Т.Алтымышев: Энергетикадагы коррупцияны буусун, кымбат төлөгөнгө даярмын

электр мамысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Электр энергиясы үчүн сунушталган жаңы тариф коомчулукта талкууга жем таштады. Айрымдар бул энергетика тармагын сактап калуу үчүн аргасыз жасалган кадам болду десе, кээси ага караманча каршы чыгууда. Коомдук сайттардын кээ бир колдонуучулары президент Садыр Жапаровдун электр энергиясына байланыштуу мурда сүйлөгөн сөздөрүн чыгарып, анын чечимин сынга алууда.

Би-Би-Си энергетика тармагын далай иликтедим деген журналист Тынчтыкбек Алтымышев менен маек курду.

Т. Алтымышев: Бир топ жылдан бери энерготармакты изилдеп, иликтеп келдим. Бул боюнча атайын окуулардан өттүм, ошол тармактын адистери менен конференцияларга катышып, чуулгандуу далай маселесинде чогуу жүрдүм. Ошондон улам эл төлөй турган акча чып-чыргасы коробой, тыйынына чейин ошол тармакты кризистен чыгарууга, жаңылоого, өнүктүрүүгө жумшалабы деп суроо салып жатам. Эгер дал ушундай болсо анда ага эл да макул, эл ичинде мен да колдойм. Жөн эле колдобой колумдан келишинче сүрөмөкмүн. Бирок, тилекке каршы андай болбой жатпайбы. Эгер азыр бийлик, анын ичинде энергетика министрлиги тармакты реформалап, кескин оптимизацияга барып, кадр тандоодо санына эмес, сапатына басым жасап, асман чапчыган айлыктарын чектеп, акыркы тыйынына чейин ачык-айкын көрсөтүп, мынакей эл, биз колдон келгендин баарын аткардык, ошондо да маселе келип тарифке такалып калды деп, айла жоктун иши десе биринчилерден болуп колдоп чыкмакмын.

электр эсептегич

Сүрөттүн булагы, social media

Би-Би-Си: Бул тармакты ичинен жакшы билем, аралашып эле жүрөм деп жатпайсызбы. Сиз өз көзүңүз менен көрүп, билген, кыңыр иштер барбы?

Т. Алтымышев: Ооба, 2014-2015-жылдары "Жаңы агым" гезитинде иштеп турган кезимде энергосекторду казып иликтегем. Ошол учурда жеке компаниялар менен мамлекттик компаниялар кыл чайнашып тирешкен. Ал кармашта мен ичинен туруп, күңгөйүн да, тескейин да көрдүм. "Түндүкэлектро" бизге жеке компаниялар тууралуу укмуштай, аягы бүтпөй турган "уламыштарды" айтып келчү. Кийин иликтей келгенде баары теңирден тескери болуп чыкпадыбы. Көрсө, "Түндүкэлектронун" директорлор кеңеши ошол жылдары эле өздөрүнө 90 000 сомго чейин айлыкты коюп, ал аз келгенсип, ай сайын өздөрүнө өздөрү 45-50 000 сомго чейин сый акы жаздырып алып жүргөн экен. Директорлор кеңешинин бир мүчөсү айына бир жарым тонна бензин алып коёт деген эмне шумдук? Карасак, ал тоо-ташты кыдырып жүрмөк турсун, шаардан чыкпайт экен. Бир жарым тонна бензин менен эмне танк айдайбы? Мунун баарын куру сөз эмес, бухгалтериянын кагаздары менен ашкерелеп бергем. Азыркыга чейин токтой элек да. Бишкекте РЭСте иштеген, мурун иштеп кеткен же иштен куулган балдар бар да. Алар "байке, атымды айта көрбөңүз, сизге эле анонимдүү айталы" деп мага айтып беришет. Мына бүгүн да мага Ат-Башыдан кайрылды. "Байке, айтыңызчы, жазыңызчы, УКМКга кайрылабыз" деп жатышат. Ат-Башыдан бир монтёр айтты. "Айына бир түрмөк зым коротсом, жетекчим үч түрмөк короттум деп жаз дейт. Жок, бир эле түрмөк короттум десем, эмне эле чынчыл болуп атасың, айлыгыңдан кармап калам, жумуштан кетсиң" деп коркутат дейт. Бүгүнкүгө чейин ушундай болуп жатса анан кантип ирээнжибей коёсуң? Кантип акча төлөп, кантип анан кымбат тарифке макул болобуз?

журналист Тынчтыкбек Алтымышев

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тынчтыкбек Алтымышев

Би-Би-Си: Эл түшүнүп кабыл алуу үчүн эми эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

Т. Алтымышев: Жаманттуу болуп жаткан 17 жеке менчик компания Кыргызстандагы 2%гана электр энергияны сатат. Алар ал аз келгенсип, акчасын алдын ала төлөп туруп анан алышат. Калган 98% мамлекттик компаниялардын карамагында. Директорлор кеңеши дегендин такыр кереги жок. Чоңдордун тууган-уругу аралашат, мурун бул тармакты жетектеп жүргөндөрдү кызматтан алалы десе алардын "мени директорлор кеңешине киргизип койгула, анан кетем" деген ультиматуму даяр. Мындай болбошу керек. Бул тармакка жетекчи болуп барам дегендерге "материалдык жоопкерчилик" деп атайын мыйзамдуу талапты коюш керек. Абалын оңдойм, баланча каражат түшүрөм деп милдеттенме алгандарды гана кызматка коюп, кайра так ошону андан талап кылуу керек. Иштей албайбы анда моюну менен тартсын. Ал баргандан кийин ишти инвентаризациядан баштабаса болбойт. Канча трансформатор, канча зым карагайы, канча метр линиясы бар экенин так билбеген жерде иш болмок беле? Майда-чүйдөсүнө чейин элге көрсөтүп, далидеп берсе, жыйынтыкты көргөзсө гана эл ишенет. Ошондо эл "кокуй, куткарбасак болбой калган турбайбы" деп өзү эле колдоп берет. Бирок ал үчүн коррупция кан буугандай токтоп, жипке тизгендей ирээттүү иш болушу керек. Мисалы, жеке компаниялар канча электр мамысы эле эмес, канча буроом бар дегенге чейин жатка билет.