Газа тилкеси: АКШ согуштук кемелерин Израилге жакындатты

USS Gerald R. Ford учак ташыган кемеси аймакка багыт алды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, USS Gerald R. Ford учак ташыган кемеси аймакка багыт алды

АКШ бир учак ташыгыч кемесин, башка аскердик кемелерин жана учактарын Жер Ортолук деңизинин чыгышына жылдырып жатканын, ошондой эле Израилге кошумча жабдууларды жана ок-дарыларды берерин билдирди.

Мындай чечим Хамастын Израилдин түштүгүнө жасаган чабуулунан кийин кабыл алынды. Президент Байден аны “болуп көрбөгөндөй, үрөй учурарган чабуул” деп атады.

АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү каза болгондордун арасында бир нече америкалык жаран бар экенин билдирди.

Израил жети жүздөн ашуун адам өлүп, жүздөй киши барымтага алынганын кабарлады.

Палестин бийликтеринин айтымында, Газада төрт жүздөн ашуун адам Израилдин жооп иретиндеги аба соккуларынан кийин набыт болду.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин USS Gerald R. Ford учак ташуучу кемеси, бир ракеталык крейсер жана төрт ракеталык эсминец аймакка багыт алганын билдирди. Америка согуштук учактарды да жиберет.

Израилге кошумча аскердик жардам жакынкы күндөрдө жөнөтүлөт, деп билдирди Ак үй. Израилдин душмандары кырдаалды өз пайдасына колдонуп кетпеши үчүн АКШ кийлигишип жатканын кошумчалады.

Ирандын президенти Эбрахим Раиси ХАМАСтын чабуулун колдоорун билдирип, Израил аймакка коркунуч келтиргени үчүн жооп бериши керек деди.

ХАМАС чабуул Ирандын жардамы менен жасалып жатканын, ракеталар, дрондор жана параплан айдаган согушкерлер катышканын, жүздөгөн согушкерлер Израилдин Газа тилкесинин айланасындагы чептерин бузуп өткөнүн билдирген.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ Ирандын түздөн-түз кийлигишүүсү тууралуу далилдерди көрө электигин, бирок Иран Газада жайгашкан уюмга бир нече жылдан бери жардам берип келе жатканын айтты.

"ХАМАС, көп жылдар бою Ирандан келип турган колдоо болбосо ХАМАС болмок эмес. Биз Ирандын бул кол салуунун артында турганы же катышканы тууралуу түз далилдерди таба элекпиз. Бирок көп жылдардан берки колдоо ачык эле көрүнүп турат," - деди ал АКШ телеканалына.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Иран Израилге кол салууга тиешеси жок экенин айтканын Reuters агенттиги жазды.

Израилдин жооп иретиндеги аба соккуларына кабылган Палестин шаарлары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Израилдин жооп иретиндеги аба соккуларына кабылган Палестин шаарлары
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Блинкен ошондой эле расмий өкүлдөрдүн чабуул учурунда АКШ жарандары туткунга түшкөнү тууралуу маалыматтарды карап жатканын айтты.

"Бизде кол салуудан бир нече америкалык каза болду деген маалымат бар. Биз ал кабарларды текшерүү үчүн жигердүү иштеп жатабыз", - деди ал жекшемби күнү АКШ телеканалына. Башка өлкөлөр, анын ичинде Британия, Франция, Украина жана Таиланд да каза болгондор тууралуу кабарлашты.

Ал ABC телеканалына берген маегинде: “Бул массалык террордук чабуул, алар Израилдин карапайым тургундарын өз шаарларында, үйлөрүндө атып өлтүрүп, биз видеолордон көргөндөй, Газанын чек арасынан адамдарды сүйрөп баратышат.”

“Бул чабуулдун бүткүл Израилге тийгизген таасирин элестетип көрүңүз. Ал эми дүйнө бул нерселерди көрүп ачууланышы керек."

Жүздөгөн адамдар дагы эле дайынсыз болууда. Алардын арасында 23 жаштагы америкалык-израилдик Херш Голберг-Полин да бар, ал согушкерлер басып алган чөлдө өтүп жаткан музыка фестивалында болгон. Анын ата-энеси Jerusalem Post гезитине андан "Мен силерди сүйөм" жана "Кечиргиле" деген эки билдирүү алышканын айтышты.

Израилдин АКШдагы элчиси Майкл Герцог CBS News телеканалына Израилдин түштүгүндө уурдалган аскерлер менен жарандардын арасында америкалык жарандар да бар экенин укканын, бирок так маалыматы жок экенин айтты.

АКШ жакын союздашы болгон Израилге жыл сайын миллиарддаган доллар аскерий жардам жөнөтөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Израил АКШнын тышкы жардамын эң көп алган өлкө болуп калды.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израил менен Газадагы зомбулуктарды талкуулоо үчүн жакын арада Нью-Йоркто чогулат.