Ишкер: Күн нуру – асмандан жааган кызылдай акча...

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Азамат Искенбаев: Кыргызстан боюнча жылына 2100дөн 3200 саатка чейин күндүн кубаттуулугу бар. Бул эң жакшы көрсөткүч десек болот...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азамат Искенбаев: Кыргызстан боюнча жылына 2100дөн 3200 саатка чейин күндүн кубаттуулугу бар. Бул эң жакшы көрсөткүч десек болот...

Күн санап электр энергиясына болгон суроо талап өсүп жатат. Калктын саны өскөн сайын азыркы жетпей жаткан электр энергиясын кайсы булактан алыш керек деген суроо кабыргасынан турат. Бул боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. Ал тургай атом электр станциясын (АЭС) куруш керек дегендер дагы бар. Бирок анын тобокели өтө чоң, кокус авария болсо оңбогондой кесепетин тийгизет деп Чернобль, Фукусима АЭСтериндеги кыйроону мисал келтиргендер дагы бар.

Дагы бир тарабы өнүккөн айрым мамлекттер АЭСтен баш тартып күн, шамал энергиясына өзгөчө көңүл буруп жатканын жүйө келтирүүдө.

Би-Би-Си күн нурун пайдалануу боюнча өзгөчө ыкманы таптык деген ишмер Азамат Искенбаев менен кенен маек курду.

Адистер күндөн энергия алуу технологиясы өнүгүп, сапаты жакшырган сайын баасы да арзандап жатат дешет. Аны өндүрүү кыйла жеңил болуп калды деп түшүндүрүшүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адистер күндөн энергия алуу технологиясы өнүгүп, сапаты жакшырган сайын баасы да арзандап жатат дешет. Аны өндүрүү кыйла жеңил болуп калды деп түшүндүрүшүүдө.

Азамат Искенбаев: Мен Bishkek Solar компаниясынын башкы директору, негиздөөчүсүмүн. Командабызда 15тен ашык адис эмгектенет. Бул компанияны 2016-жылы негиздедик, баардыгын мыйзамга ылайык каттатканбыз. Иштин башаты болсо 2012-жылга барып такалат.

Би-Би-Си: “Күндөн электр энергиясын алабыз”,- деп жатасыздар. Бул Кыргызстанда электр энергиясы абдан тартыш болуп жаткан учурга туш келди. Эгерде сиздердин план ишке аша турган болсо, Ысык-Көл облусун күн нурунан алынган электр энергиясы менен камсыздайбыз деп жатасыздар. Бул реалдуубу?

Азамат Искенбаев: Ысык-Көл облусун эле эмес, бүт Кыргызстанды камсыздоого толук мүмкүн. Кыска убакытта жүзөгө ашырса болот. Дефицит деп жаткан көлөмдү так ушул жашыл энергетикадан чыгарууга шарт бар. Ушул жакка жакшы инвестиция келет жана ушул тармак аркылуу биз энергетиканы азыркы туңгуюктан чыгарып кетсек болот. 

Би-Би-Си: Бул жакшы максат, жакшы тилек, бийик амбиция болуп эле калып калбайбы?

Азамат Искенбаев: Конкреттүү, реалдуу эсептер бар. Биз бул ишке 500 гектар жерди трансформациялап койдук. Мындан тышкары, документацияларды жасадык жана толук колдоо бар. Энергетика министрлигинен тарта жетекчилик толук колдоп жатышат. Эки жыл мурун ушул эле долбоорубузду жакшы түшүнбөй жатышты эле, азыр башка көз караш менен сүрөп турушат.

Кыргызстан суу ресурстарына бай деген менен жылдан жылга суу азайып бара жатат...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстан суу ресурстарына бай деген менен жылдан жылга суу азайып бара жатат...

Би-Би-Си: Эң жөнөкөй айтканда, алгачкы лампочканы качан күйгүзүп, качан электр тогун алабыз деп пландап жатасыздар?

Азамат Искенбаев: Март айынын аягы апрель айынын башы менен биринчи капсуланы салып, ушул долбоорубузду баштайлы деп жатабыз. Ошого байланыштуу Лондондон биздин өнөктөшүбүз келип кетти. Бир топ документтерге кол койдук. Эми калган документацияларды бүтүрөбүз. Ачылышын апрель айынын башына пландап жатабыз.

