Сирия менен Ирактан кайткандарды катарга кошуу машакаты
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Согуш зонасынан кайтарылган балдар менен аялдарды реабилитациялап, эл катарына кошуу тажрыйбасын талкуулаган регионалдык конференция Бишкекте ишин баштады. Кыргызстандын өкмөтү март айында Ирактагы согуш зонасында жүргөн жарандарынын балдарын алып келип, алты ай реабилитациялык лагерде кармап, андан кийин жакындарына өткөрүп берди. Бирок алардын коомго, элге аралашып кетиши да оңой эмес, мамлекеттик жана коомчулук аткара турган дагы иш көп.

Сүрөттүн булагы, MFA.GOV.KG
Сирия менен Ирактагы согуштун кесепети Борбордук Азия өлкөлөрүнө да олуттуу сыноо алып келди. Бул региондон кеминде төрт миңден ашык адам согушкер-террорчулардын арасына барып кошулганы белгилүү. Алардын көбү кан күйгөн согушта ажал тапты, ал эми алардын аялдары менен балдары качкындар лагеринде кармалууда же түрмөгө барып түштү.
Борбордук Азия өлкөлөрү гуманитардык операция өткөрүп, Сирия менен Ирактагы өздөрүнүн жарандарын кайтарып алып келип, эл катарына кошуу боюнча аракеттерди көрүүдө.
Кыргызстан жыл башында Ирактагы качкындар лагеринен 79 баланы алып келген. Аларды интернатта алты ай кармап, реабилитациялык иш чаралар жүргүзүлгөндөн кийин туугандарына өткөрүп беришти.
"Мамлекеттик иш чаралардын планы бар. Анда ар бир мамлекеттик орган аткара турган милдеттер бекитилген. Ошого ылайык, ар бир мамлекеттик орган балдар менен иш жүргүзүп атат. Мисалы, аларды мектепке даярдоо боюнча өзүнчө иш болуп жатат, анткени алар мектеп программасынан калып калган. Мектеп курагындагы балдар мектепке барып атат, жеткинчектери бала бакчага барып атат. Кесиптик-техникалык лицейге барып аткандар да бар",-деди Кыргызстандын Социалдык коргоо министрлигинин кызматкери Маматисаева Гүльнара.

Сүрөттүн булагы, MFA.GOV.KG
Согуш зонасынан кайткан балдарды реабилитация кылуу, аларды диний радикалдык таасирдин чеңгелинен сууруп чыгуу бат эле бүтө турган жана оңой-олтоң иш эмес. Жарым жыл обочодо кармоо, таалим-тарбия иштери бул үчүн жетиштүүбү же жокпу деген дагы суроо бар.
Андан да оор жагы, мындай балдар элге аралашканда стигматизация деген дагы тоскоолдук бар. Алардын ким экенин укканда, эл арасында өгөйлөп же чочулаган мамиле болбой койбойт.
"Балдар келгенде убактылуу транзиттик борборго жайгаштырылган. Ал жерде балдар менен психологдор иштеген. Кайсы жерден келди, кандай болуп атат, анын баарын балдар түшүнүп атат. Стигматизациядан арылтуу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш жүргүзүп атат. Бирок, маселелер бар, ал оңой иш эмес. Коом дагы түшүнүп, туура кабыл алыш керек",-дейт Маматисаева Гульнара.
Кыргызстан гуманитардык операция менен өздөрүнүн жарандарынын балдарын Ирактан гана алып келген. Эми ошондой эле Сириядагы согушка кошулуп кеткен жарандары, алардын аялдары жана балдары бар. Алар менен байланыштагы адамдардын айтымында, Сирияда азыркы учурда төрт жүздөй кыргыз жараны, анын ичинде, аялдар жана балдар бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Көп жылдардан бери согуш оту жалындап, кан төгүлүп жаткан өлкөдө жихаддап ураан чакырып жүргөн жарандардын балдарын алып келүү иштин бир чети гана. Эми аларды эл-журтка, коомго тазалап кошуу өзүнчө оор иш. Эс тартып калган балдарга атасы же энеси ким экенин билүү, алардын мүшкүл таржымалы, элдин ар кандай суук кеп сөзү өзүнчө сокку болбой койбойт.
Ошондуктан Казакстанда Сирия менен Ирактан алып келинген балдардын аты, фамилиясын, туулган жерин өзгөртүп каттоого алууга энелерине уруксат берилген. Бирок буга макул болгондору, да буга көнбөй койгондору да болгон.
Кыргызстандын коңшулары Казакстан менен Өзбекстан дагы Сириядагы согуштук зонада калган өзүнүн жарандарын жана алардын балдарын алып чыгып кеткен. Казакстан региондо биринчи болуп үч атайын операция жүргүзүп, 189 чоң кишисин жана төрт жүздөн ашык баланы мекенине кайтарып алган. Алардын баары башында Актаудагы реабилитациялык борбордо болуп, өзүнчө топторго бөлүнүп, тийиштүү иштер аткарылган. Алардын ичинен 156 аял экени, анын жетөө кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кабарланган. Бирок көпчүлүк аялдар акыры өздөрүнүн үй-бүлөсүнө, туугандарына кайтып барган.
""Биринчиден, терең идеологиялык трансформация болгон адамды дерадикализациялоонун натыйжаларын Казакстан боюнча аныктоо кыйын. Казакстанда абдан амбициялуу максат коюлган. Жөн эле деактивация же болбосо экстремисттик идеологиядан кетүү эле эмес, эң оболу когнитивдик өзгөрүү болуш керек. А муну ишке ашыруу да, аны аныктоо да кыйын иш. Менин изилдөөмө караганда, Казакстанда репатрианттарды курчап турган социалдык чөйрө менен жеткиликтүү иш жасалган эмес, мисалы, Өзбекстанга салыштырмалуу. Өзбекстанда ушул жагына акцент жасалган",-дейт Казакстандагы Евразия университетинин профессору Юлия Шаповал.
Өзбекстан дагы "Мехр" деп аталган атайын операция менен Сириядагы жана Ирактагы жарандарын алып кеткен. Биринчи жолу 2019-жылы Дамасктан 156 адамды алып келишкен, анын ичинде 106 бала, 48 аял болгон.
Экинчи жолу Багдаддан 64 бала кайтарылган. Өзбекстандын өкмөтүнө гуманитардык операцияны ишке ашырууга Ирактын өкмөтү менен ЮНИСЕФ көмөк көрсөткөн.
Алып келинген балдардын айрымдарынын энелери террордук аракеттерге катышканы үчүн ар кандай мөөнөткө түрмөгө кесилген. Бирок алар өзүнүн балдарын мекенине алып кеткенге көнбөскө аргасы жок эле.
Бул бейкүнөө балдардын аталары согушта өлтүрүлгөн же дагы эле террорчулардын катарында согушуп жүрөт, же Сирия менен Ирактын түрмөсүндө отурат.

Сүрөттүн булагы, MFA.GOV.KG












