Уран темасы кайрадан “удургуй” баштады
Абдыбек Казиев, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Министрлер кабинетинин расмий сайтында жер казынасына байланышкан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ал мыйзам долбоорунда Кыргызстанда тыюу салынган уран, торий маселеси да камтылган. Эгер кабыл алына турган болсо мамлекеттик ишкана (ички жана сырткы) инвестор менен биргеликте иштете алаары да көрсөтүлгөн.
Мыйзам долбоорун Энергетика жана өнөр жай министрлиги сунуш кылды. Демилгеленген мыйзам долбоорунун уранга тиешелүү бөлүгүн талдайбыз.
Уран - Менделеевдин мезгилдүү системасындагы элементтердин бири. Ал радиоактивдүү заттардын тобуна кирет. Уран негизинен атом бомбасына жана атомэлектро станцияларында пайдаланылат.

Буга чейин эмне болду эле?

Кыргызстанда уран темасы тууралуу сөз болгондо эле көпчүлүк Кызыл-Омполдогу уран кенинин айланасындагы чууну эстейт.
Анда Балыкчы шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан уран кенинин бир бөлүгүн иштетүү аракети болуп жатыптыр деп нааразы болгондор бийликке кескин талаптар менен чыгышкан эле.
Алар “изилдейбиз, чалгындайбыз деген компания чалгындоону шылтоолоп иштетип башташыптыр” деген доомат коюшкан. Мурдагы бийлик адегенде “бул кенди иштетүү экономикалык жактан пайдалуу, үчүнчү күчтөр элди тукуруп жатат, мунун зыяны деле жок” деген сыяктуу жүйөлөрдү айткан.
Түшүндүрүп, суроолорго жооп берем деп ошол кездеги вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Балыкчы шаарына барып, эл менен жолугушканда, бийликтин дарегине ачуу сындар айтылып, караманча каршы чыгышкан эле.

Андан көп өтпөй мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков “бул боюнча өкмөттүн чабалдыгынан, шалаакылыгынан жок жерден талаш чыкканын айтып, уранга өзү да каршы экенин билдирген.
Ошентип парламенттин бир топ депутаты дагы талап коюп чыккандарды колдоп, атайын мыйзам долбоорун даярдаган. Бишкекете эле эмес, жер жерлерде дагы уранга каршы чыккандардын талабынан улам Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кабыл алып, ага Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Эми эгерде жаңыдан коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган №139-мыйзам күчүн жоготот.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин бөлүм башчысы Айша Карпаева коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоорунун чоо-жайын чечмелеп, Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.
Айша Карпаева: Өзүңүздөр билгендей ушул жылдын январь айында президенттин жарлыгы чыккан. Ал тоо-кен тармагын реформалоого багытталган. Анын бир беренеси кодексти иштеп чыгуу болгон.
Кодекс дегенибиз укуктук нормативдик актылардын жыйындысы болгондуктан ага тармакты жөнгө салчу бир нече мыйзам камтылат. Ошондуктан биз мыйзам долбооруна жер казынасын пайдаланууга тиешелүү мыйзамдын баарын атайын бир кодекске киргиздик.
Ал жакка бир эле уранга байланыштуу эмес, жер казынасын пайдалануудагы жер, салык жана башка мыйзамдарды дагы коштук. Бул бирдиктүү кодекс болот.