Би-Би-Си: Эгерде сиздердин бул долбоор сиз айтып жаткандай маанилүү болсо, анда буга чейин эмне себептен ишке ашпай келди? Ал кезде деле энергияга муктаждык бар эле да...

Азамат Искенбаев: Чечим кабыл алчу тарапта так информациянын жетишсиздиги, адистердин аздыгы болду окшойт. Жакында эле биз 50 КВТ станцияны койдук. Буга чейин убадалар сөз бойдон кала берген.

Күн, шамалдан электр энергиясын өндүрүү атмосферанын тазалыгына дагы салымын кошот...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Күн, шамалдан электр энергиясын өндүрүү атмосферанын тазалыгына дагы салымын кошот...
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Буга чейин Бишкек мэриясы Жумушчулар шаарчасында күн панелдерин орнотуп, ошол долбоорду дагы жайылтабыз деп жатышты эле. Сиздердин долбоор алардан эмнеси менен айырмаланат же болбосо, ошол эле панелдерден эмнеси менен өзгөчө?

Азамат Искенбаев: Биз өзүбуз ойлоп табуучу дагы болгондуктан нөлдөн баштап өзүбүз түзгөн панелдерибиз бар. Бирок аны массалык түрдө чыгарыш үчүн убакыт талап кылынат. Ошол себептен биз азыркы учурда стандартка төп келген сапаттуу, ПАК (КПД пайдалуу аракет коэфициенти) өтө жогору панелдерди койгону жатабыз. Бул жерден саны эмес, сапатына басым кылабыз.

Би-Би-Си: Сиз убада кылып жаткан панелдердин өндүрүшү дагы сиздерге тиешелүүбү же импорттоп алып келген панелдерден коёсуздарбы?

Азамат Искенбаев: Бул нерсени сырттан импорттойбуз. Анткени ушул рынокту кытайлык ишкерлер 85-90 пайызга чейин көзөмөлдөшөт. Ошол себептен биз өндүргөн менен баасы жагынан аларга жетүү кыйын. Биз канча өндүрбөйлү кытайдыкы 30 пайызга арзан түшөт. Андан дагы маанилүүсү сапатын Европаныкынан кем калтырбай чыгарып жатышат. Сөздүн ачыгы Кытайдан алып, өздөрү бул жактан чогултуп туруп эле Европаныкы деп койгондорго өзүбүз далай күбө болуп жатабыз. Мунун өзү сапаттан кабар берет.

Bishkek Solar компаниясы күн панелдерин сынап жаткан учуру
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Bishkek Solar компаниясы күн панелдерин сынап жаткан учуру

Би-Би-Си: “Биз керек болсо панелдерди кытайлардыкынан дагы мыкты өндүрүүгө даярбыз. Ошондой долбоор бар, жакында ишке ашат” деп жаттыңыз эле. Муну ошол долбоор деп түшүнсөк болобу же бул башкабы?

Азамат Искенбаев: Бул күн нуруна негизделген станция. Мисалы, ал станцияны 300 МВт (мегаватт) кылып курганы жатабыз. Бул өзүнчө долбоор. Андан тышкары, компаниянын өзүнүн максаты бар. Ошолордун бирөөсү ‐ биздин өзүбүздүн күн паннелдер. Аныбыз биздин конкуренттердикине караганда 40 пайызга салмагы жеңил, бышык. ПАК 15% жогору болот. Аны орнотуу үчүн биринчиден өндүрүш ачышыбыз керек. Сертификациядан өтүшүбүз зарыл. Бул убакытты жана мээнетти талап кылат. Биз бир жарым, эки жылда Кыргызстандын эле эмес дүйнөлүк базарга чыгабыз деген чоң план бар. Бул бир жагынан алганда өзүбүздүн интеллектуалдык табылгабыз, долбоорубуз болуп саналат. Бир аз сырын ача кетейин. Жер кайда болбосун тартыш. Кенен болгон күндө дагы туура пайдалануу керек. Биз аз жерге көп жабдууну орнотууну, ал уулуган шамалга дагы туруштук бергидей, ийкемдүү түрүн ойлоп таптык. Ошентип жер бетинен бир канча метр бийиктикке күн панелин орнотуп, андан электр энергиясын алабыз. Аны менен эле чектелип калбай дал ошол панелдердин алдын дыйканчылык үчүн пайдаланып, сугаруунун дагы өтө мыкты түрүн камсыз кылабыз. Буюрса ал күн дагы келет. Бул биздин технология, убагы келгенде көрөсүздөр. Күн нуру өтө чоң ресурс, ал энергия, ал кызылдай акча, ал жаңы технология.

