Ишкер: Суунун эле көзүн карабай, шамал менен күндү качан пайдаланабыз?
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Климат маселеси боюнча Глазгодо өтүп жаткан саммиттеги башкы маселенин бири - көмүр кычкыл газын азайтуу болуп саналат. Ал үчүн шамал, күн энергиясын пайдалануу жыл өткөн сайын актуалдуу болот деп окумуштуулар улам бир изилдөөлөрүн жарыялап жатат.
Кыргызстанда алгачкы ирет шамалдан электр энергиясын өндүрөбүз деген ишкер Кундус Кырбашева азыркы энергетикалык кризистен чыгуу үчүн дагы, инвестиция тартуу үчүн дагы шамал, күн энергиясын пайдалануу приоритет болушу керек дейт. Жеке ишкер президент Садыр Жапаровдун Глазгодо эки жолу сүйлөгөн сөзүн кунт коюп карап чыкканын, бир топ жакшы ойлор айтылганы менен шамал, күн энергиясы тууралуу сөз болгон жок деп жатат. Анын жүйөсү боюнча климат башкы тема болуп жаткан жыйында сууга байланган технологиялар эмес, күн, шамалга басым жасаган жаңы технология көнүл борборунда дейт. Эгер кыргыз бийлиги жашыл экономика, жаңы технология үчүн мамлекетибиз даяр, керек болсо технология боюнча сыноолорду бизде өткөрүп, инвестиция жумшасаңар болот, Кыргызстан ага ачык деген чакырык менен чыкса эл аралык коомчулукка, дүйнөлүк ири компанияларга ого бетер кызыктуу болмок деп эсептейт. Алар мындай чакырыкты президенттин оозунан укканда "бул өлкө приоритетти абдан туура коюптур" деп ого бетер кызыгуусу артмак деген ойдо.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Энергетика белчесинен карызга батып калган...
Кыргызстандын энергетика сектору 137 миллиард сомдук карызга батып, оор кризисти башынан кечирип жаткан учуру. Ал аз келгенсип быйыл башкы ГЭСте суу аз. Ушул жылдын 4-ноябрында топтогон суунун көлөмү 11,868,75 млрд куб метр. Агып кирген суудан сарпталган суу эселеп көптүк кылууда. Көп жабдуулардын дагы эскилиги эбак жеткен. Энергетиктердин эсеби боюнча Кыргызстандын бир жылдык керектөөсү 15 млрд килловатт сааттан ашкан. Бул өткөн жылдын эсеби. Жылдан жылга калктын саны көбөйүп жаткандыктан бул жылы андан көп. Кыргыз президенти чакан жана орто гидроэлектро станцияларды курууга маани бергени абдан жакшы, бирок, жылдан жылга суу тартыш болуп жаткан маалда башка дагы булактар болбосо кризистен чыгуу кыйын дейт ишкер айым. Садыр Жапаров ишкерлер менен жыйында энергетика секторунда иш алып барып жаткан жеке ишкер Рахатбек Ырсалиевди колдоп, анын жылдап орундалбай келе жаткан ишин бир аптага жеткирбей бүтүрүүнү энергетика министрлигине тапшырган учуру да болду.

Сүрөттүн булагы, WWW.ENERGO.GOV.KG
"Суудан энергия албаш керек же анын кажети жок дебейбиз. Ал сөзсүз керек. Бирок, бир эле багыт менен кеткенибиз туура болбой калат. Себеби, ошол факторго көз каранды болуп калып жатпайбызбы. Андан чыгуу үчүн башка булактарга көңул буруп, аларга дагы колдоо көрсөтүп, инвестиция тартуубуз зарыл. Мисалы, күн жана шамалдан энергия алуу. Өнүккөн мамлекттер эмнеге бул тармакка "жармашып" калды дегенди эле ойлоп көрөлүчү. Алар миллиондогон каражат жумшап, изилдетип, стратегия даярдап анан ушул жолду тандап жатышат. Себеби, алардын изилдөөлөрү келечек жашыл экономика, жаны технологияларда экенин көрсөтүп жатат. Мисалы, ал ишти биз үчүн алар аткарып койду деп туруп, биз өз өлкөбүздө аларды туурап, өз моделибизди түзбөйбүзбү? Кытай суусу жоктугунан күн же шамаалга басым жасап жаткан жок да. Аларда дагы дарыялар бар",-дейт жеке ишкер Кундус Кырбашева.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Негизи эле канча бир жылда жаратлышта суу, жаан-чачын адаттагысынан азая түшкөнү табигый эле көрүнүш. Бирок, ысык, кургачкыл аба ырайынан сырткары калктын өсүшү менен сууга болгон муктаждык тез өсүп жаткан чакта суу азая берээри турган иш.
Улуттук энергохолдингдин жетекчилеринин бири Асхат Бердиев өндүрүлгөн электр энергия ички керектөөгө өп-чап жетип, суу тартыш болуп жатканын буга чейин Би-Би-Сиге айтып берген эле.
Кыргызстан электр энергиясына келгенде негизинен Токтогул ГЭСине таянат. Мурун анда топтолгон суу бир канча жылдык электрге болгон муктаждыкты камсыздаса азыр андай эмес. Биринчиден, суу тартыш, экинчиден, муктаждык чоң. Энергетиктердин айтымында, 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылдын апрелинде Токтогул суу сактагычындагы суу 6 млрд 400кубга чейин түшкөн. Бул эң төмөнкү чеги. Мындан дагы бир топ азайса ГЭС токтоп калышы мүмкүн.
Токтогул суу сактагычы мелт-калт толгон жылдары да болгон. Ал соңку ирет 2017-жылы кырына чейин толгон. Анда суунун максималдуу чеги 19 млрд 500 млн кубга чамалап барган. Шамал менен күн энергиясы башталышында мынчалык чоң көлөмдө энергия бере албаса дагы бара-бара анын үлүшү көбөйө бермек дейт адистер.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Күн, шамал энергиясы дароо эле көйгөйдү чечет дебейбиз. Ал тез курулуп, ушундай оор кырдалда жакшы көмөгүн бере алат. Чакан ГЭС курам десениз да жылдап убакыт кетет. Анын үстүнө азыр технология деген такыр өзгөрдү. Он жыл мурун бир канча баралуу мунара берген энергияны азыр бир эле мунара бере алат. Ошол эле шамал мунарасынын түбүнө күн панелин коюууга болот. Гибрид система. ГЭС, күн, шамалдын жабдуусун орнотуу, куруунун чыгымы бирдей эле болуп калды. ГЭС арзан, күн менен шамалдыкы кымбат дегендерге кошулбайм. Аны ким сатып алмак эле дешет. Курулуп ишке бериле элек жатса дагы биздин кардарлар азыртан эле кезекте турат",- дейт жеке ишкер Кундус Кырбашева.
Кыргызстан электр энергиясын Өзбекстан, Казакстан кээде Тажикстандан сатып алат. 137 миллиард сомдук кризиске баткан бул тармактын көйгөйлөрүнө карабай көп жылдардан бери эле кыргыз бийлиги удаа-удаа ГЭСтерди куруп, энергияны чет өлкөгө сатууну пландап келе жатат.







