Палестина - Израиль: ХАМАСтын тамыры, максаты, союздаштары

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы кандуу жаңжалдан улам эки тараптан 2,5 миңдей адамдын өмүрү кыйылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

ХАМАСтын согушчан тобунун Израилге масштабдуу чабуулу эки тараптан тең эки миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

Ишембиде ХАМАС ортодо бөлүп турган дубалдын айрым жерлерин жардырып жиберген, андан соң топтун согушкерлери Газа тилкеси менен чек араны бойлой жайгашкан Израилдин конуштарына кирип барышкан.

Кол салуунун масштабы жана уюштурулушу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну өлкө согушта экенин жана ал "узак жана оор" болорун жарыялоого түрттү.

ХАМАС согушкерлери, Газа, 2017-жыл

Сүрөттүн булагы, CHRIS MCGRATH

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ХАМАС согушкерлери, Газа, 2017-жыл

Миңден ашуун адамдын өлүмүнө жооп иретинде Израиль Газа тилкесин массалык аткылоого алды. Ал эми бул кичинекей жер тилкесинде калк жыш жайгашкандыктан, анда каза болгон жөн жай палестиналыктардын саны да миңден ашты.

Согушкерлер туткунга алган жарадарларды, барымтадагыларды айтпаганда да, эки тараптан тең кары-картаңдар, аялдар жана жаш балдар өлдү.

Ошентип, Палестина-Израиль мамилесинде дагы бир кандуу мезгилди баштаган ХАМАС тобу деген кимдер?

ХАМАС кантип пайда болгон?

ХАМАСтын негиздөөчүсү жана руханий лидери Ахмед Ясин. Анын ден соолугу начар болуп, өмүрүнүн экинчи жарымын коляскада өткөргөн.

Сүрөттүн булагы, ROBERT NICKELSBERG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ХАМАСтын негиздөөчүсү жана руханий лидери Ахмед Ясин. Анын ден соолугу начар болуп, өмүрүнүн экинчи жарымын коляскада өткөргөн.

ХАМАС - “Харакат аль-Мукавама аль-Исламия” (“Ислам каршылык кыймылы”) уюмунун арабча аталышынын аббревиатурасы.

Топтун негиздөөчүсү жаш кезинде Каир университетинин англис тили бөлүмүнүн студенти болгон палестиналык динаятчы шейх Ахмед Ясин.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок аны англис тили жана адабияты гана эмес, исламдын радикалдуу чечмеленүүсү да кызыктырган.

ХАМАС Египеттин исламчыл “Мусулман агайындар” уюмунун палестин бөлүмүнөн чыккан. Аны негиздеген Ясин алгач Израиль 1967-жылдагы алты күндүк согуштан кийин басып алган Иордандын Батыш Жээгинде жана Газа тилкесинде окутуу жана кайрымдуулук иштери менен гана алек болгон.

Өткөн кылымдын 80-жылдары Израилге жигердүү каршы чыккан палестиналык ири уюмдардын бири Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму болгон. Бирок ал уюм палестиндердин арасында деле өзгөчө колдоого ээ боло алган эмес. Айрымдары аны чабал жана жетишерлик деңгээлде динчил эмес деп нааразы болсо, кээ бирлерин анын лидерлерин коштогон коррупциялык айыптар ирээнжиткен.

ХАМАС болсо негизинен динди биринчи орунга койгону үчүн ага толугу менен карама-каршы болгон. Палестин аймактарын бошотуу - күрөштүн негизги максаты эмес, калктын диний ишениминин бекемдөөнүн натыйжасы болушу керек эле.

1987-жылы ХАМАСтын негиздечүүсү Ясин Алты күндүк согуштан берки 20 жыл ичинде абал өзгөргөнүн жана “кудайдын эркинин” натыйжасы болгон жаңы реалдуулуктар пайда болгонун, ошондуктан өзүнө адеп-ахлакты жана башкаларга камкордукту камтыган күрөштүн өзгөчө түрү керектигин айткан. Ага ылайык “Мекен гана эмес, жан дүйнө да куткарылышы” керек болчу.

ХАМАС эмне үчүн күрөшүп жатат?

ХАМАС Израилди жок кылууну өзүнүн негизги максаты деп эсептейт, бирок ал 1967-жылдагы чек араларга “убактылуу” кайтып келүүгө даяр

Сүрөттүн булагы, MURTADHA RIDHA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ХАМАС Израилди жок кылууну өзүнүн негизги максаты деп эсептейт, бирок ал 1967-жылдагы чек араларга “убактылуу” кайтып келүүгө даяр

1988-жылы ХАМАС Израилди жок кылууга жана “тарыхый Палестинада” ислам мамлекетин курууга чакырган биринчи хартиясын жарыялаган.