Адис: Технология өнүктү. Мурда бир лампочкага корогон энергия азыр он лампочкага жетет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адис: Технология өнүктү. Мурда бир лампочкага корогон энергия азыр он лампочкага жетет

Би-Би-Си: 300 МВт (мегаватт) деп калдыңыз. Ошону жөнөкөй окурманга түшүндүрө кетсеңиз. Бул көлөм менен орто эсеп боюнча канча турак жайды камсыз кылууга болот?

Азамат Искенбаев: 300 МВт бул аябай эле чоң кубаттуулук. Генерациясы 680-720 млн киловатт (кВт) саат. Салыштыруу үчүн айтсам Кыргызстан жылына 15 млрд кВт сааттын айланасында электр энергиясын өндүрөт. Бирок бул жетишсиз. Биз ошонун 700 млн кВт саатын чыгарсак бул аябай эле чоң кубаттуулук да. Буюрса эгерде каржылообуз үзгүлтүксүз болсо биз муну 6 айда бүтүрүп коё алабыз. Финансы жагынан биз инвесторго көз карандыбыз. Мындай чоң долбоорго ички инвестор жок.

Би-Би-Си: Эми Кыргызстандын табиятына келсек. Кыргызстандын табияты күндөн энергия алууга канчалык ылайыктуу?

Азамат Искенбаев: Кыргызстан боюнча жылына 2100дөн 3200 саатка чейин күндүн кубаттуулугу бар. Ошол кубаттуулук аябай бизге ыңгайлуу. Деңиз деңгээлинен 1600-1700 метр өйдө болгондуктан Ысык-Көлдү тандап алдык. Күн нурунун чагылышуусу дагы абдан кубаттуу. Ошол себептен генерация дагы көбүрөөк болот. Долбоорду жактап, чечмелеп келе жатабыз. Кудайга шүгүр азыркы энергетика министри өзү башынан бери колдоп келе жатат. Энергия холдинг бүт тараптан колдоого алды. Андан тышкары биз чоң ыраазычылыгыбызды президентибиз Садыр Жапаровго билдирет элек. Бул так өзүбүздүн иштеп чыгуучуларга, кыргызстандык компанияларга колдоо. Буга чейин такыр жылыш болбой жаткан. 

Би-Би-Си: Буга чейин Кыргызстанда чакан ГЭС кургандар “өндүрүлгөн электр энергияны сатып албай жатат. Кепилдик жок” деген сыяктуу көйгөйлөрдү айтып келишти. Сиздердин электр энергия өндүрүлүп чыга турган болсо, аны ким алат?

Азамат Искенбаев: Бул маселе чечилген. Энергетика министрлиги алат. Кепилдик кагазыбыз бар.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча 2022-жылдын 25-февралындагы көрсөткүч. Улуттук энергохолдингдин сайтынан алынды.

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча 2022-жылдын 25-февралындагы көрсөткүч. Улуттук энергохолдингдин сайтынан алынды.

Кыргызстан 2020-жылы 15 млрд кВт саат электр энергиясын пайдаланган. Калктын өсүшү менен энергияга суроо талап күн санап көбөйүүдө. Жеке ишкер Кундус Кырбашева быйыл шамалдан электр энегиясын алууга камынууда. Ал технология саат сайын өзгөрүп жатканын айтып, күн нуру жана шамал энергиясынан электр өндүрүү баардык жагынан чоң артыкчылык берет деп жатат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2022-жылдын февраль айынын этегинде 8.5 млрд кубдан дагы кемиген. Бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул маалына салыштырмалуу бир топ эле аз. Токтогул суу сактагычындагы суу 6 млрд кубдан төмөндөп кетсе техникалык жактан агрегаттар үчүн кооптуу деп саналат.