ЕБ орус газы боюнча Словакия менен бир айга созулган талаштан кийин Орусияга каршы жаңы санкцияларды бекитүүгө даярданууда

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейен Орусия ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөргө макул болмоюнча ЕБ басымды күчөтөт деп убада берди

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейен Орусия ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөргө макул болмоюнча ЕБ басымды күчөтөт деп убада берди
    • Author, Алексей Калмыков
    • Role, Би-Би-Си

Евробиримдик Орусияга карата жаңы санкциялар топтомун шаршемби күнү бекитүүгө үмүттөнүүдө. Бул макулдашуу күтүлгөндөн бир айга созулуп кетти. Себеби Словакиянын орусиячыл бийлиги Евробиримдиктин башка чечимдерине каршы чыгып жатат. Тактап айтканда, 2028-жылга чейин орус газынан толук баш тартуу сунушуна макул болбой, компенсация талап кылууда.

Санкциялардын кезектеги 18-топтому орус мунайын жана мунай өнүмдөрүн сатып алуучуларга жана ташуучуларга карата буга чейин киргизилген чектөөлөрдү дагы да күчөтөт. Ошондой эле орус банктарына жана Кремлге европалык санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берип жаткан Кытай менен Беларусиянын компанияларына каршы чараларды камтыйт.

Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн айтымында, негизги санкциялар мурунтан эле күчүндө. Ал эми бул топтомдун максаты — орус экономикасына болгон басымды дагы бир аз күчөтүү. Мунун менен ЕБ Кремлди согушту токтотууга же кур дегенде убактылуу токтотууга мажбурлоону көздөп жатат.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен санкциялардын 18-топтому менен тааныштыруу учурунда:

"Биз Орусияга болгон басымды күчөтүп жатабыз. Биздин максатыбыз айдан ачык: жок дегенде 30 күнгө толук жана шартсыз ок атышууну токтотууга чакырабыз", — деди.

"Орусия олуттуу сунуш менен сүйлөшүү үстөлүнө отурушу керек. Бирок азырынча буга даяр экенин көрсөткөн жок. Ошондуктан биз басымды мындан ары да күчөтө беребиз", — деп кошумчалады ал.

Словакия эмне үчүн каршы?

Санкцияларды мындан дагы күчөтө турган ыкма дээрлик калбай калды. Евробиримдик Украинага жардам көрсөтүп келген жылдар аралыгында дээрлик бардык мүмкүн болгон чектөөлөрдү колдонду. Эми колдо бар эң күчтүү эки "көзүр" калды. Биринчиси, орус газынан толук баш тартуу, экинчиси,

Европада тоңдурулган Орусиянын 210 миллиард евролук валюта резервдерин конфискациялоо.

Бирок бул эки чара тең Евробиримдиктин ичинде олуттуу каршылыктарга туш болуп жатат.

Санкциялар Еврокомиссия тарабынан сунушталып, биримдикке мүчө 27 өлкөнүн баарынын макулдугу менен гана кабыл алынат. Санкциялардын күчүн жарым жыл сайын узартуу маселеси жалпы добуш берүү аркылуу чечилет жана ар бир мамлекеттин вето коюуга укугу бар.

Мындай система маал-маалы менен Венгриянын позициясынан улам тоскоолдуктарды жаратып келет. Анткени Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Владимир Путинге ыктай турганын жашырбайт жана Украина бийлигине карата терс мамиледе.

Орбан да, Словакиянын орусиячыл премьер-министри Роберт Фицо да өз өлкөлөрүнүн экономикасына зыянын тийгизе турган санкцияларга каршы чыга турганын буга чейин бир нече жолу ачык айтышкан.

Фико – Путиндин Европадагы эң чоң эки күйөрманынын бири. Экинчиси - Орбан

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фико – Путиндин Европадагы эң чоң эки күйөрманынын бири. Экинчиси - Орбан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Баарынан мурда кеп орус газынан баш тартуу жөнүндө болуп жатат. Анткени Венгрия да, Словакия да ушул газдын эсебинен жакшы эле киреше таап келишет. Бул өлкөлөрдүн деңизге түз чыгуучу жолу жок, ошондуктан куур аркылуу келген арзан газдын ордуна суюлтулган газ сатып алуу алар үчүн чыгым жаратат.

Бул каршылыктарды айланып өтүү үчүн Евробиримдик башка ыкманы ойлоп тапты: санкциялар эмес, энергетикалык коопсуздукту коргоо максатында импортко карата акырындык менен соода чектөөлөрүн киргизүүнү көздөп жатат.

Мындай чаралар бардык өлкөлөрдүн макулдугун талап кылбайт, квалификациялуу көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Ошондой эле жарым жыл сайын эмес, бир жолу кабыл алынып, туруктуу күчүндө болот.

Азырынча Евробиримдикке мүчө өлкөлөр жана Европарламент тарабынан расмий бекитиле элек бул планга ылайык, кыска мөөнөттүү келишимдер боюнча 2026-жылдын 17-июнунан тарта орус газын импорттоого тыюу салынат. Ал эми узак мөөнөттүү келишимдер боюнча 2027-жылдын аягына чейин уруксат берилет, андан кийин токтотулат.

Ошондо эле Орусиядан суюлтулган газ сатып алуу да токтотулат. Бирок Венгрия менен Словакияга өзгөчө шарт түзүлдү: аларга кыска мөөнөттүү келишимдер боюнча 2027-жылдын аягына чейин орус газын сатып алууга уруксат берилди.