“Ислам мурда башкаларды жок кылгандай Израилди да жок кылмайынча ал бар болот жана жашай берет ... Ислам каршылык кыймылы Палестина жерин исламий вакф (диний же кайрымдуулук максаттарында кайтарымсыз берилген мүлк), кыяматка чейин мусулмандардын келечек муундары үчүн ыйык деп эсептейт. Палестина - мусулмандардын муундары үчүн ыйыкталган исламий вакфтын жери”, - деп жазылган бул документте, жанжалды алгач тынчтык жолу менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү четке кагылган.

Бирок, мындай декларация "моралдык тазалыгына" карабастан, топтун тышкы дүйнө менен болгон мамилесин бир топ кыскартты.

2017-жылы ХАМАС жаңы документти сунуштады, анда ал алты күндүк согушка чейин белгиленген чек араларда өз мамлекетин түзүүгө "убактылуу" макул болгон, бирок дагы эле Израилди дипломатиялык мамиледе боло турган суверендүү мамлекет катары таануудан баш тарткан: “Израилди” түзүү толугу менен мыйзамсыз жана Палестина элинин ажырагыс укуктарына каршы келет, ошондой эле ... эл аралык конвенциялар тарабынан кепилденген адам укуктарын бузуу болуп саналат... (бул) сионисттик түзүлүштүн мыйзамдуулугу эч качан таанылбашы керек.”

ХАМАС менен кандайдыр бир мунасага келүү мүмкүн эместиги, бул топтун 1917-жылдагы Бальфур декларациясын тааныбаганы менен түшүндүрүлөт. Аталган декларацияда Британ өкмөтү расмий түрдө ошол кездеги Палестинанын аймагында, башка диний жамааттардын укуктары бузулбайт деген шарт менен жөөт мамлекетин түзүүнү колдоого убада кылган. Уюм ошондой эле 1990-жылдардагы Осло келишимдерин (эки мамлекетти: еврей жана палестин мамлекеттерин түзүү жана жанаша жашоо принциптерин аныктаган келишимдер) да тааныган эмес.

Топтун 1967-жылдагы чек араларды убактылуу таанууга даяр экендиги, мындай макулдашууларга жетишилген учурда да ал Израиль мамлекетин жок кылуудан баш тартат дегендикке жатпайт.

Жөөт мамлекетинин толугу менен жок кылуу үчүн күрөш тиешелүү келишимдерге кол коюлгандан кийинки күнү башталышы мүмкүн.

ХАМАС Газа тилкесинде бийликке кантип келди?

Газа тилкесиндеги кагылышуу, 2006-жыл. ХАМАСтын согушкерлери ФАТХтын тарапташтарын өлтүргөн, каза болгондордун жакындары унааларды өрттөшкөн

Сүрөттүн булагы, ABID KATIB

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газа тилкесиндеги кагылышуу, 2006-жыл. ХАМАСтын согушкерлери ФАТХтын тарапташтарын өлтүргөн, каза болгондордун жакындары унааларды өрттөшкөн

Бүгүнкү күндө Газа тилкеси (Жер ортолук деңизинин жээгиндеги кичинекей тилке, аянты болгону 365 км², анда эки миллиондон ашык адам жашайт) толугу менен ХАМАСтын көзөмөлүндө.

Бул уюм Осло келишимдерин тааныбагандыктан, 2006-жылга чейин саясий процесстерге таптакыр көңүл бурбай келген. Бирок 2006-жылы ал кандайдыр бир себептерден улам Палестин аймактарында жергиликтүү жана мыйзам чыгаруучу шайлоолорго катышууну чечкен.

Ошол кезде алардын бардыгы президент Махмуд Аббастын жана анын Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна кирген ФАТХ партиясынын көзөмөлүндө болчу.

Мыйзам чыгаруу кеңешинде ФАТХка караганда көбүрөөк орундарды алган ХАМАСтын күтүүсүз жеңиши Аббастын жактоочуларын гана эмес, ошол кезде ФАТХ менен кызматташууга болот деген көптөгөн чет элдик саясатчыларды бушайман кылды.

ФАТХ шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты жана улуттук биримдик өкмөтүн түзүү аракети ийгиликсиз болду. Анткени ФАТХ эл аралык аренада палестиндердин кызыкчылыктарын талашкан жападан жалгыз уюм катары каралышын талап кылган, ал эми ХАМАС андайга такыр макул болгусу келген эмес.

Мунун артынан эки тараптын ортосунда “Газа салгылашы” деп аталган кыска мөөнөттүү куралдуу кагылышуу башталып, 118 адам набыт болгон.

