"Үй бузулбайт, президент көзөмөлүнө алды". Тешик-Таш базарынын жанындагы үй чыры

Алымбек Датка 484 дарегиндеги буздурулуп жаткан үй.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алымбек Датка 484 дарегиндеги буздурулуп жаткан үй.

Ош шаарындагы Тешик-Таш базарынын айланасындагы үйлөрдү бузуу иштери президенттин тапшырмасына ылайык токтотулду. Бул тууралуу 28-ноябрда Ош мэриясы билдирди. 25-ноябрда Ош шаарындагы Тешик-Таш базарынын жанында жайгашкан Алымбек Датка 484 дарегиндеги үй бузула баштаган. Бул окуяны Би-Би-Си чагылдырып, коомдо чоң талкуу жараткан.

Ош мэринин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы жашоочулар менен жолугушуп, үч күн мурда турак жайдын бузулган чатыры мэрия тарабынан калыбына келтириле турганын билдирген.

"Бул иш президентибиздин жеке көзөмөлүндө. Буйруса, акыйкат болуп, элдин пайдасына чечилет. Социалдык тармактарда "мэрия үйдү бузуп жатат" деген туура эмес маалыматтар тарап кетиптир. Жок, андай эмес. Үйүңүздөр бузулуп кете турган болсо, сиздерге башка үй бергенге деле даяр болчубуз. Мэр үй бөлүп беребиз, үй карагыла деп тапшырма берген. Үйдүн чатыры бузулган экен. Чатырын бүгүн кечке чейин калыбына келтирип беребиз. Үй эми бузулбайт, тынч уктай берсеңиздер болот", - деди Адилет Шаршеналы.

Мэриянын маалыматына караганда, бул үйлөрдү бузуу иштерине Ош шаарынын мэриясынын тиешеси жок.

25-ноябрда Ош шаарындагы Тешик-Таш базарынын жанында жайгашкан Алымбек Датка 484 дарегиндеги үй бузула баштаган. Бул - жеке ишкер Нуркул Шырдаков менен ушул аймакта жашаган 32 үй-бүлөнүн ортосундагы талаш үйлөрдүн бири болчу. Мындагы тургундар жерлеринин кызыл китеби бар экенин айтып келет.

Ал эми ишкер Нуркул Шырдаков жер "ага таандык экенин" билдирип, тургундар жана жергиликтүү бийлик менен соттошууда. Ал Ош мэриясынын аракеттерин сындап, прокуратурага арызданганын билдирди.

"Мен бүгүнкү окуя боюнча прокуратурага жаздым. Ош шаарынын биринчи вице-мэринин сөздөрү мыйзамсыз. Анын үстүнө вице-мэр баштаган бир топ адамдар менин жеке менчигимдеги мүлккө кол салышып, Конституциянын 15-беренесин бузду деп жаздым. Эч кандай документи жок, соттун чечими жок, өзүмбилемдик менен зордук-зомбулук көрсөттү деп жаздым", - Нуркул Шырдаков 28-ноябрда.

Талаштуу үйлөрдүн таржымалы

Ал эми Мухаммадюсуф Иминжанов - бузулуп баштаган үйдүн жашоочусу. Ал үйлөр бузулбайт деген чечим боюнча бийликке ыраазычылык билдирди.

Мухаммадюсуф эс тарткандан ушул үйдө чоңойгонун, үйдүн кызыл китеби бар экенин үч күн мурда Би-Би-Сиге айтып берген:

"Кыштын күнүндө каякка барам? Мен ушул документке ишенип жашабадымбы? Үйдүн кызыл китебин мага Ош шаарынын мэриясы, архитектурасы, мамлекеттик каттоо мекемеси берген. Бул - мамлекеттик документ. Үйлөр 2010-жылы өрттөнүп кеткен. Андан кийин бизге документти кайра калыбына келтирип беришкен. Жашаган үйүбүз ушул. Азыр болсо эскертүүсүз келип, баарын бузуп жатышат. Бул жагын көрдүңүз бузуп салышты."

Мухаммадюсуф Иминжанов үйүнүн кызыл китебин кармап турат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мухаммадюсуф Иминжанов үйүнүн кызыл китебин кармап турат.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Иминжанов бузулуп жаткан үйдө жалпы 13 адам баш калкалай турганын айткан. Ал эми сот аткаруучу Бүркүт Сабиров аталган үйдүн жашоочуларына буга чейин ыктыярдуу түрдө бузуу иштерин жүргүзүү боюнча эскертүү берилгенин билдирген 25-ноябрда:

"Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 2-июлундагы аткаруу барагынын негизинде Абдуллаев Иминжан Таваккилжановичтин үйү бузулуп жатат. Аткаруу барак бүгүнкү күндө күчүндө. Абдуллаев Иминжанга ыктыярдуу чечимди аткаруу үчүн сунуштар берилген. Өз ыктыяры менен аткарылбагандыгына байланыштуу бүгүн чечим мажбур түрүндө аткарылып жатат."

Тешик-Таш базарынын жанында жайгашкан 32 үй-бүлөнүн жеке ишкер Нуркул Шырдаков менен жер талашы 2019-жылы башталган.

Ишкер 1998-жылы Мамлекеттик мүлк фондунан азыркы Тешик-Таш базарында жайгашкан курулушу бүтө элек унивармагды аукциондон сатып алганын билдирүүдө. Кийинчерээк шаардык аткаруу комитети (азыркы мэрия) универмагга 2,4 гектар жерди пайдаланууга кошуп берилгендиги боюнча токтом чыгарып берилгендиги да айтылып келет.

