана мемерондум. Азырынча биз куралы деп жаткан жокпуз. Абдан изилдөөлөр жүрөт, экологиялык жагын, коопсуздугун, баарын эске алабыз” деди. Эгерде чындап эле ошол баардык жагын эске алса кура алат, колунан келет, баардыгы камсыз болот деп ишенесизби?

Канат Ишенбек: Башында эле айтып кеткендей бул жалгыз гана кооптуу системаны курулушунда эмес, маселе - коррупциялашкан системада дагы жатат. Ошол кура алат, бирок, аны текшерген ким болот? Текшерген адистер барбы? Аларды көзөмөлдөгөн технологиябыз барбы? Ошол жагында маселе турат. Балким 50 жылдан кийин, балким 60 жылдан кийин технология өнүгүп, эгер коопсуз технология болсо ошондо гана аны да ойлонуп көрсө болот. Бирок азыркы учурда Кыргызстандын абалын ойлогондо жана башка көзөмөл аргументтин эске алганда азырынча бул теманы негизи ачпай эле койсок туура болмок. 

Би-Би-Си бул маектин видеосун толугу менен YouTube, Facebook баракчаларына жарыялайт.