Натыйжада Палестина аймактары экиге бөлүнгөн: Батыш жээк толугу менен ФАТХ тарабынан көзөмөлдөнөт, ал өзүн палестиндердин жалгыз ыйгарым укуктуу өкүлү деп эсептейт, ал эми Газа тилкеси толугу менен ХАМАСтын көзөмөлүнө өткөн. Газа тилкесинде андан кийин шайлоо болгон жок.

Ошондон бери топтун согушкерлери Израиль менен төрт ири кагылышууга катышкан.

ХАМАС өзү же анын аскердик канаты (“Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары”) бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Израилде, АКШда, ЕБде жана Британияда террордук уюмдар катары таанылган.

Орусия ХАМАСты террордук топ деп эсептебейт, анткени ал Орусиянын аймагында иш жүргүзбөйт.

ХАМАС кантип аракеттенет?

Сүрөт 1995-жылы Тель-Авивде жанкечти автобуста өзүн жардырган, анда алты киши каза болуп, 50дөн ашууну жарадар болгон.

Сүрөттүн булагы, SVEN NACKSTRAND

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1995-жылы Тель-Авивде жанкечти автобуста өзүн жардырган, анда алты киши каза болуп, 50дөн ашууну жарадар болгон

ХАМАС “Осло келишимдерине” кол коюу менен аяктаган биринчи интифададан (ред. көтөрүлүш) (1987-1993) кийин дүйнө жүзү боюнө терс жагынан таанылган. Бул топ келишимдерди таануудан баш тарткан палестиналык эң ири уюм болгон.

Келишимдерди ишке ашырууга каршы күрөшүүнүн эффективдүү ыкмасы катары ХАМАС террордук чабуулдарды тандап алган, алар көбүнчө жанкечтилер тарабынан жасалган.

Экинчи интифаданын алгачкы жылдарында (2000-2005) көптөгөн палестиндер чабуулдарды жоготуулары үчүн өч алуу катары сыпаттап, палестиндер өз аймагы деп эсептеген Батыш Жээкте Израиль калктуу конуштарды куруп жатканы үчүн ал кол салууларды кубатташкан.

2004-жылдын март жана апрель айларында ХАМАСтын руханий лидери шейх Ахмед Ясин жана анын мураскору Абдул Азиз ар-Рантисси Израилдин Газа тилкесине ракеталык чабуул жасаганынан улам набыт болушкан.

ХАМАСты ким каржылайт?

Газага контрабандалык жүк ташый турган туннелдердин бири. ХАМАС аларга такай салык салып турган

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Газага контрабандалык жүк ташый турган туннелдердин бири. ХАМАС аларга такай салык салып турган

ХАМАС менен Иранды эмне байланыштырып турат?

ХАМАСты көптөгөн өлкөлөр, мисалы, Европа Биримдиги сыяктуу улуттар аралык уюмдар террористтик деп тааныгандыктан, ХАМАС расмий жардам ала албайт.

Тарыхка карасак, ХАМАСка каражаттын көбү чет өлкөлөрдө жашаган бай палестиналыктардан, ошондой эле Перс булуңундагы өлкөлөрдүн бай адамдарынан келген.

Социалдык муктаждыктар үчүн жардамдын бир бөлүгүн Батыштагы ислам кайрымдуулук уюмдары да жөнөткөн, бирок ХАМАС менен болгон мамилелери үчүн алардын айрымдарынын активдери тоңдурулган.

Газада экономика дээрлик жок. 2006-2007-жылдары Египет менен Израилдин биргелешип Газа секторун блокадага алышы, палестиндердин массалык түрдө көчүп кетишине себеп болгон. Бул мезгил ичинде анын бир миллиондон ашуун тургуну Газадан чыгып кеткени болжолдонууда.

Блокада башталгандан кийин көп жылдар бою ХАМАС Египеттин чек ара бекеттерин кыйгап өткөн туннелдердин татаал тармагы аркылуу ташылган товарларга салык салуу аркылуу киреше тапкан. Ушул эле туннелдерден азык-түлүк жана дары-дармектен тышкары курал-жарактар да жеткирилип турган.

Египет 2018-жылы гана Салах ад-Дин чек ара бекети аркылуу Газага айрым коммерциялык товарлардын киришине расмий түрдө уруксат бере баштаган. Бул товарлар ХАМАСтын лидерлери үчүн кирешенин ири булагы болуп калган: 2021-жылы алар Газага Египеттен келген товарларга салык салуу менен айына 12 миллион доллардан ашык акча чогултушкан.

Бирок бүгүнкү күндө ХАМАСтын эң чоң демөөрчүсү Иран болуп калды.

Тегерандагы миңдеген адамдар ХАМАСты колдоп чыккан демонстрация, 7-октябрь, 2023-жыл

Сүрөттүн булагы, FATEMEH BAHRAMI/ANADOLU AGENCY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегерандагы миңдеген адамдар ХАМАСты колдоп чыккан демонстрация, 7-октябрь, 2023-жыл

Ирандын ХАМАС тобу менен болгон мамилеси тууралуу көп нерсе белгисиз, бирок кайсы бир мезгилде алар абдан жакын болгон деп айтууга болот.