Нуркул Шырдаков мамлекеттен убагында 32 үй-бүлөгө "кенемте төлөнүп, атүгүл, жер берилгенин", дээрлик 20 жыл аралыгында мамлекеттен сатып алган жерине ээ боло албай келгендигин билдирүүдө:

"Мен 1994-жылдагы мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү мыйзамынын негизинде 1998-жылы 9-ноябрда азыр бузулуп жаткан үйдүн жерин накталай акчага, коммерциялык багытта сатып алгамын. Мени менен Ош облустук Мүлк фондунун ортосунда №1567 сандуу сатып алуу жана сатуу келишими түзүлгөн. Сатып алган учурда ошол жерде 23 эски үй тургандыгы аныкталган. Ошондо биз "Бул үйлөр эмне үчүн турат?" дегенибизде: "Булар 1978-жылдын 24-январындагы шаардык аткаруу комитетинин 36-чечиминин 9-пунктуна ылайык, баары сүрдүрүүгө түшкөн, ошого байланыштуу буларга азыркы Он-Адыр аймагынан 41 жер участогу бөлүнүп берилген" деп айтышкан. "Аларга үй салуу үчүн 195 миң рубль кенемте төлөнүп берилген" дешкен. Бул жердеги жайгашып турган эски үйлөрдү бузуу иштерин Ош шаарынын архитектура башкармалыгы, капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүшү керек эле. Бирок канча жылдан бери өз жериме ээ боло албай келем. 2005-жылы революция болуп кетти. Анда токтотуп коюшту мени тура тур деп. 2010-жылы Ош шаарында улут аралык кагылышуу чыгып кетти. Ошондо дагы мени токтоп туруңуз, саясий маселелер чечилсин, анан бузуп беребиз дешти жергиликтүү бийлик. Анан мен 2019-жылы прокуратурага кайрылдым. Ал аралыкта 32 жаран менин жеке менчигимдеги жерге документ жасап алган экен бөлүп-бөлүп. Ошолордун ичинен мен толугу менен 16сын сотто утуп бүттүм. Ошонун ичинен 12си мамлекеттик каттоого алынды. 12сине мамлекет реестрден сиздин жериңиз, үстүндө турган курулуш сиздики деген документти алдым. Ошонун ичинен бүгүнкү күнгө карата бешөөнү буздум. Алтынчысы ушул. Эми дагы 10нун сотко берип койдум бирден-экиден кылып", - дейт Нуркул Шырдаков.

 Нуркул Шырдаков
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нуркул Шырдаков

"Бул жерлер 1999-жылы Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын токтому менен Н. Шырдаковго жеке менчикке берилип кеткен. Быйыл Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгы мэриянын ошол жылдагы токтомун токко чыгаруу боюнча сотко кайрылган. Ош облустук сотунун административдик соту тарабынан мэриянын 1999-жылдагы жеке менчикке берүү токтомун жокко чыгаруу чечими чыккан. Бирок Шырдаков бул чечимге макул болбогондуктан, бүгүнкү күндө иш экинчи инстанцияда каралууда" деп айтылат мэриянын 28-ноябрдагы маалыматында.

Ал эми 32 үй-бүлөнүн укугун коргоп келе жаткан Оштогу "Интербилим" уюмунун жетекчиси Гульгакы Мамасалиева Шырдаковдун айткандарын четке кагууда. Ал Шырдаков 32 жарандын үйү жайгашкан жерди эмес, ошол жайдагы универмагга ылайыкташкан жерди гана сатып алгандыгын, жарандардын үйү жайгашкан аймакты Ош мэриясы убагында Шырдаковго убактылуу пайдалануу үчүн атайын токтомдун негизинде бергенин айтууда:

"Интербилимдин юристтери алты жылдан бери ушул көчөдө жашаган жарандардын турак жайын коргоп келет. Айтса кетсек, жарандардын бүт документтери бар. Жада калса, булардын үйлөрү 2010-жылы өрттөнүп кеткенде Мамлекеттик дирекция үйлөрдү өз калыбына келтирип, документтерди толугу менен бүтүрүп берген. 25 жыл мурун жергиликтүү бийлик жеке ишкер Шырдаковко бул жерди универмаг куруу үчүн ажыратып берген. Учурда талаш болуп жаткан жашоочулардын жерин болсо ошол курула турган универмагдын айланасына автоунаа токтотуучу, жана жашыл аймак кылсын деп токтом чыгарып берет. Бирок, универмагды жеке ишкер курбаган соң, жарандарды көчүрүү жана компенсация берүү иштери аткарылган эмес. Кыскасы, универмаг курулбагандан кийин, бул жерлер өз ээлеринин карамагында калышы керек. Шырдаков 32 үй-бүлө менен соттошуп, айрымдарын соттон утуп алып, алардын турак жайын буздурууда. Бирок биз Ош мэриясы, архитектура менен бирге убагында жеке ишкерге убактылуу пайдаланууга берилген мамлекеттин жерин кайра кайтарып алууга аракет кылып жатабыз. Ошондуктан Шырдаковду сотко бергенбиз. Азыр соттун экинчи отурумунда жүрөт ал токтомду жокко чыгаруу иши. Эгер токтом жокко чыкса, Шырдаковдун 32 жарандын үйүн бузууга укугу жок болот."

Гульгакы Мамасалиева

Сүрөттүн булагы, Social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гульгакы Мамасалиева

Тешик-Таш базарынын жанында жайгашкан 32 үй-бүлө маселени адилеттүү чечип берүү үчүн бийликке кайрылып келет.

Ал эми ишкер Нуркул Шырдаков сот аркылуу 2,4 гектар жерди толук кайтарып ала турган болсо, ал жерге соода түйүнүн курууну көздөйт.