Бирок Словакия газ маселесинде вето укугунан ажыроого муюган жок, ошондуктан ал Евробиримдиктин 18-санкциялык пакетин бекитүүдөн баш тартты.

Муну менен Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Еврокомиссияга "эгерде менден таасир этүүчү бир куралды тартып алсаңар, мен башка жактан каршылык көрсөтүүгө даярмын" дегендей ишарат көрсөттү.

Шейшемби күнү Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Словакияны ынандыруу мүмкүн болгон жок.

Шаршембиде алар дагы бир аракет жасап көрүшөт.

Жаңы санкциялар топтомуна эмнелер кирди?

Орусиянын энергетика жана банк сектору — Евробиримдиктин 18-санкциялар пакетиндеги негизги бута.

Евробиримдик Балтика деңизинин түбү аркылуу өткөн "Түндүк агым" газ куурларынын төрт бутагын тең колдонууга тыюу салууну көздөөдө.

Бул куурлар Украинадагы баскынчылыкка чейин Орусия газын Германияга жеткирүүдөгү негизги каттам болгон. Бирок кийин Кремль газды Евробиримдикке каршы "курал" катары пайдаланып, куурду жасалма шылтоо менен бууп таштаган.

Андан кийин куур жардырылган, бирок төрт бутактын бирөө жабыркаган эмес. Путин аны кайра иштетүүнү бир нече жолу сунуштаган. Бирок санкциялар күчүндө турганда бул мүмкүн болбой калат.

Мындан тышкары бул жолу Евробиримдик Орусиянын "көмүскө" танкер флотуна карата чектөөлөрдү дагы күчөтөт. Ага кошумча

орус сырьесунан өндүрүлгөн мунайзаттарды импорттоого каршы чараларды кеңейтет.

Орусиялык мунай ташыган Eventin танкери январь айында Германиянын жээктеринде башкаруусун жоготкон. Март айында немис бийлиги жүктү да, Панама желеги илинген кемени да камакка алган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиялык мунай ташыган Eventin танкери январь айында Германиянын жээктеринде башкаруусун жоготкон. Март айында немис бийлиги жүктү да, Панама желеги илинген кемени да камакка алган

Санкциялардын 18-топтомунун алкагында дагы жыйырмадай орусиялык банк Европада жайгашкан эл аралык SWIFT төлөм системасынан ажыратылат. Мындан тышкары Евробиримдик SWIFTтен өчүрүлгөн бардык банктар менен каржылык операцияларды жүргүзүүгө толук тыюу салат.

Пакеттин үчүнчү бөлүгү — экинчи даражадагы санкциялар. Алар үчүнчү өлкөлөрдүн банктары менен компанияларына каршы багытталган. Евробиримдиктин пикиринде, булар Кремлге санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшүп жатышат.

Мунай баасына коюлган чектөөнүн кемчиликтери

Евробиримдик Орусия үчүн бир барелль мунайдын жогорку баасын 60 доллардан 45 долларга чейин түшүрүүнү да көздөп жатат. Бирок бул чечимдин кесепети бир нече себептен улам анча чоң болбойт.

Биринчиден, Евробиримдик азыр Орусиядан мунай да, мунай өнүмдөрүн да сатып албайт.

Мунай үчүн белгиленген жогорку баа чеги — бул орус мунайынын наркын белгилеген ыкма.

Эгерде Орусия мунайды дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө белгиленген баадан төмөн сатса, анда европалык компаниялар, мисалы, ташуучулар, камсыздандыруу компаниялары же банктар кызмат көрсөтө албайт. ЕБ буга тыюу салат.

Экинчиден, мунай баасынын чеги 2023-жылдын февралында "Чоң жетиликке" кирген өнүккөн өлкөлөр — АКШ, Улуу Британия, Германия, Франция, Италия, Канада жана Жапония, андан тышкары ЕБ жана Австралия тарабынан киргизилген.

Бул чаранын демилгечиси АКШ болгон. Анткени Ак үй Орусияга толук мунай эмбаргосу киргизилсе, баалар кескин көтөрүлүп кетет деп кооптонгон. Ошондуктан чек – бул чындыгында толук эмбаргонун шартын жеңилдетилген өзгөчө ыкма болчу.

Азыр АКШ президенти Дональд Трамп мунай санкцияларын күчөтүүдөн кайрадан баш тартты.

Европанын мунай баасынын чегин түшүрүү сунушун да колдогон жок. Өзгөчө Жакынкы Чыгышта – дүйнөдөгү эң көп мунай өндүргөн аймактарда согуш болуп жаткан шартта АКШда бензиндин баасы өсүп кетпеши керек деп эсептейт.

Израиль менен Иран убактылуу жарашып, ошол эле маалда ОПЕК+ уюму мунай өндүрүүнү көбөйткөндүктөн, нефтинин баасы төмөндөй баштады. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен буга байланыштуу учурдагы баа чеги өз маанисин жоготуп бара жатканын белгиледи:

"Биз жогорку баа чегин төмөндөтүү менен аны рынок шарттарына ылайыкташтырып жатабыз жана анын натыйжалуулугун калыбына келтиребиз. Орусия азыр деле кирешесинин болжол менен үчтөн бир бөлүгүн мунай экспортунан таап жатат. Биз бул киреше булагын жабууга милдеттүүбүз". (АА)