1990-жылдардын башында Ислам революциясынын сакчылар корпусу ХАМАСтын согушкерлерин каржылап, окутуп, куралдандырып турган. Мына ошондо палестиналык топ Тегеранда өзүнүн расмий өкүлчүлүгүн ачкан.

Бирок, ХАМАС Сириядагы жарандык согушта президент Башар Асаддын режимин колдоодон баш тарткан, андыктан 2012-жылдан 2017-жылга чейин каржылоо дагы, кызматташуу дагы үзгүлтүккө учураган.

Бирок 2017-жылы топтун лидерлеринин бири жана анын аскерий канатынын негиздөөчүсү Яхья Синвар "Иран менен мамилебиз эң сонун" жана "Иран ишенимдүү өнөктөш" деп айткан.

2020-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Иран ХАМАС менен Палестинанын “Исламдык Жихадына” жыл сайын 100 миллион доллардан ашык жардам берип жатканын билдирди.

Америкалык Wall Street Journal гезитинин билдирүүсүнө караганда, Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу өткөн аптада Ливандын борбор шаары Бейрутта өткөн жыйында ХАМАСка Израилге кол салууларды пландаштырууга жардам берген жана чабуулду баштоого макулдугун берген.

БУУда сөз сүйлөгөн Израилдин элчиси Гилад Эрдан Сирия менен Ливанда “Израилди курчап турган террордук топтордун башка лидерлери менен жолугушуулар болгонун, ошондуктан алар өз аракеттерин координациялаганын болжолдоо оңой. Ирандын биздин аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү бул өлкө менен аракеттерин координациялоого мүмкүн болушунча тырышышты.”

Бирок Ирандын БУУдагы өкүлү Тегерандын бул ишке тиешеси бар деген дооматтарды четке какты: “Биз Палестинаны катуу колдойбуз; бирок анын аракеттерине катыштыгыбыз жок, анткени бардык чечимдерди ал өзү гана кабыл алат”.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен америкалык аткаминерлер кол салуулардын артында Иран турганынын далилдерин көрө электигин, бирок бул өлкө Израилдин көптөн бери душманы болуп келгенин жана аймактагы жихадчыл топторду колдоп келгенин айтты.

Ирандын ролуна таасир этиши мүмкүн болгон факторлордун арасында Сауд Арабиясы менен Израилдин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча акыркы дипломатиялык аракеттер да бар.

Эгерде бул жөнгө салуу чындап ишке ашса (ал эми Газа тилкесиндеги жооп катары жасалган артиллериялык чабуулдарды жана жүздөгөн палестиналыктардын өлүмүн эске алганда, андай болуу дээрлик мүмкүн эмес), Израилдин башка араб өлкөлөрү менен мамилеси олуттуу түрдө жакшырышы мүмкүн.

Мындай келечек еврейлердин өлкөсүн жок кылууга расмий түрдө чакырып келе жаткан Иранга таптакыр туура келбейт.

ХАМАС менен Орусиянын мамилеси кандай?

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана ХАМАСтын саясий лидери Халед Машаль Москвада, 2007-ж

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана ХАМАСтын саясий лидери Халед Машаль Москвада, 2007-ж

ХАМАС тобу Орусиянын террордук уюмдардын тизмесине кирген эмес. Анын өкүлдөрү дайыма Москвага келип, орус жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турат.

Мындай сапар акыркы жолу 2023-жылдын март айында болуп, ХАМАСтын мүчөлөрү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов менен жолугушкан.

"Орус тарап БУУнун жана анын Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларынын негизинде Палестина маселесин адилеттүү чечүүнү колдоо боюнча өзгөрүлбөгөн позициясын ырастайт", — деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин ошол жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирүүсүндө.

Кошумчалай кетсек, ХАМАС Украина менен болгон согушта Россиянын тарабын алганы анык. “Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы АКШнын дүйнөдөгү үстөмдүгүн токтотууну жана дүйнөнү көп уюлдуу кылууну көздөйт. Бул бардык эзилген элдерге, биринчи кезекте америкалык гегемониядан эң көп жапа чеккен эл катары Палестиналыктарга пайдалуу. Ошондуктан, биз Орусиянын көп уюлдуу дүйнөнү калыптандыруу аракетин колдойбуз,” - деди ХАМАСтын Саясий бюросунун төрагасынын биринчи орун басары Муса Абу Марзук.

Бул билдирүүсүндө Марзук орус бийликтери сыяктуу эле Украинадагы согушту “атайын аскердик операция” деп атаганы маанилүү. (DO)