Би-Би-Си: Бул тармакты тескей турган кодекс болуп жатпайбы. Анда уран, торий сыяктуу радиоактивдүү заттарга байланышкан кандай өзгөртүү кирди? Анткени буга чейин мыйзам боюнча тыюу салынбады беле?
Айша Карпаева: Уран, торий кендерин иштетүүгө, чалгындоого тыюу ошол бойдон эле калды. Мунун баары биздин долбоордо жазылды. Бир гана мамлекттик ишканалар эл аралык эреже, стандарттарды сактап бул иштерди жүргүзө алат дегенди жаздык.
Бир эле жагы бул азырынча долбоор. Биз азыр аны киргиздик. Эч ким уруксат бербейт. Биз муну жөнгө салуу үчүн гана жасап жатабыз. Долбоор коомдук талкууда турат, ага каалоочулардын баары сунуштарын бере алышат. Ошондой эле мамлекттик органдар менен макулдашуу жүрүп, долбоор талкууланып жатат.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Би-Би-Си: Эгерде сиз айткандай мамлекеттик ишканалар иштете турган болсо, бул качан башталат деп болжоп жатасыздар?
Айша Карпаева: Азыр иштетүү жөнүндө суроо коюлган дагы жок. Биз муну азыр жөн гана киргиздик. Себеби ал жалпы кодексте болушу керек. Кимдир бирөөгө берүү жөнүндө сөз дагы жок.
Би-Би-Си: Эгер аны иштетүү, уруксат берүү планда дагы жок болсо, аны кодекске киргизбей, буга тыюу салынган деп эле калтырып койсо болот беле?
Айша Карпаева: Мен айтып кеткендей, бул мыйзамдардын жыйындысы, ага баарын киргизүү керек. Бул мыйзам өзүнчө, тиги мыйзам өзүнчө деген болбойт. Анда кодекстин эмне кереги бар?
Кодекс деген мыйзамдардын жыйындысы. Биз жер казынасын тескөөгө тиешелүү мыйзамдын баарын бириктирдик, баары бир кодексте болот.
Эгер мыйзамдын баары ар башка болсо, анда кодекс маанисин жоготот. Баары өзүнчө боло турган болсо, аны жасоонун кандай маниси бар? Бул салык, кылмыш жаза кодекси деген сыяктуу эле кодекс болот.

Би-Би-Си: Уран, торийге байланышкан маселе азыр кайрадан талкууланып, маалымат каражатарында жазыла баштады. Эл даана, так билиши үчүн атайын түшүндүрмөнү качан жарыялайсыздар?
Айша Карпаева: Биз бүгүн баштайбыз, бул эмнеге жасалып жатканы боюнча түшүндүрмөнү беребиз.
Би-Би-Си: Уран кендери боюнча азыр эч кимдин колунда лицензия жокпу?
Айша Карпаева: Учурда мен билгенден негизги бөлүгү жокко чыгарылган же өздөрү баш тартышкан. Учурда кандайдыр бир лицензия бар-жогун мен такташым керек. Эч ким иштеген жок.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Азыр уран же торий кендерин иштетүү, чалгындоо масселеси күн тартибинде турган жок. Болгону мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.
Эгер уран, торийге байланыштуу каршы болгон пикирлер басымдуу болсо, ал берене толугу менен алып салынат. Ошол эле учурда сунуш, пикирлерге карап ал берене калып калышы дагы ыктымал.
Бул мыйзам долбоору эмнеден кабар берет деген суроо менен парламенттин депутаты Алтынбек Сулаймановго кайрылдык.
Алтынбек Сулайманов: Бул маселенин кайрадан көтөрүлүшү түп тамырынан туура эмес. Себеп дегенде, бул маселе башында эл тарабынан көтөрүлгөн маселе. Элдин үнүн угуп, эл менен эсептешкенге туура келип, депутаттар аргасыздан ошол мыйзамды алып чыккан.
Ал депутаттардын сап башында мен болгом. Мыйзамды биз алып чыгып, өмүр бою уран казуу жана чалгындоо иштерине тыюу салынган. Ал эми ошол мыйзамга кол койгонго президент дагы аргасыз болгон.
Канчалык экономиканы сүйлөбөйлү, канча кызыккандар болбосун баары биригип эл менен эсептешкенге туура келген. Ошондуктан азыр дагы ушул маселе көтөрүлгөн болсо, эл кайра эле көтөрүлүп ошол талапты коюшу мүмкүн. Бул такыр туура эмес, аягы жакшы бүтпөй калышы мүмкүн. От менен ойноп атышат.

