Америкада ФБРдин мурунку башчысына айып тагылды

Эгер Коминин күнөөлүү экени аныкталса, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эгер Коминин күнөөлүү экени аныкталса, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Американын Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) мурунку жетекчиси Жеймс Комиге Конгресске жалган көрсөтмө берип, акыйкаттыкка жолтоо болгон деген айып коюлду. Коми өзү мындай айыптоолорду четке кагууда.

Жеймс Коми президент Дональд Трамптын 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө анын штабындагы адамдардын Орусия менен байланышын иликтеген. Ага карата козголгон кылмыш иши кошмо штаттардын тарыхында ачылган биринчи иш болуп жатат.

Коми 2020-жылы Соттук иштер боюнча сенаттык комитетке 2016-жылы өткөн президенттик шайлоодо Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу көрсөтмө берген. Азыр ага ошол көрсөтмөнүн негизинде айып тагылууда. Американын баш прокурору Пэм Бонди "эч ким мыйзамдан улук эмес" деп, айып корутундусу кызмат абалын өз кызыкчылыгында колдонгондорду жоопко тартуудагы Акыйкат министрлигинин ниетин чагылдырарын айтты.

"Эгер Коминин күнөөлүү экени аныкталса, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн",- деди федералдык прокурор Линдси Халлиган. Бул прокурор Трамп тарабынан бир нече күн мурун эле кызматка дайындалган.

"Бул өлкөнүн маңдайына жазылган эң жаман адамдардын бири Жеймс Коми, ал ФБРдин паракор мурунку башчысы",- деп жазды Трамп Truth Social баракчасына.

"Ал биздин мамлекетке көптөн бери залал келтирип, эми акыры элибизге каршы кылмыштары үчүн жооп берчү күн келди", - деп жазды АКШ президенти.

Жеймс Коми өзүнө коюлган айыптоолорду четке кагууда. Ал коомдук сайттардагы баракчасына мындай деп жазды:

"Келгиле, соттук териштирүү өткөрөлү, жакшыдан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Акыйкат министрлигинин айынан жүрөгүм ооруп турат, бирок мен федералдык соттук системага ишенем жана менин күнөөм жок".

Трамп 2018-жылы Коминин орду түрмөдө деген эле. Анын алдында, бир жыл мурун Трамп Комини ФБР башчылыгынан бошоткон.

CNN Коми жума күнү бийликке багынып берерин жазды.

Ричмонд университетинин юристи Карл Тобиас бул жагдайга нормалдуу эмес деген баасын берди:

"Президент саясий душманым деп эсептеген конкреттүү адамдардын ысымын атап, аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ачык айтканы тынчсыздануу жаратат. Акыйкат министрлиги жана ФБРде буга чейин эгер адамдар олуттуу кылмыш жасабаса, аларды куугунтукка алуу өнөкөтү болгон эмес".