Би-Би-Си: Министрлик даярдаган долбоордо “эгер ал жактырылып, кабыл алынса, жүз пайыз мамлекетке караштуу ишканаларга уран жана торийди иштеттүүгө уруксат берилет” деп көрсөтүлгөн экен.
Сулайманов: 100 эмес 1000 пайыз болсо дагы бул уран деген адамзатка зыян экенин баарыбыз билебиз. Биз өзүбүздүн элди уулаганга тете болот. Ошондуктан мындай жактан биз мамлекетке пайда келтиребиз деген бул такыр туура эмес.
Би-Би-Си: Мыйзам кабыл алынаарда “көшөгө аркасында” дагы кандай “оюндар” жүрдү эле, чындап келгенде буга кимдер кызыкдар болгон?
Сулайманов: Буга уран иштеткен компаниялар кызыкдар, башка эч кандай кызыккандар болбосо керек. Ошолор кайрадан ушул маселени көтөрүп, кайрадан иштетүүнү көздөп жатышат болуш керек.
Би-Би-Си: Айрымдар болжоп жаткандай, бул жерде уран иштетебиз деген чет өлкөлүк компаниялар дагы барбы?
Сулайманов: Албетте, ошол кезде чет өлкөлүк компаниялар дагы болгон. Алар жөн гана Кыргызстандын жарандарын пайдалынашат.

Би-Би-Си: Мыйзам жагын карасак, азыр коомдук талкууга коюлду. Эми мындан ары мыйзам боюнча кандай болушу керек?
Сулайманов: Мен азыр мыйзамды кандай кылып сунуштап жатканын карай элекмин. Мына бул маселе жаңы эле көтөрүлүп жатпайбы. Бирок кандай кылып алып келбесин бул туура эмес. Ал жакта биз "Кыргызстанда эч кандай уран казылбайт, колдонулбайт" деген мыйзамды кабыл алганбыз. Анын үстүнөн кандай кылып мыйзам токушат, азыр мага түшүнүксүз.
Би-Би-Си: Ошол сиздер алып чыккан мыйзамда аны айланып өтүүгө “жылчыктар” бар беле?
А. Сулайманов: Эми жылчык табабыз десе болуп атпайбы. Түрдүү жолдор менен мыйзам эмес, Конституцияны дагы аттап кетип жаткандай көрүнүп жатпайбы. Ошондуктан жолдорду табат, таба албайт деп эч кандай таң калбай эле коюш керек.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Би-Би-Си: Уран кенин иштетебиз дегенде, депутаттар анын ичинен мына сиз дагы тикеңизден тик туруп каршы турдуңуз эле. Бул жолу эгер маселе кайрадан козголо турган болсо, жалпы эле уранга байланыштуу сиздин так позицияңыз кандай болот?
А. Сулайманов: Мен ошол мезгилде эл тарапта болгонмун. Бүгүн дагы позиция ошол эл тарапта болот. Мен урандын казылышына каршымын. Каршы позициямды так дана айта алам.
Би-Би-Си: Депутат катары сиз ошол министрликке жазуу жүзүндө кайрылуу жолдошуңуз мүмкүнбү?
А. Сулайманов: Эми азыр мыйзамды сунуштаганга эч ким мындай тоскоолдук кыла албайт. Сунуштаганга укугу бар. Бирок ошол мыйзамды талкууда биз өткөрбөшүбүз керек. Ошол жерде биз депутаттар сөзсүз элдин колдоосуна муктаж болобуз. Эгер эл мурдагыдай колдоп бере албаса, анда депутаттар азчылык болуп утулуп калышыбыз толук ыктымал.
Деген менен урандын казуу, иштетүү кирешелүү экенин айткандар дагы жок эмес. Айрымдар коңшу Казакстанды мисал келтирип, урандын экспортунан миллиарддаган каражат тапканын жазышууда.












